Манас шаарына республикалык макам эмне берет?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
Жалал-Абад облусунун борбору Манас макамын өзгөртүүгө даярдык көрө баштады. Жергиликтүү депутаттар шаардын облустук деңгээлдеги статусун республикалык кылып өзгөртүү жөнүндө сунушту колдошкону маалым. Демилге эми Жогорку Кеңеште каралып, референдум аркылуу иш жүзүнө ашуусу мүмкүн. Шаарга өзгөчө статус ыйгарылса, дагы кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
Лавдан-Кара конушунун тургундары соңку кездери аймакта өзгөрүүлөр болуп жатканын айтышат. Сузак районуна караган айыл бир жыл мурун эле ал кездеги Жалал-Абад, азыркы Манас шаарынын курамына кошулган. Эми болочоктогу республикалык маанидеги үчүнчү шаардын бир бөлүгү болгону турат.
"Шаарга кошулгандан бери конушубуз өтө тездик менен өнүгүп, мурда жылдап чечилбей келген маселелер чечиле баштады. Биздин балдар 70-жылдардын аягында салынган эски имаратта окушчу. Ал мурда пахта кабыл ала турган жай болгон экен. Азыр эки кабаттуу, 500 орунга ылайыкташкан жаңы мектеп салынып жатат. Жолдорубузга асфальт төшөлүүдө. Биз айылдык эмес шаардык болуп калдык. Республикалык маанидеги шаар деген макам алсак, мындан дагы жакшы өзгөрүүлөр болот деп күтүп жатабыз ", – деди Манас шаарынын тургуну Гүлбара Товалдиева.
"Манас республикалык шаар макамын алганга бардык жактан ылайыктуу"
Эки жыл мурун башталган административдик-аймактык реформанын алкагында Жалал-Абад облусунун азыркы Манас шаарына Таш-Булак айыл өкмөтү, Лавдан-Кара жайгашкан Ырыс айыл өкмөтү жана Барпы айыл өкмөтүнүн эки айылы кошулган. Натыйжада шаардын калкынын саны көбөйгөн. Бул республикалык деңгээлдеги шаар макамын алууга бирден бир өбөлгөн түзүп жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да четке какпайт.
Манас шаарынын депутаттары 24-октябрда кезексиз жыйынга чогулду. Анда калаага республикалык шаар макам ыйгаруу жөнүндө курултайчылардын сунушу колдоо тапкан.
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жергиликтүү депутаттарга жолдогон катында мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ, өндүрүшү, социалдык инфратүзүмү өнүккөн, калкынын саны 250 миң адамдан кем болбогон калктуу конушту республикалык маанидеги шаар категориясына которсо болорун белгилеген.
Манас шаарынын калкынын саны расмий түрдө 184 миң адамды түзөт.
Бирок бул республикалык макамды алууга жолтоо болчудай эмес.
"Мыйзамга ылайык, өзгөчө учурларда калкынын саны азыраак, бирок администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган жана жакынкы келечекте калкынын саны көбөйүп, экономикалык өсүш боло турган калктуу конуштар тийиштүү маанидеги шаарлар категориясына киргизилиши мүмкүн", – деп жүйөө келтирди Манас шаарынын мэри.
Жергиликтүү бийлик Манас шаары бул критерийлерге төп келип жатканын билдирүүдө.
Маселен, 2020-жылы шаардын бюджети 435 миллион сом болсо, бул көрсөткүч 2025-жылы 1 миллиард 200 миллион сомдон ашкан.
Быйыл эле бир нече ири объект курулуп бүттү:
- Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Манас шаарынын мэриясынын жаңы имараты пайдаланууга берилди,
- Жалпысынан 1 миң 224 батирден турган "Асман-1", "Асман-2" жана "Асман-3" ипотекалык турак жайлары курулду,
- Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн 75 орундуу кошумча имараты ачылды,
- Манас шаарында "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун окуу-машыгуу жайы курулду,
- Манас шаарында өлкөдөгү алгачкы бокс академиясы курулду.
Мэр Эрнисбек Ормоков Би-Би-Сиге курган маегинде бул чек эместигин, ушул тапта дагы ири долбоорлор ишке ашып жатканын, Манас республикалык шаар деген макамды алууга бардык жактан ылайыктуу экенин белгиледи:

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Манас шаары жайык жерде жайгашкан. Айдоо жерлерин трансформация кылганга да, социалдык объектилерди салганга да ыңгайлуу. Мына, Манас шаарында президенттин "Акылман" лицейи курулууда, заманбап филармония жана музей салынып жатат. Эл аралык аэропорттун курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары 5200 орундуу спорт сарайы курулууда, облустук ооруканада тик учак конуучу жайы менен 7 кабаттуу заманбап имарат салынууда. Жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборуна заманбап жаңы имарат курулууда. Кыргызстанда алгачкылардан болуп Манас шаарында реновация иши башталды. Эскилиги жеткен 100дөн ашык объект түрттүрүлүп, анын ордуна заманбап 15 кабаттуу ипотекалык турак жайлардын курулушу башталды".
