Орусия "Буревестникти" сынап көргөнүн айтты. Ракета 14 миң чакырымга учканы айтылууда

Сүрөттүн булагы, Kremlin
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-Би-Синин аскердик баяндамачысы
Орусия жетекчилиги 21-октябрда өзөктүк энергия менен иштеген "Буревестник" аттуу канаттуу ракетасын сыноодон өткөргөнүн ырастоодо. Бул сыноолорго даярдык жүрүп жатканы жай айларында эле байкалган. Көпчүлүк эксперт ракета август айынын соңунда сыноодон өтөт деп күтүшкөн.
Ракетанын сыноосу тууралуу президент Владимир Путинге Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов маалымат берген. Анын айтымында, "Буравестник" асманда 15 сааттан ашык учуп, ошол убакта 14 миң чакырым аралыкты басып өткөн. Герасимовдун айтымында, бул чек эмес.
Башкы штабдын жетекчисинин маалыматына караганда, ракета алыс аралыктагы, катуу корголгон объектилерди да так бутага алганга кудуреттүү.
10-октябрда Владимир Путин Орусияда жаңы курал пайда болгонун айткан. Көпчүлүк байкоочулар президенттин бул сөздөрүн дал ушул "Буревестник" ракетасына тиешелүү болушу мүмкүн деп чечмелешкен.
Бул билдирүү АКШ Украинага 1500 чакырымдан ашык аралыкка уча турган Tomahawk канаттуу ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жаткан маалда жасалган.
6-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп Украинага ракета берүү маселеси боюнча "кандайдыр бир мааниде чечим кабыл алганын" билдирген. Бирок АКШ президенти менен Украина лидери Ак үйдө жолугушкандан кийин мындай чечим тууралуу расмий билдирүү болгон жок.
"Буревестник" тууралуу Владимир Путин биринчи жолу 2018-жылдын 1-мартында Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда сөз кылып, ал стратегиялык куралдардын бири экенин айткан.
Путин анда "Буревестник" менен катар "Кинжал" ракетасы, "Сармат" баллистикалык ракетасы, "Авангард" планери жана суу алдында жүрүүчү "Посейдон" өзөктүк торпедасы жөнүндө да айткан.
Бул куралдардын ичинен азырынча расмий түрдө "Кинжал" аэробаллистикалык ракетасы гана Украинадагы согушта колдонулуп жатат.
Сыноолор боюнча расмий тастыктоо жок
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2025-жылдын 26-октябрына карата көз карандысыз байкоо миссиялары ракетанын сыноодон өткөнүн расмий түрдө тастыкташа элек.
Flightradar24 кызматынын маалыматына караганда, радиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү америкалык Boeing WC-135R Constant Phoenix учагы сыноо өткөн күнү, андан мурун жана кийин да АКШ аймагында болгон.
Бул учак абадагы радиоактивдүү заттарды аныктоо үчүн колдонулат. Эгер WC-135R кандайдыр бир аймакта байкоо жүргүзсө, бул АКШ өкмөтү ал жерде радиацияга байланыштуу окуялар болушу мүмкүн деп шектенип жатканын көрсөтөт.
Август айынын соңунда "Буревестник" ракетасынын сыноосу болот деп күтүлгөн учурда америкалык радиологиялык көзөмөл учактардын бири Балтика деңизине жакын аймакта нөөмөттө турган.
Путин 2018-жылы Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда бул ракета тууралуу: "Бул өтө кубаттуу, бирок чакан өзөктүк энергетикалык түзүлүш. Ал биздин жаңы Х-101 ракетасына же америкалык "Томагавкка" окшош канаттуу ракетанын корпусуна орнотулат", – деп айткан.
"Буревестник" ракетасынын түзүлүшү тууралуу так маалыматтар азырынча белгисиз. Бирок айрым адистердин айтымында, эгер ракета өзөктүк реактор менен иштесе, анын иштөө процесси учурунда атмосферага радиоактивдүү бөлүкчөлөр чыгышы мүмкүн. Бул из аркылуу ал сыноодон өткөнүн байкоого болот эле.

Сүрөттүн булагы, Kremlin
Новая Земля полигону
Ракета кайсы жерден учурулганы, кайсы багытта учканы жана кайда кулаганы тууралуу расмий маалымат берилген жок.
Август айынын башында массалык маалымат каражаттарында жана коомдук сайттарда сыноолорго даярдык жүрүп жатканы тууралуу талкуулар күчөгөн. Ал мезгилде байкоочулар Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу полигондор жайгашкан Новая Земля архипелагындагы "Рогачево" аэродромунда активдүү аракеттер күчөгөнүн белгилешкен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
9-августта Strategic Control телеграм-каналы тараткан маалыматка ылайык, Новая Землядагы "Рогачево" аэродромуна бир нече аскердик-транспорттук учактар жана тик учактар конгон.
13-августта Reuters агенттиги Новая Землядагы "Паньково" сыноо полигонундагы өзгөчө активдүүлүк тууралуу кабарлаган. Агенттик менен маектешкен адистер бул кыймыл-аракеттерди ракеталык сыноолорго даярдык катары баалашкан.
Өтө алыс аралыкка уча турган ракета
9М730 "Буревестник" (НАТОнун классификациясы боюнча — SSC-X-9 Skyfall) — бул канаттуу ракета.
Анын кыймылдаткычы катары чакан өзөктүк реактор колдонулат, бирок ал кандай иштейт, так маалымат жок.
Кандай болгон күндө да өзөктүк кыймылдаткыч ракетанын учуу аралыгын кыйла узартууга мүмкүндүк берет.
Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовдун айтымында, сыноо маалында ракета "бардык вертикалдык жана горизонталдык маневрларды ийгиликтүү аткарып, абадан жана ракетадан коргонуу системаларын айланып өтүү мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн".
Бул 2018-жылы Путиндин айткандарын да ырастайт. Ал кезде орус президенти ракета анча эмес бийиктикте жана үн ылдамдыгынан жайыраак учаарын билдирген. Мындай учурда ракета үчүн маневр жасоо жөндөмү абдан маанилүү болот.
14 миң чакырым аралыкка учуу ракетага каалаган аралыктагы буталарды атууга мүмкүндүк берет.
Мурдагы сыноолор
Акыркы жылдарда коомдук сайттарда "Буревестник" ракетасынын сыноолору тууралуу бейрасмий кабарлар чыккан. Бирок алардын так саны жана жыйынтыгы белгисиз.
Болжол менен сыноолордун бири 2019-жылы 8-августта Нёноксте өтүп, бир нече адамдын өмүрүн алган окуя менен аяктаган. Авария болгонун Орусиянын Коргоо министрлиги да моюнга алган. Мекеме Северодвинск аймагындагы полигондо реактивдүү кыймылдаткычты сыноо учурунда жарылуу болуп, эки адам көз жумганын билдирген.
Ошол эле учурда "Росатом" мамлекеттик корпорациясы Северодвинсктеги жарылуу радиоизотоптук кыймылдаткычтуу ракетаны сыноо учурунда болгонун, жыйынтыгында "Росатомдун" беш кызматкери каза болуп, дагы үчөө ар кандай даражадагы күйүк жана жаракат алышканын билдирген.
Бирок көпчүлүк эксперттер Нёнокстогу жарылуу чындыгында кандайдыр бир өзөктүк түзүлүштү, балким "Буревестникти" сыноо учурунда болгон деген пикирде.
Жарылуудан кийин Архангельсктеги оорукананын дарыгерлери бейтаптарда радиациянын деңгээли жогору болгонун кыйыр түрдө тастыкташкан. (АА)












