Покровскини каптаган туман орус күчтөрүнө оңтойлуу шарт түздүбү?

Сүрөттүн булагы, Telegram
- Author, Абдужалил Абдурасулов
- Role, Би-Би-Си, Киев
Калың туман орус аскерлерине Украинанын чыгышындагы стратегиялык жактан маанилүү шаарга – Покровскиге кирүүгө шарт түздү.
Украинанын 7-аба-десанттык корпусу билдиргендей, аба ырайы, атап айтканда калың туман Покровскиге көбүрөөк аскерлерди киргизип, украин күчтөрүн курчоого алууга мүмкүнчүлүк берүүдө.
Орус аскерлери бир жылдан ашык убакыттан бери шаарды басып алууга аракет кылып келишкен. Украин аскер жетекчилеринин маалыматы боюнча, учурда ал жакта орусиялык 300-500 аскер жүрүшү мүмкүн, ал эми президент Владимир Зеленский кырдаал оор экенин билдирди.
Ал арада армиянын башкы командачысы Александр Сырский үч калктуу конуш колдон чыкканына байланыштуу түштүк-чыгыштагы Запорожье облусундагы фронттогу кырдаал "кыйла начарлап кеткенин" билдирди.
Бирок Сырский Орусия өзгөчө Покровскиде кулачын жайганын белгиледи. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер туман баскан жолдо автоунааларда жана мотоциклдерде ачык эле баратканы тартылган видео кеңири жайылды.
Би-Би-Си видео шаардын түштүк четинде, Селидово-Покровск жолунда тартылганын тактай алды.
"Бир нече күн бою туман абадан чалгындоо ишине тоскоол болду. Ошондуктан, орустар автоунаалар колоннасын колдонуп, чабуул коюуга "батынды", кадыресе шарттарда аларды украин дрондору ошол замат талкалап салмак", - деп айтты Би-Би-Сиге "Шершни Довбуша" дрондор батальонунун "Гусь" деген каймана аты бар дрон оператору.
Украиналык жоокери анын аскер бөлүгү жөө жана мотоциклдер менен бараткан орусиялык аскерлердин чакан топторун аныктап, жок кылып жатканын Би-Би-Сиге айтты. Ал ошондой эле интернетке тараган видеодогу чабуулдун мизин кайтарууга да катышканын кошумчалады.
"Гусь" колонна жарым-жартылай талкаланганын, бирок аба ырайына байланыштуу чабуулдун мизин кайтарган учур видеого түшпөй калганын, ошондуктан топтун баары жок кылындыбы же жокпу – муну так айта албастыгын билдирди.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бир жума мурун Зеленский Покровскиде 300гө жакын орус аскери согушуп жатканын айткан. Видеодо алардын саны ошондон бери көбөйгөнүн көрүүгө болот жана аскерлер муну шаршембиде тастыктап, шаардын түштүк райондору учурда Орусиянын колуна өткөнүн айтышты.
Украинанын DeepState мониторинг тобу түзгөн карталарга ылайык, орус аскерлери Покровск шаарынын көпчүлүк райондоруна жакындап калгандай. Айрым байкоочулар, Орусия Покровск шаарын акыры ээлейт деп жатышат.
Москва Покровск менен кошуна Мирныйградды курчоого алууга аракет кылып жатат.
Бул жерлер толук курчоого алынбаган кундө да, орусиялыктар дрондорду колдонуп, ал жакка баруучу бардык жолдорду тынымсыз бутага ала алышат.
Орусиялык аскерлердин курчоосунда калбаш үчүн украин аскерлери Суворов менен Родынскийден аларды сүрүп чыгарып, флангдардын ортосунда чоң ажырымды пайда кылышты.
Орус аскерлери Покровскидеги украин күчтөрүн камсыздаган логистикалык каттамдарды жок кылууга аракеттенип жатышат.
Украин дрон операторунун айтымында, орус армиясы аралыктан туруп артиллерия менен дрондорду гана колдонбостон, жерине жоокерлерин да жиберип, логистикалык каттамдарга чабуул коюп жатат.
Аскерий талдоочу Константин Машовец бул тактика "инфильтрация" деп аталарын жана ал кыйла натыйжалуулугун көрсөткөнүн айтат.
Анын ырасташынча, орусиялык аскерлер чакан топторду алдыга өткөрүп алыш үчүн өзгөчө украиндердин дрон операторлорун бутага алышкан.
Машовецтин айтымында, орус аскерлери кээде шаарларга жергиликтүү тургундардын же украин аскерлеринин кийимин кийип кирип келишет. "Алардын негизги максаты – украиналык коргоочулардын арасында башаламандык жаратып, андан кийин орус армиясынын негизги күчтөрүнүн чабуулуна жол ачуу", - деп кошумчалайт ал.
Кремль фронттун башка тилкелеринде да – түндүк-чыгыштагы Купянскиде жана түштүктөгү Запорожье облусунда да илгерилөөгө аракеттенип жатат.
"Биргелешкен күчтөрдүн" өкүлү Виктор Трегубов Москванын Купянскты курчоого алганы тууралуу билдирүүсүн четке какты, бирок шаардын түштүгүндө орус аскерлери бар экенин жана кырдаал оор экенин мойнуна алды. (ZMa)
















