Ментордон кеңеш: АКШ университеттеринде стипендия алып, акысыз окуса болот

Колумбия университети

Сүрөттүн булагы, gsas.columbia.edu

Бул макалада биз бакалавр программаларына стипендия алуунун жолдорун айтып беребиз. Америка Кошмо Штаттарындагы университеттерде бекер билим алуу жок, бирок кандайдыр бир жолун таап кээ бир студенттер толук же болбосо жарым-жартылай камсыздаган финансылык жардам менен окуп келе жатышат. Дүйнөнүн эң алдыңкы университеттерине стипендия менен өткөн жана CisCo educational services мекемесинин ментору Айбийке Кубаныч кызы бизге баалуу маалыматтарын бөлүштү.

Америкадагы университеттерде акысыз билим алуу жок, бирок финансылык жардам же болбосо окуунун контрактарын төлөөгө стипендиялар бар. Акысыз билим алуу кээ бир Европа өлкөлөрүндө бар. Америкада финансылык камсыздоо башкача системалаштырылган. Америкадагы университеттерде финансылык жардамдын эки түрү бар:

1. Америкадагы университеттерде бекер окууга жолдомо алуунун негизги жолу – бул академиялык стипендияны алуу (англ: Meris based scholarships). Академиялык стипендиялар көп университеттерде бар, жакшыраак түшүнүктүү болуу үчүн мисалдарды келтире кетсем, University of California - Berkeley, Georgia Insitute of Technology, Boston university, Carnegie Mellon university, Duke university, New York University(NYU), University of Chicago, University of Rochester ж.б. университеттер. Ошондой эле кошумча катары дагы Private Merit Scholarships жөнүндө дагы айтсам болот. Мисал катары, Билл Гейтс жылына айти тармагындагы 300гө жакын студентке өзүнүн фондунан финансылык каржылоо көрсөтөт. Дедлайн убактары жылда өзгөрүп турушу мүмкүн жана ал стипендияга тапшыруунун өзүнүн критерийлери дагы бар. Маселен мектептеги баалары 4-5 (мамлекеттик стандарттык балл менен алганда) жана башка критерийлер. Былтыркы жылдын кабыл алуу убактары 15-июлдан 15-сентябрга чейин өттү. (https://www.thegatesscholarship.org/scholarship).

2. Экинчи варианты – бул финансылык жардам алуу (Financial Aid). CSS-profile же болбосо Financial Aid profile – бул эл аралык (америкалык эмес) студенттерге финансылык жардамды алуунун бир түрү болгон программа. CSS-profile документинин негизинде университет кандай көлөмдөгү сумманы жардам берүүнү чечет. Ал документти тапшыруудан мурун, абитуриент кайсы университеттерди тандаганын тактап алуу керек болот, себеби кээ бир университеттерде бул финансылык жардамдын түрү каралган эмес. Документ негизги анкета башка порталда толтурулат. Бир университетке жөнөтүү 25$ америкалык долларын түзөт, андан кийинки жөнөтө турган ар бир университетине 16$ кошуп төлөйт. Кандай документтер керек болот:

- үй-бүлөсүнүн бир жылдык кирешеси жана чыгымдары (декларация);

- ар бир үй-бүлөнүн мүчөсүнүн тапкан кирешеси;

- кыймылсыз мүлктөрүнүн суммасы;

- эгерде жеке бизнеси бар болсо, ошол боюнча дагы жазуу керек болот. Бул макалада негизги нерселерди айтып өтөбүз, иш жүзүндө башка кошумча маалыматтар дагы суралышы мүмкүн. Бул документти толтурууда абдан кылдат мамиле жасоо керек. Себеби маалыматтар туура толтурулбаса, университет финансылык жардам көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул финансылык жардамга мисал кылып Гарвард жана Стэнфорд университеттерин мисал келтирсе болот.

Ушул эки финансылык жардамдын түрлөрү тең 10-100% чейин финансылык жардамды бере алат. Ошондой эле стипендиялардын эки түрү да болот, full ride scholarships жана full tuition scholarships. Full ride scholarships – окуунун контрагынан тышкары (Америкада топ университеттердин контрагы орто эсеп менен 50000$ тегерегин түзөт) стипендия абитуриенттин жашаган жерин, тамак-ашын, соц.страховкасын дагы камсыздайт, кээ бир университеттер ал тургай жаңы чыккан макбук дагы алып берет. Ал эми full tuition scholarships – студенттин контрагын гана жаба алат, калган бөлүгүн өзү жапканга туура келет.

