Бактылуу болуш үчүн канча акча керек? Окумуштуулар жооп табышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бакытты сатып алуу мүмкүн эмес" деген кеңири тараган сөздү көп эле уксаңыз керек. Бирок Американын окумуштуулары атайын изилдөө жүргүзүп, эмгек маянаңыз өскөн сайын, бактылуу сезим деӊгээли дагы жогорулаганын аныкташты.
Кызыгы, окумуштуулар дагы бир жагдайга токтолот (муну деле билсеңиз керек), канчалык көбүрөөк акчаңыз болсо, өзүңүздү ошончолук бактылуу сезесиз.
2010-жылы жүргүзүлгөн изилдөө АКШда жылына 75 миң доллардан көп маяна алган кишилер өзүн акчага карабай бактылуу сезет деп тапкан. Башкача айтканда, жылына 75 миң доллар маяна алган кишинин байлыкка болгон кызыгуусу жоголот.
Бирок Американын психология ассоциациясынын журналына жарыяланган жаңы изилдөө мындай чек жок экенин айтууда. Окумуштуулар 1972-2016-жылдар ортосундагы отуз жаштан жогору болгон кырк миң америкалыктын маалыматын колдонушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөө мурдагыга салыштырганда, азыркы заманда бакыт менен акча тыгыз байланып калганын тапты. Ошондо акчаңыз болсо, бакытты сатып алсаңыз болобу?
Окумуштуулар бул суроого жооп табуу үчүн изилдөөгө катышкандардын эмгек маянасы менен билим деңгээлин карашкан.
1970-жылдары АКШда жогорку билимдүү жана орто билимдүү тургундар өздөрүн бирдей бактылуу сезген. 2010-жылдан тарта жогорку билим алуу бактылуу сезүү үчүн чоң ролду ойной баштады.
Ушундай эле тенденция акчага дагы тиешелүү. Мурда эмгек маянасы аз болгону менен көп акча тапкан жаран өзүн бирдей бактылуу сезсе, учурда акча менен бакыт бири-бирине тыгыз байланып калды.
Анда отуз жылдын ичинде коомдогу баалуулуктар өзгөрүп, материалдык байлыкка басым жасалып калдыбы?
Бай менен кедейдин ортосундагы ажырым
Окумуштуулар муну бай менен кедейлердин ортосундагы ажырымдын чоӊойгону менен түшүндүрүшүүдө. 1970-жылдан бери байлар андан дагы байып кетти, кедейлер болсо мурдагыдан дагы жакыр жашап жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөөгө катышкан окумуштуу Жин Твенждин айтымында, бүгүнкү күнү компаниянын жетекчиси кадыресе кызматкерден 271 эсе көп маяна алат. 1978-жылдары ажырым отуз эсе аз болчу.
Изилдөөгө катышкан окумуштуу Жин Твенждин айтымында, бүгүнкү күнү компаниянын жетекчиси кадыресе кызматкерден 271 эсе көп маяна алат. 1978-жылдары ажырым отуз эсе аз болчу.
Ошондой эле мурда орто билимдүү адамга турак-жай сатып алуу, үй-бүлөсүн багууга маянасы жетиштүү болсо, азыр орточо маяна менен турак-жай сатып алуу мүмкүн эмес. Ушундай жагдайдан улам акчаңыз болсо, жеке көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк аласыз, өзүңүздү бактылуу сезесиз.
Андан тышкары бакыттын деңгээли үй-бүлөлүү жаран менен бойдок жүргөн кишиге дагы байланыштуу.
Буга чейин швед окумуштуулары өлкөнүн бир жарым миллион жашоочусуна байкоо салып, иликтөө жүргүзгөндөн кийин, балалуу кишилер жалгыз бойлорго караганда өзүн бактылуу сезип, узак жашайт деген тыянакка келишкен.
Эми америкалык окумуштуулар дагы дал ушундай тыянак чыгарышты. Акчадан тышкары үй-бүлөлүү, балалуу болгон кишилер өзүн бактылуу сезет.










