Ташиев: Жазга чейин майнинг фермалар иштебейт, жарык өчпөйт

Сүрөттүн булагы, otkurbek rahmanov
Кыргызстандын аймагында март айынын аягына чейин бир дагы майнинг ферма иштебейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалына курган маегинде билдирди. Ал кимдир бирөө майнинг фермасын иштетүүгө аракет кылса, жазага тартыларын эскертти.
УКМК төрагасы мындан тышкары бардык мамлекеттик органдар, мекеме-ишканалар кечки саат алтыдан кийин электр кубатын өчүрүшү керектигин эскертти. Ал күч түзүм органдарына бул чектөө жайылтылбай турганын белгиледи.
Ташиев ошол эле маалда мектептерде саат алтыдан кийин жарык өчүрүлүп жатканы туура эместигин айтып, кечки саат жетиге чейин электр кубатын өчүрбөөгө тапшырма берди.
"Өлкөдө маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Эч жерде атайлап жарык өчпөйт. Атайлап светти эч ким өчүрбөйт. Себеби электр кубаты жетет. Ошондой болсо да үнөмдөйлү. Чачып-төгүп, жок кылбайлы. Ошондуктан үнөмдөп пайдаланалы деп кайрылып жатабыз. Туура, суу аз, электр энергиясын өндүрүү азайды. Ошондой болсо да элди жарык менен камсыздап, жакшынакай болуп кыштан чыгып кетебиз. Кыжаалат болбош керек", – деди Камчыбек Ташиев.
12-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибарев 24.kg агенттигине маек куруп, жарык, жылуулук болорун, бирок энергиянын үнөмдөөгө туура келерин айткан.
Ал азыркы кырдаалды кризис деп атоодон алыс экенин, муну системага ашыкча жүк келип жаткандын белгиси деп эсептей турганын билдирген.
Таалайбек Ибраев өлкөдөгү бардык майнинг фермалар толугу менен өчүрүлгөнүн да кабарлады.
"Мен толук жоопкерчилик менен айта алам, учурда бардык майнинг фермалар толугу менен өчүрүлдү. Эгер ишенбесеңер, эртең өзүңөрдүн адисиңерди, журналисттерди жөнөтсөңөр болот. Алар текшере алышат. Элдин нааразылыгы жаралбасын деп биз аларды толук өчүрдүк. Бул өзгөчө көзөмөлдө турат", - деди Таалайбек Ибраев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мунун алдында, 10-ноябрда өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасаган.
Мурдагы президент өлкө оор энергетикалык кырдаалды баштан кечирип жаткан маалда бийлик "майнингди активдүү өнүктүрүп" жатат деген пикирин билдирген.
Таалайбек Ибраевдин айтымында, Токтогул суу сактагычында суу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард куб метрге аз. Максат — 1-апрелге чейин көлөмдү 7 миллиард куб метр деңгээлинде сактап калуу.
Быйыл 1-нобярдан бери өлкө боюнча электр кубатына чектөө киргизилген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Кийин, 6-ноябрда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген.
Ал ортодо "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому каалоочулар "чексиз тарифке" өтсө болорун айткан.
Президент бул демилгени колдобой турганын билдирген.
Республика боюнча жалпы жылдык керектөө 18 млрд. киловатт-сааттан ашат. Бул өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд. киловатт-саат көп дегенди билдирет.











