Америкада эки кыргыз каза тапкан кырсыктын чоо-жайы, Мексика аркылуу жолдун азабы
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Reuters
Америкада каза тапкан кыргызстандыктар тууралуу ар кандай такталбаган маалыматтар тарап жатат. Мындан улам чоң жолдогу кандуу окуя боюнча турдүү пикирлер айтылууда. Би-Би-Си окуянын чоо-жайын тактап, АКШдагы кыргызстандыктардын ал-абалынан кабар алуу үчүн Кыргызстандын америкадагы элчиси Бакыт Аманбаев менен кенен маектешти.
Би-Би-Си: Элчи мырза, эки кыргызстандыктын өлүмү менен аяктаган окуянын чоо-жайы боюнча маалыматты тактай алдыңызбы?
Б. Аманбаев: Филиадельфияда биздин эки жарандын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул жекшемби күнү түнкү саат 3:19да болгон. Биздин кыргызстандык атуулдар эки авто унаа менен бара жатыптыр. Биринчиси Prius унаасы экен. Артындагысы Honda үлгүсүндөгү унаа болгон. Тактоо иштери жүрүп жатат.
Американын полиция кызматкерлеринин алдын ала берген маалыматына караганда, алдыда бара жаткан унаа кандайдыр бир себептер менен токтогон. Бузулуп калышы мүмкүн. Аны ээрчип келе жаткан бала дагы токтогон. Америкада High way (жогорку ылдамдыкта айдоого уруксат берилген жол) жолунда четине токтой турган аянтчалар болот. Бирок алар токтогон жерде андай аянтча болгон эмес. Ошондуктан алар токтотууга мажбур болгондуктан авариялык белгилерин жандырып токтотушкан.
Ошол учурда алардын артынан абдан катуу ылдамдыкта келген машина буларды урган. Экөөнү тең урган, экөө тең ошол жерден каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын жарандарынын организминен эч кандай алкоголдук ичимдиктин калдыктары табылган эмес. Тескерисинче артынан келген автоунаанын айдоочусунан ичимдиктин калдыктары аныкталган. Түнкүсүн жол дээрлик бош болгон, азыр териштирүү иши жүрүп жатат.
Би-Би-Си: Маркумдардын сөөгү медициналык толук кароодон өттүбү, Кыргызстанга жөнөтүлөбү?
Б. Аманбаев: Биздин мекендештер менен атайын топ түзүлүп, ушул иштин баары такталып жатат. Мында сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү тууралуу маселени айтып жатам. Бул чечиле турган иш, жеткирүүдө мамлекеттин атайын колдоосу дагы бар.
Би-Би-Си: Сонку жылдары виза аркылуу, гринкард менен андан сырткары өтө кооптуу делген Мексика аркылуу Америкага агылгандардын саны көбөйдү. Америкадагы жалпы кыргызстандыктардын саны боюнча эсеп барбы?
Б. Аманбаев: Анын так саны эч кимде жок. Себеби эч жерде катталбайт. Элчиликте дагы мындай ыйгарым укук жок, каттаганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Американын тартип коргоо кызматтары дагы муну каттабайт экен. Ошондуктан так маалымат айтуу кыйын. Болжол менен 40-50 миңдин айланасында кыргыз атуулдары бар деген маалыматыбыз бар. Айрыкча Илинойс штатында мекендештерибиз аябай көп, башка штаттарда да көп. Ошондуктан саны ушундай деп болжогонго төп келет го.

Сүрөттүн булагы, CBP/REUTERS
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Кыргызстандан АКШны көздөй агылган миграциянын динамикасы кандай болуп жатат?
Б. Аманбаев: Кыргызстандан келип жаткан атуулдардын саны көбөйүүдө. Айрыкча соңку эки жылда бул тенденция абдан өсүп жатат. Биз иликтеп көрсөк, көбүнчө Орусиянын аймагынан келип жатышат. Себеби Орусия менен Мексиканын ортосунда визасыз режим экен. Ошондуктан орусиянын жарандыгын алган кыргыз атуулдары ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып Мексикага кирип, анан Американын аймагына өтүп жатат. Бул Орусияда соңку жылдары түзүлгөн кырдаалга байланыштуу болууда.
Би-Би-Си: Америкадагы айрым блогерлер, Америкадагы жашоону абдан оңой, өтө кирешелүү сүрөттөп, элди ого бетер кызыктарып жатат. Ошондон улам кызыгып барып алгандар дагы көп деп калышат. Мындай пикир канчалык негиздүү?
