“Экономикасы жок криптовалюта менен байып кетүүнүн жалгыз жолу – карапайым элди алдоо”

Соңку жылдары Кыргызстанда криптовалютага кызыккандардын саны арбып баратат. Өлкөдө криптовалютанын бир нече түрү дагы пайда болду. Айрымдар криптовалюта сатып алуу менен бир топ пайда тапканын айтып жатышса, тескерисинче болгон мүлкүн салып коюп банкрот болдук дегендер дагы жок эмес.

Криптовалюталар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Криптовалютанын жүздөгөн түрү бар

Bitcoin - дүйнөгө кеңири тараган алгачкы криптовалюта. Аны мыйзамдуу төлөм каражаты катары кабыл алган өлкөлөр дагы бар. Ал тургай Microsoft сыяктуу айрым дүйнөлүк компаниялар Bitcoin’ду төлөм каражаты катары кабыл аларын билдирген.

Bitcoin адеп негизделгенде баасы бир нече цент болсо, 2021-ж. ноябрь айында анын долларга болгон курсу 67 миңден ашкан. Учурда бир Биткойн 38 миң доллардан бир аз ашык турат. Криптовалюта тармагында аны XXI кылымдын алтыны деп дагы атап келишет.

Бирок криптовалютанын баары эле Bitcoin эмес. Учурда сунушталып жаткан криптовалюталардын түрү көп. Эгер Bitcoin криптовалюталардын доллары десек, жаңыдан пайда боло калып жаткан криптовалюталардын көбүн курсу туруксуз, сатып алганга тобокелдүү, жаңы пайда болуп жаткан өлкөлөрдүн валютасы катары караса болот.

Биткойндун долларга курсу

Сүрөттүн булагы, rbc.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биткойндун долларга курсу

Салган акчамдын ордун тургуза албай калдым

Бексултан Айдарбеков криптовалюта деген сөздү мындан он жыл мурун Казакстанда иштеп жүргөндө биринчи жолу уккан. Ошол учурда казактар ага Bitcoin тууралуу маалымат берип, сатып алууну сунуштаган.

“100 доллардан 4 даана Bitcoin алып кой дешти. Ал кезде 100 доллар чоң акча эле. Анын үстүнө виртуалдык акча тууралуу түшүнүгүм жок болгондуктан кооптондум. Сатып алуудан баш тарттым. Бирок Bitcoin кийин өтө популярдуу болуп кетти”,- деди ал.

Бексулсан мындан бир нече ай мурун жергиликтүү криптовалюта тууралуу угуп калат. Аны сунуштагандар бул криптовалюта келечекте баасы кыйла жогорулайт дешкен. Ал айдап жүргөн унаасын, банктагы акчаларын 12 доллардан баалап алмаштырып жиберген. Анысы аз келгенсип, Россияда иштеп жүргөн туугандарын дагы бул тармакка тарткан.

“Биз оңой пайда тапканды жакшы көргөн калкпыз да. Үйдө жатып эле байыгыбыз келет. Санарип акчаны киреше табуунун жеңил ыкмасы катары ойлогом. Анын үстүнө Bitcoin сыяктуу баасы өсүп кетсе өкүнүп калбайын дедим. Бирок жыйынтык жакшы болгон жок. Киреше тапмак түгүл, киргизген каражатымдын ордун тургуза албай калдым. Мен аркылуу сатып алган кишилер дагы тынчсызданып жатышат. Өзүмдөн мурда алар үчүн көбүрөөк кабатырмын”, - деди Бексултан.

Криптовалютаны эч ким жөндөбөйт

Криптовалюта – өлкөнүн борбордук банкы чыгарган валюталар сыяктуу көзөмөлдөөчү орган тарабынан жөнгө салынбайт. Ага эч ким кожоюн боло албайт. Криптовалюта кимдир бирөөлөр аркылуу көзөмөлдөнбөйт жана басылып чыгарылбайт. Дүйнөдө криптовалютанын саны жүздөп саналат. Эң эле кеңири тараган Bitcoin, Ethereum сыяктуу саналуу гана түрү бар.

