Трамптын чакыруусу: АКШ-Борбор Азия алакасы алга жылабы?

АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азия лидерлерин 6-ноябрда Вашингтондо өтүүчү С5+1 форматындагы саммитке чакырды. Бул жолугушуу жакында эле Душанбеде өткөн "Орусия – Борбор Азия" саммитин улай уюштурулуп жатат.
Ал арада ушу күндөрү регионго АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын чабарманы Серхио Гор жана Кошмо Штаттардын мамкатчысынын орун басары Кристофер Ландау келди. Америкалык расмийлер бул жолу Өзбекстан менен Казактанда болуп, Кыргызстанга баш багышпайт.
Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу стратегиялык келишим жок иш алып барып жатканына он жыл толду. Расмий Бишкек Америка менен кызматташууну караган келишимди бир тараптуу 2015-жылы денонсациялаган.
"Тарыхый саммит"
2023-жылы сентябрда ал кездеги АКШ президенти Жо Байден БУУнун жыйынынын алкагында Борбор Азия лидерлерин С5+1 форматындагы саммитке чогултканы бар. Бирок бул жолку саммит андагыдан масштабы жана мааниси жагынан бир топ айырмаланарын АКШдагы мурдагы кыргыз элчиси Кадыр Токтогулов Би-Би-Сиге билдирди.
"Бул толук кандуу саммит болот. Жо Байдендин убагындагы жолугушуу дагы маанилүү болгон. Анын деле тарыхый жагы бар. АКШ президенти анда биринчи жолу бир столго Борбор Азия лидерлерин чогултуп, коноктогон. Американын регионго мамилеси кандай болорун, приоритеттерин айтып берген. Бирок ал жолугушуу БУУнун Генералдык Асссамблеясынын алкагында Нью-Йоркто өткөн болчу. Бул себептүү түркмөн президенти "сүйлөчү кезегим келип калды" деп, ал жолугушуудан чыгып да кеткен. Азыр болсо баары ушул саммит үчүн атайын Вашингтонго Ак үйгө барганы жатышат. Трамп өзү азыр Малайзия, Түштүк Корея, Японияда жүрөт. Келгенден кийин ал эми Борбор Азия лидерлерин тосуп алат. Бул саммиттин маанилүүлүгү ушунда", - дейт Токтогулов.
Дипломат Трамптын администрациясынын бул саммитти уюштуруу ишарасынын өзү эле АКШнын Борбор Азияга карата позитивдүү маанайын чагылдырат деген ойдо.
Президенттердин деңгээлиндеги С5+1 форматындагы биринчи жолугушууда Жо Байден аймак лидерлерине коопсуздук, анын ичинде терроризмге каршы күрөш жаатында кызматташуу улантарын убада кылган эле.
Алдыдагы саммиттин күн тартиби азырына белгилүү боло элек.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал арада Борбор Азия лидерлеринин ичинен казак президенти Касым-Жомарт Токаев Трамптын чакыруусуна жооп кылып, саммитке катышуу ыкласын билдирди. Акордо тараткан маалыматта, Токаев Трамптын салттуу баалуулуктарга басым жасап жатканын колдору айтылат. Ошондой эле казак президенти америкалык лидердин дүйнөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту коргоп жатканын кубаттаган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да Дональд Трамптан Вашингтондогу саммитке чакыруу алганын, учурда кыргыз лидеринин Америкага сапарына даярдык көрүлүп жатканын анын басма сөз кызматы маалымат каражаттарына ырастады.
Азырынча кыргыз жана казак президенттеринен башка региондогу калган лидерлердин администрациясы АКШдагы саммит тууралуу үн ката элек.
Сентябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын жыйынынын алкагында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Трамп менен жолугуп, Америка лидери аны "сөзүнө турган" адам деп сыпаттаган. Мунун алдында Өзбекстан Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү 22 учакты сатып алуу боюнча америкалык Boeing компаниясы менен 8 миллиард долларга келишим түзгөн.
Казакстан дагы АКШ менен соода мамилесин бекемдеп, 4,2 миллиард долларга Wabtec Corp. компаниясынан америкалык локомотив жана темир жол жабдыктарын сатып алып жатканы БУУнун алкагындагы жолугушууларда белгилүү болгон эле.
"Кыргызстан-АКШ келишими даяр"
Бул саммитке даярдык он жылдан бери кол коюлбай келе жаткан Кыргызстан - АКШнын ортосундагы жаңы кызматташтык келишими тууралуу теманы кайрадан жандантты.