Б. Аманбаев: Бул жакка келгендер чыныгы жашоону көрүшөт. Бул жакта чыныгы базар экономикасы, базар экономикасына негизделген коом. Бул жерде ар бир адамдын элине, үй-бүлөлүк мамилеси, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында баардыгында базар мамилеси. Бул жагы Кыргызстандыкынан толугу менен айырмаланат. Жакшы жашайм десең иштешиң керек. Кыргызстандагыдай болуп айылда иши жок жашасаң да болот деген бул жакта жок. Ошондуктан бул жакка келгенде кыйынчылыкка кабылгандардын көпчүлүгү ушундан улам болуп жатат.
Экинчиден, Америка – зор мүмкүнчүлүктүн өлкөсү деп айтылат эмеспи. Ошондон улам келип жаткандар да бар. Чоң ишкерлерге, чыныгы бизнесмендерге, талантууларга мүмкүнчүлүк кеңири. Себеби мыйзам так иштейт. Мамлекттик институттардын натыйжалуу иштешине толук шарт бар. Эч кандай коррупциялык механизм жок. Ошондуктан биздин атуулдардын арасында ийгиликке жеткендер да көп.
Бул жакка келип эле жыргап калат экенбиз, долларларды жөн эле иштеп табат экенбиз деген чындыкка туура келбеген маалымат. Бул жакка келүү үчүн жок эле дегенде бир кесиптин ээси болуш керек. Мисалы электрик, сантехник же медицина кызматкери болуш керек. Болбосо кара жумуштарда иштеп кыйналышат.
Би-Би-Си: Мүмкүнчүлүктөр абдан кеңири деп калдыңыз, ошону өз көзүңүз менен көрүп жаткан элчи катары сиз кыргыз бийлигине кандай сунуштарды берип жататсыз?
Б. Аманбаев: Муну биздин жетекчилик билет. Экономиканы көтөрүү, элдин турмушун оңдоо боюнча конкреттүү пландар менен иштеп жатат. Мен аны колдойм. Чындыгына келсек, өнүгөбүз десек өнүккөн өлкөлөрдөн үйрөнө турганыбыз абдан көп. Айрыкча мыйзамдуу негиздерди түзүүдө, же болбосо экономика, институттардын иштешин жакшыртабыз, структуралык реформа кылабыз десек биз өнүккөн өлкөлөрдөн тажрыйба алышыбыз керек. Америка менен Кыргызстандын ортосунда кызматташа турган мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Ошону толук пайдаланышыбыз керек.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Би-Би-Си: Ошол мүмкүнчүлүктөр канчалык пайдаланылып жатат?
Б. Аманбаев: Башкасын коюп билим берүү тармагын айталы, азыр дүйнө IT технология, Nanotechnology, жасалма интеллект деп багыт алды. Биздегидей юрист, экономисттерди пачкалап-пачкалап даярдаган заман өткөн. Келечекти карасак балдарыбызды алдыңкы өлкөлөрдө, өзгөчө Америкада окутушубуз керек. Келечек балдардын колунда. Ушул мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонуубуз зарыл. Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги дагы эки тараптуу мамилеге көз карашы жакшы, түшүнүү менен карап жатат. Кыргызстандыктар үчүн жакшы жаңылык - визанын мөөнөтүн он жылга чейин узартты. Бул абдан жакшы.
Би-Би-Си: Буга чейин "Мексика аркылуу бара жаткан кыргызстандыктардын кичинекей кызы сууга агып кетиптир. Аны казакстандык жаран көрүптүр, чын-бышыгы такталып жатат" деди эле. Ошол окуянын аягы эмне болду?
Б. Аманбаев: Бул маселени тактап көргөнбүз. Ошол маалыматты берген адам дагы башка кишиден уккан имиш. Көрдүңбү, муну өз көзү менен көргөн киши жок. Кыргызстан чакан өлкө. Эч убакта бир нерсени жашырып коё албайсың. Биз тактадык, бул айрым журналисттердин кезектеги ушагы болгон деп билдик. Чынында оор кыйынчылыктар менен келип аткандар бар. Бул турган иш.
Би-Би-Си: Мексика аркылуу баруу өтө чоң тобокел, мыйзамсыз иш болсо аны токтотуу үчүн эмне кылуу керек?
Б. Аманбаев: Муну токтотуу үчүн үч нерсени кылыш керек. Биринчиден, мунун мыйзамсыз жана кооптуу экенин мамлекеттик деңгээлде түшүндүрүү зарыл. Өмүрүңөр тобокелде, кылмыштуу топтордун торуна түшүп калбагыла деш керек. Экинчиден, Мексикада иш жүргүзүү үчүн элчиликтин өкүлчүлүгү ачылганы оң. Болбосо ал жакка кирип бара албайбыз. Үчүнчүдөн, мамлекттер аралык мамилени жакшыртуу керек. Ушул боюнча каттарды жазып, кайрылып, жообун күтүп жатабыз.







