АКШ соту Техас штатына мигранттарды кармап, түрмөгө салууга уруксат берди

АКШга бараткан мигранттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШга бараткан мигранттар

Бернд Дебусманн, BBC News, Вашингтон

АКШнын Жогорку Соту Техас штатына мигранттарды кармап, түрмөгө отургузууга уруксат берди.

АКШнын Жогорку Соту Техас бийлигине акыркы мезгилде кабыл алынган эң катаал иммиграциялык мыйзамдарын бирин колдонууга уруксат берди.

Ал полицияга Мексиканын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген адамдарды кармап, жоопко тартууга мүмкүндүк берет.

Ак үй бул мыйзамды Конституцияга каршы келет деп атады.

АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү федералдык кылмыш болуп саналат, бирок адатта иштер жарандык мыйзамдарга ылайык иммиграция сотторунда каралат.

Техастагы SB4 мыйзамынын ушунчалык талаш жараткан себептеринин бири соттор буга чейин өлкөнүн иммиграция мыйзамдарын жеке штаттар эмес, федералдык өкмөт гана аткара алат деп чечкен.

SB4 жергиликтүү полицияга чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген адамдарды токтотууга жана камакка алууга укук берет. Жаза катары эркинен ажыратуу же 2000 долларга чейин айып пул салуу каралган.

Жо Байдендин администрациясы мигранттарды кармоону сындады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жо Байдендин администрациясы мигранттарды кармоону сындады

Америка Кошмо Штаттарынан депортациялангандан кийин Техас штатына мыйзамсыз киргендер үчүн жаза өтө катаал болот — адамдын иммиграция тарыхына жана кылмыштуулугуна жараша 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жогорку Сот шейшембиде жаңы чара Жаңы Орлеандагы апелляциялык сот анын мыйзамдуулугун карап жатканда күчүнө кириши мүмкүн деп чечти. Ага чейин өлкөнүн жогорку соту SB4 ишин убактылуу токтоткон.

Жо Байдендин администрациясы бул чечимди кескин сынга алды.

"SB4 Техастагы жамааттарды коопсуз гана кылбастан, ал укук коргоо органдарына оорчулук келтирип, түштүк чек арабызда хаос менен башаламандыкты жаратат", - деп айтылат Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьердин билдирүүсүндө.

АКШ менен Мексиканын чек арасындагы мигранттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ менен Мексиканын чек арасындагы мигранттар

Ошол эле учурда Техас штатынын прокурору Кен Пакстон Жогорку Соттун чечимин Байдендин администрациясына жана Американын жарандык эркиндиктер биримдигине (ACLU) каршы “чоң жеңиш” деп атады.

"Ар дайымкыдай эле, Техасты жана анын эгемендүүлүгүн коргоп, бизди сотто жеңишке жеткиррүү мен үчүн сыймык" деп жазган ал X социалдык медиада.

ACLU "бул экстремалдык антииммигрантттык мыйзам акыры жокко чыгарылмайынча артка чегинбей турганын" билдирди.

SB4 Федералдык өкмөттүн чек араны коргоо ыйгарым укуктарын жокко чыгаруудан тышкары, Мексика менен болгон мамилеге зыян келтириши мүмкүн, деп эскертти АКШнын юстиция министрлиги.

Иш Жаңы Орлеандагы бешинчи райондук апелляциялык соттун үч судьядан турган коллегиясына кайтарылат. Жеңилген тарап кайрадан Жогорку Сотко кайрылууга мүмкүнчүлүк алат.