Түркия: Стамбул мэрине 2000 жылдан ашык абак жазасы суралды

A supporter of the main opposition Republican People's Party (CHP) holds a poster featuring a picture of jailed Istanbul Mayor Ekrem Imamoglu and a slogan "CHP will succeed, Turkey will win"

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экрем Имамоглу март айынан бери Стамбулдун чет жакасындагы тергөө абагында кармалууда
    • Author, Пол Кирби
    • Role, Би-Би-Си Европа боюнча редактору

Түркиянын эң ири шаарынын прокурору белгилүү мэр Экрем Имамоглун 142 коррупциялык иш боюнча айыптады. Бул айыптоонун алкагында 828 жылдан 2352 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдогандын башкы саясий атаандашы делген Имамоглу коррупциялык иштерге шектелип март айынан бери тергөө абагында жатат.

Стамбулдун мэри жана ал жетекчилик кылган Республикалык элдик партиясы (CHP) кандайдыр бир мыйзам бузуу болбогонун айтып, президент Эрдоган жана анын үзөңгүлөштөрүн куугунтукка айыптап жатат.

Бирок шаардын прокурору криминалдык жана коррупциялык топту уюштурду деп Имамоглун эле эмес, андан тышкары дагы 401 кишини да бутага алган. Мэр болсо бул топтун "негиздөөчүсү жана жетекчиси" деп таанылган.

Тергөө сегиз айга созулган. Прокурор Акын Гүрлек шекүүлөрдүн ичинен 105и абакта кармалып турганын, алар ири кылмыштуу топту түзүү жана пара алуу, акчанын изин жашыруу менен алектенген деп айыпталып жатканын билдирүүдө.

Анын айтымында, түрк мамлекетине келтирилген чыгымдын көлөмү 160 млрд лираны ($3,8 млрд) түзгөн.

Имамоглу 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоого Республикалык элдик партиядан талапкерлигин көрсөткөн эле. Ага пара алуу боюнча 12, арам акчанын изин жашыруу боюнча жети жана мамлекеттик мекемелер менен уюмдарга каршы алдамчылык боюнча кошумча жети айып тагылган.

"Анадолу" маалымат агенттиги аталган айыптар боюнча Имамоглунун жалпы абак жазасынын мөөнөтү 2430 жыл болорун эсептеп чыккан.

Мэрдин март айында кармалышы жапырт нааразылык жаратып, анда жүздөгөн адамдар кармалган жана полиция күч колдонгон. Ошондон бери ал Стамбулдун чет жакасындагы Мармара түрмөсүндө кармалып келет.