Босния согушунун ачылбаган сыры. Туристтер жайкын тургундарды атып өлтүрүү үчүн акча төлөгөнбү?

БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн курамындагы франциялык жоокер Сараеводогу кооптуу кесилиште снайпердин огунан жашынган тургундар менен бирге турат. 1995-жыл 8-июнь.

Сүрөттүн булагы, AP Photo/Jerome Delay

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Босниядагы согуш учурунда жайкын тургундар Сараеводогу негизги бульвардан өтүү үчүн өмүрүн тобокелге салышкан
    • Author, Сара Рейнсфорд
    • Role, Чыгыш жана Түштүк Европа боюнча кабарчы
    • Author, Гай Делоуни
    • Role, Балкан боюнча кабарчы

Миландын прокуратурасы 1990-жылдардын башындагы согуш учурунда италиялык жарандар Босния-Герцеговинага "снайпердик сафари" үчүн барышкан деген дооматтар боюнча иликтөө баштады.

Италиялыктар жана башка өлкөлөрдүн жарандары курчоодо калган Сараево шаарындагы жайкын тургундарды атуу үчүн көп суммадагы акча төлөгөн деп айтылууда.

Миландагы арызды журналист жана жазуучу Эцио Гаваццени жазган. Анын айтымында, куралга кумарланган "өтө бай адамдар" Сараево шаарынын айланасындагы дөңсөөлөрдө турган серб позицияларынан "жайкын тургундарды өлтүрүү үчүн акча төлөп", "адамга аңчылык" кылышкан.

Айрым маалыматтарга ылайык, эркектерди, аялдарды же балдарды өлтүрүү үчүн төлөмдөр ар кандай болгон.

Сараево төрт жыл бою катаал курчоодо болуп, ошол учурда 11 000ден ашык адам каза тапкан.

Согуштан улам Югославия ыдырап, Сараевону серб күчтөрү курчоого алган, шаар тынымсыз аткылоо жана снайпердик ок атууларга дуушар болгон.

Чет өлкөлүк "адам аңчылары" тууралуу ушул сыяктуу айыптоолор буга чейин да бир нече жолу айтылган, бирок Гаваццени чогулткан далилдерди, анын ичинде Босниянын аскердик чалгын кызматкеринин көрсөтмөсүн азыр Италиянын терроризмге каршы күрөшүү боюнча прокурору Алессандро Гоббис иликтеп жатат.

Киши өлтүрүү боюнча иш козголгон.

Сараевонун тургундары 1992-жылдын 20-июнунда шаардын борборуна снаряд түшкөндөн кийин снайперлер ок атып турган кесилиштен чуркап өтүшүүдө.

Сүрөттүн булагы, CHRISTOPHE SIMON/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сараево бир нече жыл курчоодо болуп, он бир миңден ашуун жай тургун каза тапкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыязы, Босниялык офицер анын кесиптештери бул "сафари" тууралуу 1993-жылдын аягында билгенин, андан соң алар 1994-жылдын башында Италиянын "Сисми" аскердик чалгын кызматына бул тууралуу маалымат беришкенин ачыкка чыгарган.

Анын айтымында, "Сисминин" жообу бир нече айдан кийин келген. Алар "сафаринин" туристтери Италиянын түндүк чек арасындагы Триест шаарынан учуп, андан кийин Сараеводогу дөңсөөлөргө бара тургандыгын аныкташкан.

"Ansa" маалымат агенттиги кабарлагандай, ал офицер: "Биз аны токтоттук. Мындан ары сафари болбойт", - деген жооп алган. Эки-үч айдын ичинде андай саякаттар токтогон.

Адатта терроризм жана мафия жөнүндө жазган Эцио Гаваццени снайперлердин Сараевого саякаттары жөнүндө отуз жыл мурун италиянын "Corriere della Sera" гезитинен окуган, бирок анда так далилдер келтирилген эмес.

Ал бул темага словениялык режиссёр Миран Зупаничтин 2022-жылы тартылган "Сараево Сафари" аттуу даректүү тасмасын көргөндөн кийин кайтып келген, анда киши өлтүрүүлөргө катышкандар АКШ, Орусия жана Италия сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн келген деп айтылат.

Гаваццени андан ары изилдей баштаган жана февраль айында өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын прокурорлорго тапшырган. Ал 17 беттен турган документтерди камтыйт. Анын ичинде Сараевонун мурдагы мэри Бенжамина Каричтин баяндамасы да бар деп айтылат.

1993-жылдын 4-августу, Сараево шаарынын борборундагы серб снайперлери адатта бутага алган аймактан босниялык аял чуркап баратат.

Сүрөттүн булагы, MICHAEL EVSTAFIEV/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Снайперлер босниялык сербдердин көзөмөлүндөгү Сараево көрүнүп турган аймактардан жайкын тургундарга ок чыгарып турушкан.

Босниянын өзүндөгү тергөө токтоп калгандай.

Италиянын "La Repubblica" гезитине берген маегинде Гаваццени мындай "сафариге" "көптөгөн" адамдар, жалпысынан "жүздөн кем эмес" киши катышканын, италиялыктар бул үчүн "көп акча" бергенин, бүгүнкү күндүн эсеби менен 100 000 еврого чейин төлөгөнүн айтат.

1992-жылы орусиялык улутчул, маркум жазуучу жана саясатчы Эдуард Лимонов Сараевого оор пулеметтон бир нече жолу ок чыгарганы тасмага тартылган.

Ага босниялык сербдердин лидери Радован Каражич тоо боорундагы позицияларды көрсөтүп жүргөн. Каражич кийинчерээк Гаагадагы эл аралык трибунал тарабынан геноцид үчүн соттолгон.

Бирок Лимонов согуштагы туризм үчүн акча төлөгөн эмес. Ал Каражичтин күйөрманы катары ал жерде болуп, ага: "Биз, орустар, сенден үлгү алышыбыз керек", - деп айткан.

Италиялык прокурорлор жана полиция кимдер катышканын аныктоого аракет кылып жатып, күбөлөрдүн тизмесин түзгөн деп айтылат.

Бирок 1990-жылдары Сараеводо кызмат өтөгөн британиялык күчтөрдүн мүчөлөрү Би-Би-Сиге Босния жаңжалы учурунда "снайпердик туризм" деп аталган нерсе жөнүндө эч качан укпаганын айтышкан.

Алар текшерүү пункттарынын көптүгүнөн улам Сараеводогу жайкын тургундарга ок атуу үчүн акча төлөгөн адамдарды үчүнчү өлкөлөрдөн алып келүү аракеттери "логистикалык жактан кыйын" болмок деп билдиришкен.

Британиялык күчтөр Сараеводо да, серб күчтөрү жайгашкан шаардын айланасындагы аймактарда да кызмат өтөшкөн жана ошол учурда "снайпердик туризм" болуп жатканынын эч кандай белгилерин көргөн эмес.

Бир жоокер чет элдиктер жайкын тургундарга ок атуу үчүн акча төлөшкөн деген айыптоолорду "шаардагы жомок" деп мүнөздөдү.