"Келишим эчак даярдалган. Анын мазмуну мурунку документтерден өтө деле айырмаланбайт. Себеби бул базалык келишим. Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык жана экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу деп гана турат. Бирок геосаясий жана башка себептерден улам анын кабыл алынышы кечеңдеп жатат", - деди Би-би-синин дипломатиялык чөйрөдөгү анонимдүү булагы.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү бул кадамга Кыргызстанда июнь окуясына байланыштуу сот жообуна тартылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаменти сыйлык ыйгарган соң барганын жүйө келтирген. Бирок эксперттер Кошмо Штаттары менен мамиле ага чейин эле Кыргызстан аймагынан америкалык аскердик базаны чыгаруу чечиминен кийин солгундай баштаганын айтышат.
"Негизи эл аралык мамилелер да эмоциянын натыйжасында кабыл алынган чечимдердин кесепетин сезет экен. 2015-жылы АКШ менен болгон келишимди бир тараптуу токтоткон чечим, менимче, терең талдоодон өткөн эмес жана бир адамдын эле эмоциялык чечими болгон. Ошондон улам эки өлкө ортосундагы кызматташуу, ишеним деңгээли төмөндөп, айрым колдоо программалары, долбоорлор токтогон. Ошол себептен азыр мамилелерди кайра түзүү жеңил эмес, ар бир кадам кылдат иштелип, келишимге келүү аракети созулуп жатат окшойт. Азыр Кыргызстан мындай маселелерге эмоция менен эмес, талдоо жана кандайдыр бир деңгээлде улуттук кызыкчылыктын артыкчылыгын көздөө принцибинин негизинде мамиле кылганга аракеттенсе керек", - дейт жергиликтүү активист Атай Бейшенбек.

Сүрөттүн булагы, Social media
2020-жылдан кийин бийликке келген кыргыз өкмөтү көп векторлуу тышкы саясатка басым жасарын белгилеп жүрөт. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатканын жергиликтүү байкоочулар айтып келишет:
"Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу дейбиз. Бирок геосаясатка келгенде иштин баары Орусия менен болуп жатат. КМШ орбитасынан чыга албай, Орусияга кылчактап жүрөбүз. Көп векторлуу эмес, бир эле векторлуу саясат болуп аткандай. Соңку кезде Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму деп да чыгып атат. Бул да жакшы көрүнүш. Бирок ири иштерди алганда көп нерсе Орусия менен болуп атат. Кыргызстан Америкага анча ичин ачпай, сый мамиледе эле болуп коюп атат. Бирок мындай саясат бир эле Кыргызстан эмес, бардык эле Борбор Азия өлкөлөрүндө болуп атат", - деди эл аралык мамилелер боюнча эксперт, активист Бурул Усманалы.
Украинадагы согуш башталганы Орусия эл аралык изоляцияда калып, көбүнчө Борбор Азияга басым жасап, аймактагы өнөктөштөрү менен мамилесин бекемдегенге өттү. Кыргыз президенти Садыр Жапаров жакында эле БУУ трибунасынан "орус-украин жаңжалынан улам Кыргызстан дагы жапа чегип жатканын" айткан. Жапаров Орусия менен тыгыз кызматташтык үчүн Батыш кош стандартуулукка жол берип жатат деген нааразылыгын да айткан:
"Бизге "Орусия менен кызматташпагыла" деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык жактан алганда Орусия менен кызматташпай коё албайбыз. Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз ".
Кыргыз президенти бул нааразылыгын кыргызстандык ишканалар менен банктарга салынган санкциялардан улам айтып өттү.
Кызматтык келишими тууралуу маселеге кайтсак, саясий таануучу Эмилбек Жороев Кыргызстан да, АКШ да бул маселени дээрлик унутуп койгондой таасир калтырып жатканын айтат. "Андан маанилүүрөөк, приоритеттүү маселелер пайда болуп, анан ал маселе боюнча кыргыз тараптын позициясы анчейин ачык болбой жаткандыгынан АКШ тарап деле аны четке түртүп коюшту көрүнөт", - дейт Жороев.
Келишимсиз кызматташуу
Соңку он жылга кылчая турган болсок, расмий Бишкектин АКШ менен алака-катышы келишими жок эле уланып жаткандай. АКШ Мамдепартаментинин маалыматы боюнча 2001-жылдан 2024-жылга чейин Кошмо Штаттардан өлкөгө 1 млрд 363,8 млн. доллар которулган. Анын көбү азыр дээрлик иштебей калган USAID агенттиги аркылуу келген. Мындан тышкары АКШ өкмөтү коргонуу, билим, саламаттыкты сактоо, искусство жана технология жаатында кыргыз өкмөтүнө ондогон алмашуу программалары аркылуу көмөк көрсөтүп келет.