Бул тармакты жакшы билген адис Даниил Вартанов, криптовалютадан этият болууга чакырат. Ал Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө жаңы гана негизделген криптовалютадан оолак болуу керек дейт. Аныны айтымында, криптовалюта чыгаруу өтө татаал деле иш эмес.

Даниил Вартанов

Сүрөттүн булагы, Даниил Вартанов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Даниил Вартанов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Кыргызстанда “криптовалюта” деп чыгарып андан пайда көрүүнү көздөгөн көп эле мисалды билем. Аны ким негиздесе, ошолор тарабынан көзөмөлдөнөт. Ошол кишилер тарабынан жөнгө салынат. Кыскасы алар каалаганын кылат. Мындайды өз көзүм менен көргөм”, - деди ал.

Вартановдун айтымында, криптовалютанын биржага кирүүсү чоң деле мааниге ээ эмес. Алар үчүн биржалардын талаптары жөнөкөй болушу ыктымал. Маселен, криптавалюта жетиштүү деңгээлде активдүү кыймылда болуп турса, же колдонуучулардын саны тиешелүү бир нормадан жогору болсо кабыл ала берет.

“Сиз сурап жаткан криптовалюта тууралуу конкреттүү эч нерсе айта албайм. Бирок дүйнөдөгү эң ири деген криптовалюталарга атаандаш боло алчу кандай инновациялык артыкчылыктарга ээ? Маселен, Кыргызстан өзүнүн Интернетин ойлоп тапты деп коелу. Бирок аны менен Twitter, Telegram, Facebook жана башка ушул сыяктуу социалдык тармактарга кире албайсың. Анда анын эмне кереги бар? Бул жерде ошондой эле кеп болуп жатат”,- деди Вартанов.

Криптовалютаны келечекке инвестиция катары санабаш керек. Вартановдун айтымында, андан байып кетем дегендердин 90 пайызы уттуруп коет. Ал криптовалютанын ыкмасын жакшы өздөштүрбөй туруп от менен ойнобоого чакырат. Ал каражатты доллар, евро же алтын менен сактап коюу көбүрөөк пайда алып келет деген пикирде.

“Тарыхта криптовалютанын аркасы менен байып кеткендер бар. Бирок биз ал бактылуулардын арасына кирбейбиз, ал мүмкүн эмес. Ошончолук эле криптовалюта алгыңыз келип жатса, алгач аны ийне жибине чейин изилдеп чыгыңыз. Эч болбосо Bitcoin, Ethereum сыяктуу дүйнөгө кеңири тараган криптовалюта алыңыз. Бирок өтө ири сумманы тобокелге салбаңыз”.

Адистердин айтымында, кандай гана акча бирдиги болбосун, анын келечеги экономикадан көз каранды. Маселен, долларга болгон суроо-талап жогору. Анткени дүйнө жүзүндө соода-сатык, кызмат көрсөтүүлөр доллар менен жүргүзүлөт. Bitcoin дагы дүйнөнүн айрым мамлекеттеринде төлөм каражаты катары колдонулат.

“Экономикасы жок криптовалюта менен байып кетүүнүн жалгыз жолу – карапайым элди алдоо”, - деди Вартанов.

Улуттук банк сак болууга чакырат

Ал ортодо Улуттук банк финансы пирамидасынын алдамчылык схемаларынан алыс болууга үндөгөн маалымат таратты. Анда виртуалдык активдерге жамынып, шылуундук кылгандар арбып жатканы айтылат. Маалыматка ылайык, соңку учурда интернет, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу криптовалюта сыяктуу сөздөрү колдонгон айрым активдерди сатуу өтө көп сунушталып жатат. Алар кыска убакыт аралыгында пайда көрүүгө үндөгөн чакырыктарды камтыйт. Өлкөнүн башкы финансы уюму жарандарды шектүү уюмдарга инвестиция салуудан алыс болуп, бардык ишке кылдаттык менен мамиле жасоону сунуштайт. (VO)