Литва Беларустан учурулган гелий шарларына кабатыр

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си
Жекшембиде Литва Вильнюс аэропортун, ошондой эле Беларус менен чек ара өтмөктөрүн убактылуу жабууга аргасыз болду. Аба майданы бир жуманын ичинде ушуну менен төртүнчү жолу жабылууда. Мындай чечимге Литванын аба мейкиндигине гелий шары деп болжолдонгон объектилер киргенден кийин кабыл алды.
Жекшембиде Литва Вильнюс аэропортун, ошондой эле Беларус менен чек ара өтмөктөрүн жапты. Аба майданы бир жуманын ичинде ушуну менен төртүнчү жолу жабылууда. Мындай чечимге Литванын аба мейкиндигине гелий шары деп болжолдонгон объектилер киргенден кийин кабыл алды.
Литва гелий шарларын тамеки ташыган аткезчилер учуруп жатканын билдирип, ошол эле маалда бул практикага бут тоспогону үчүн Беларустун президенти Александр Лукашенкого да жоопкечилик жүктөп жатат.
Вильнюстагы аэропорттун иши жекшемби күнү саат 21:42ден дүйшөмбү күнү саат 03:40ка чейин токтотулганын LRT мамлекеттик телеканалы билдирди.
Убактылуу чектөөлөр дээрлик 50 каттамга таасирин тийгизди: 13 каттам токтотулду, 14 каттамдын багыты өзгөрдү жана 20сы кечигип учууга мажбур болду. Айрым бир каттамдар Каунаска, Варшавага жана Ригага багытталды.
Өткөн аптада да Вильнюс аэропорту шейшемби, жума жана ишемби күндөрү, ал эми ага чейин 5-октябрда жабылган. Мындан тышкары, бир жолу Каунас аэропортунун иши токтотулган. Ар бир жолу өлкөнүн аба мейкиндигине гелий шарлардын учуп кириши себеп болгон.
Бул убакыт ичинде аэропорттун жабылышы 95ке жакын каттамга жана дээрлик 14 миң жүргүнчүгө таасирин тийгизди.
Литванын Чек ара кызматы маалымдагандай, Беларус менен чек ара Улуттук коопсуздук боюнча комиссия өзүнчө чечим кабыл алынганга чейин "белгисиз мөөнөткө" жабык бойдон кала бермекчи.
"Болжол менен саат 22:10до Беларустан Литванын аба мейкиндигине шарлар учуп киргенине байланыштуу Мядининкай жана Шальчининкай өткөрмө бекеттери аркылуу транспорттун жана адамдардын кыймылы убактылуу токтотулду", — деп маалымдады кызмат.
Буга чейин да гелий шарлары учуп киргенине байланыштуу бийлик Беларус менен чек арадагы жер үстүндөгү өткөрүү пункттарын да убактылуу жапкан, бирок эртең менен автоунаалар өткөрүлө баштаган.
Литва Беларус менен айрым чек ара бекеттерин жаап, чек арага физикалык тосмо орнотуп, аны коргоону күчөткөндөн кийин метеозонддор аткезчилик жол менен тамеки ташуунун эң популярдуу ыкмаларына айланды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кризистик кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Вилмантас Виткаускастын айтымында, гелий шарларынын бул агымы быйылкы жылдагы эң интенсивдүүлөрүнүн бири болуп калды.
Бул окуялардын фонунда Литванын президенти Гитанас Науседа Калининградга транзитти чектөө жана Беларус менен чек араны узагыраак мөөнөткө жабуу маселесин кароону сунуштады.
"Президент акыркы күндөрдөгү окуяларды жана аэропорттордун ишинин үзгүлтүккө учурашын Литвага каршы гибриддик чабуул катары баалайт. Бул чабуулга симметриялуу да, асимметриялуу да жооп кайтарылууга тийиш", - деди жекшемби күнү Науседанын кеңсеси.
Дүйшөмбү күнү эртең менен премьер-министр Инга Ругинене Литва Беларус менен чек арасын белгисиз мөөнөткө толугу менен жабуу тууралуу чечимди кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Анын айтымында, чектөөлөр дипломаттарга жана дипломатиялык почталарга, ошондой эле Беларуска кирүүгө уруксаты бар Литва менен Евробиримдиктин жарандарына гана жайылтылбайт.
"Мындай жол менен биз Беларуска белги жиберип, бул жерде эч кандай гибриддик чабуулдарга жол берилбей турганын, биз мындай чабуулдарды токтотуу үчүн катаал чараларды көрөрүбүздү айтабыз", - деди өкмөт башчы.
Ругинененин айтымында, дүйшөмбүдөн тарта Литванын армиясы гелий шарларын атып түшүрүү үчүн "бардык чараларды, анын ичинде "кинетикалык чараларды" да көрөт". Ал эми өкмөт ушул аптада Кылмыш-жаза кодексине аткезчилик үчүн "эң катаал жазаны" сунуштаган түзөтүүлөрдү карайт. (ZMa)