Экс-президент Жо Байдендин убагында Кыргызстан, ал тургай, аймактагы өлкөлөр ичинен жарандарына он жылдык мөөнөткө биринчилерден виза алууга да жетишкен эле. Бирок Трамптын иммиграциялык катаал саясатынан улам кыргыз жарандары ал артыкчылыктан кол жуушту.
Американын Бишкектеги элчиси Лесли Вигеринин кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларында виза маселеси утур-утур көтөрүлүп келет. Акыркы жолу 22-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШ элчисин кабыл алганда да виза маселесине көңүл бурулду. Мындан тышкары кыргыз тарап америкалык инвестицияны тартууга жана биргелешкен долбоорлорго кызыкдар экенин билдирген.
Быйыл февралда кыргыз бийлиги Макмал-Каракол темир жолун куруу үчүн америкалык компания менен макулдашканын жарыялады. "Трансевразиялык каттам" деп аталган долбоордун болжолдуу баасы 3 млрд доллар экени, ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө ишке ашары айтылып жатат. Ага америкалык All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC (AARG) жеке компаниясы ири инвестиция салганы жатат. Бул АКШ менен болгон соңку жылдардагы эң ири инвестициялык келишим болмокчу.
Соңку кезде Кыргызстан менен АКШ санариптик технология жаатында кызматташуунун жаңы барагын ачып жатышат.
"2022-жылы Кыргызстандын IT адистеринин ири делегациясы АКШга эл аралык конференцияга жоон тобу менен барышты. Андан кийин Монтанада дүйнөлүк саммит өтүп, кыргызстандык 25 компания барып, келишим түзүп келишти. Ошону менен кыргызстандык IT адистеринин кирешеси 122 миллион долларга чыкты. Жогорку технологиялар паркы бул кирешенин 60% АКШдан тартылат деп жатат", -деди АКШдагы мурунку элчилердин бири.
Кыргызстандын инвестициялык порталы быйыл кыргыз өкмөтү өкүлдөрү АКШ элчилиги менен жолугушуу өткөрүп, анда санарип экономика жана криптовалютага өзгөчө басым жасалганы айтылат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы криптовалютаны жүгүртүү 7 миллиард долларга жетип, Борбор Азиядагы блокчейн менен майнингдин жана санарип активдердин флагманы болуу дымагы айтылган. АКШ өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнүн санарип трансформацияга умтулуусун колдой турганын билдирип келишет.
Борбор Азия бир күч катары
Соңку жылдары АКШ эле эмес, Орусия, Кытай өңдүү ири дүйнөлүк державалар, Европа өлкөлөрү, Япония жа башка өлкөлөр Борбор Азия өлкөлөрү менен С5+1 форматында саммиттерин өткөрүштү. Бул аймак барган сайын геосаясий кызыкчылыктарды туудурган регионго айланып бара жатканы анык болуп калды.
Регион бай табигый ресурстары менен белгилүү, аймакта мунай, газ, метталлургиянын кенен запасы бар, буга кошумча гидроэнергетикалык потенциалы да чоң. Анан калса мында 80 миллионго жакын адамы бар ири рынок жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Учурда ири державалар тарабынан Борбор Азия регионун бирдиктүү, өзүнчө бир күч катары карайлы деген аракет болуп атат. Мында экономикалык деле кызыкчылык бар, бирок ал экинчи орундагы маселе деп ойлойм. Биринчиси, саясий кызыкчылык. Орусиянын орбитасынан чыгаруу саясаты. Болбосо, Борбор Азия өзү аракет жасаган менен, бирикпей жатат. Экономикалык ресурстар тууралуу айта турган болсок, регион деле чоң роль ойнойт. Климаттын өзгөрүүсү деп атабыз, келечекте суу боюнча суроолор болот. Тамак-аш коопсузду, дан масесели чыгат. Мисалы, Казакстанда буудай-дан боюнча өзүнчө бир алдыдагы өлкө. Кыргызстан менен Тажикстан суулардын өлкөсү. Казакстанда уран бар. АКШ аймакты экономикалык ресурс катары карап, азыр мамилерге "үрөн сээп" коюп жаткандыр. Климат темасы келечекте күн тартибине чыгат. Борбор Азия Евразиянын ортосунда жайгашкан, суу тартыштыгы жаралса, кийин аймактагы өлкөлөр өтө чоң ролду ойноп калышат".
Деген менен эксперттер соңку жылдары АКШ Борбор Азияны Орусия таасиринен чыгарып алып, Кытайдын кучагына салып берүүдөн кооптонорун айтып келишет. Себеби, расмий Бээжиндин да аймакта Орусия, АКШдай эле өз геосаясий кызыкчылыктары бар экени маалым.