Мэр Манаска республикалык шаар макамы ыйгарылса, өкмөткө облустун ортомчулугу эмес, түз кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, инвесторлорду тартууга жакшы жол ачыларын белгилейт.
Кантсе да Кыргызстандын бир катар шаарлары сыяктуу Манаста да инфраструктурага же экологияга байланыштуу чечилиши керек болгон маселелер жок эмес. Соңку жылдары бул шаарда кышкысын ыш-түтүн каптаган учурлар да катталып жүрөт. Мындан тышкары Кыргызстандын экономикасына салымы жагынан Манас шаары Бишкек жана Ошко салыштырмалуу дагы далай жолду басышы керек.
"Манас өлкөнүн административдик борбору болуп калышы мүмкүн"
Ошентсе да урбанист Атай Самыйбек жакынкы жылдар аралыгында Манас өлкөнүн административдик борбору болуп калышы мүмкүн деген пикирлерге кошулат.
Анын айтымында, өлкө казынасынан тарыхта болуп көрбөгөн ири каражат бөлүү, шаарга Манас ысымын ыйгаруу, андан кийин республикалык макам берүү аракети жөн жерден эмес. Атай Самыйбек жергиликтүү бийлик жогорку жетекчиликтин тапшырмасын аткарып жатканын, өзгөчө статус ыйгарылгандан кийин Манас шаарын дагы өзгөрүүлөр күтүп турганын белгилейт:
"Шаарга республикалык макам ыйгарылса, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, өнөктөш мамлекеттердин консулдуктары ачылышы мүмкүн. Аэропорту салынып жатат, ички эле эмес, бара-бара тышкы аба каттамдары уюштурулат. Инвестиция тартуу боюнча бөлүмдөр иштей баштайт. Республикалык бюджеттен дагы көбүрөөк акча алып калат".
Эми сунуш мыйзам долбоору түрүндө иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна, андан соң президенттин кол коюусуна жөнөтүлүшү керек.
Өлкө Конституциясынын 14-беренесине ылайык, Бишкек жана Ош шаарлары гана республикалык маанидеги шаарлар болуп саналат.
Азыркы бийликтин демилгелерин кубаттап жүргөн саясатчы Феликс Кулов Манаска өзгөчө макам референдум жолу аркылуу ыйгарылышы ыктымал экенин фейсбуктагы баракчасында билдирди:
"Анткени Конституцияга ылайык, Баш мыйзамдын биринчи бөлүмүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор кеминде 300 миң шайлоочудан кем эмес элдик демилге, же президент, же Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын үчтөн экиси тарабынан сунушталып, президент тарабынан дайындалган референдум аркылуу гана кабыл алынат. Менимче, элдин биримдигин, патриоттуулугун жана улуттук сыймыгын даңазалаган улуу баатырдын ысымын облустук маанидеги эмес, республикалык маанидеги шаар алып жүрүшү керек".
Бул шаарга байланыштуу демилгелер соңку мезгилде өтө тездик менен бир добуштан колдоо таап жатат.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Быйыл 3-сентябрда мэр Эрнисбек Ормоков шаардык кеңешке калаанын ысымын өзгөртүүнү сунуштаган. Эки күн өтпөй, 5-сентябрда мыйзам долбоору коомдук талкуунун бирдиктүү порталына илинген. Ал эми 10-сентябрда документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында колдоо тапкан.
Шаардык кеңештин депутаттары андан көп узабай, 27-сентябрды Манас шаарынын күнү деп белгилөө чечимин кабыл алышкан. Бул дата УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин туулган күнүнө дал келген.
Кийинчерээк Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев шаардын макамы өзгөрөрүн, болочокто борбор болуп калышы мүмкүн экенин да айткан:
"Саясатчылар буга чейин Манас шаары борбор болуп калышы мүмкүн деп айтып жатышпадыбы. Аны келечек көрсөтөт. Биз ошого татыктуу болсок, эмне үчүн болбойт? Кудай кааласа, болот. Ага татыктуу болушубуз керек. Бул үчүн шаарыбызды даярдашыбыз керек. Элибизди даярдашыбыз керек".
Мурдагы Жалал-Абад, азыркы Манас – Кыргызстандагы үчүнчү чоң шаар. 1877-жылдан бери шаар деген макамга ээ. Ал эми 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору катары аныкталган.
Бишкекке республикалык шаар деген макам 1994-жылы 14-декбарда, Ошко 2003-жылы 11-июнда ыйгарылган.