Бул финансылык жардамды алуу өтө татаал болгон процесс. Мисалга алсак, Гарвард университетине 2021-2022-жылкы кабыл алуусуна университетке өтүү коэффициенти (acceptance rate) 3.1% түздү, башкача айтканда 100 талапкерден 3 гана абитуриент кабыл алынды. Өтүү коэффициентинин жылдан жылга азайып жатканы – бул рыноктогу талап жогору экенин дагы көрсөтүп турат. Стипендияларды берүү үчүн бир нече талаптарга көңүл бурулат:

1) SAT тестинин жыйынтыгы. SAT тести required (милдеттүү) болгон талаптардын бирөөсү болчу. Бирок пандемия башталгандан кийин университеттер аны optional (баллды жөнөтпөсө дагы болот) кылып коюшту, бул абитуриенттерге бир топ жеңилдиктерди алып келди. Бирок 2022-23 жылынан баштап кээ бир университеттер талап кылып баштады, мисалы Massachusetts Institute of Technology: MIT. (https://mitadmissions.org/apply/firstyear/tests-scores/#:~:text=We%20have%20updated%20our%20testing,first%20year%20and%20transfer%20students.)

2) Тил боюнча TOEFL(IBT)/IELTS/Duolingo тесттеринин жыйынтыктары. Рекомендация болгон балл көпчүлүк учурда TOEFL: 100, IELTS: 7.5, Duolingo 125.

3) Мугалимдер тарабынан рекомендациялык эссе (көпчүлүк учурда 2 мугалимден сурайт)

4) Мыкты деңгээлде жазылган personal statement essay.

5) Мектептен тышкаркы болгон ийримдер, мисал катары волонтерлукту жана жеке өзүнүн долбоорлорунун үстүнөн иштөөлөрдү келтирсек болот.

6) Мектептеги сабактардан эң жогорку баалар.

7) Күчтүү портфолио.

Эгер сиз окуп аткан кызыктуу жана пайдалуу болуп аткан болсо, жогоруда көрсөтүлүп кеткен тесттерге кантип даярданып, жогорку баллдарды кантип алса болот, ага кийинки макалаларда токтолуп өтөбүз. Мисалы, мен TOEFL тестине бир айдын тегерегинде даярданып, 103+ баллга жете алдым.

Эгерде сиз абитуриент болуп жана сиздин максатыңыз Америкадагы топ университеттерге өтүп, ошол жактан билим алуу болсо, анда менин кеңешим, өзүм билемдик кылбай, ушул тармакта тажрыйбасы бар мыкты компанияга же менторлорго кайрылуу керек.

а) Сиз документтерди туура эмес толтуруп алышыңыз мүмкүн, ушул катачылыктын айынан көп убакыт бою даярданган мээнетиңиз текке кетип калышы ыктымал.

б) Сиз күчтүү кандидатсыз дейли, туура документ толтурсаңыз дагы, бирок өз потенциалыңыздын деңгээлинде университеттин кабыл алуу комиссиясына жеткирчү нерслерди жеткире албай калышыңыз мүмкүн.

в) Компания менен же жекече ментор менен даярдануу сизге кымбат болушу мүмкүн, бирок билимге болгон инвестиция эселеп – эселеп кийин кайтып келет. Убагында мен ушундай менторлорго муктаж болдум, жол көрсөтө турган адам табуу кыйын болду. Ошол себептен улам мен кийинчерээк менторлукту хобби катары алып кетүүнү дагы чечтим, кийинки муундарга жардам көрсөтүү максатында.

Командабыз менен биргеликте жазган макалабыз пайдалуу болду деген үмүттөмүн, эгерде финансылык жардамга тапшыруу боюнча суроолор боло турган болсо, акысыз консультацияларды алсаңыздар болот.

Азим Исмаилов, Чикагодогу Иллинойс университетинин студенти.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азим Исмаилов, Чикагодогу Иллинойс университетинин студенти.