Энергетикадагы кайым айтыш. Эмне өзгөрдү?

энергетикадагы кырдаалдан улам кайым айтыш жаралды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си кабарчысы

Четте жүргөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев энергетика тармагындагы азыркы абалга баа берип, "Фейсбук" аркылуу салам дубай жолдогондон кийин өлкөнүн башкы энергетиги эки күн катары менен жергиликтүү маалымат агенттиктерине маек куруп, Атамбаевге жооп кайтарып жатат. Анын алдында президент Садыр Жапаров бул тармакта жаралган кырдаал боюнча пикирин билдирип, мурдагы бийликтин иш-аракеттерин сындаган.

"Жарык, жылуулук болот, бирок энергиянын үнөмдөөгө туура келет"

Энергетика министри тармактагы азыркы кырдаалды кризис деп атоодон алыс. Таалайбек Ибраев муну системага ашыкча жүк келип жаткандын белгиси деп эсептейт.

Системага оорчулук келбесин деген жүйө менен кыргыз бийлиги 1-ноябрдан бери өлкө боюнча электр кубатына чектөө киргизген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

Бирок өлкөдө электр энегриясын өтө көп талап кылган майнинг фермалардын иштеп жатканы эл арасында түрдүү пикирге жем таштаган.

Таалайбек Ибраев 12-ноябрда 24.kg жаңылыктар агенттигинде жарыяланган маегинде өлкөдөгү бардык майнинг фермалар толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлады.

"Мен толук жоопкерчилик менен айта алам, учурда бардык майнинг фермалар толугу менен өчүрүлдү. Эгер ишенбесеңер, эртең өзүңөрдүн адисиңерди, журналисттерди жөнөтсөңөр болот. Алар текшере алышат. Элдин нааразычылыгы жаралбасын деп биз аларды толук өчүрдүк. Бул өзгөчө көзөмөлдө турат", - деди Таалайбек Ибраев.

Мунун алдында, 10-ноябрда өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасаган.

Мурдагы президент өлкө оор энергетикалык кырдаалды баштан кечирип жаткан маалда бийлик "майнингди активдүү өнүктүрүп" жатат деген пикирин билдирген.

"Биз элге ачык болчубуз"

Алмазбек Атамбаев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Атамбаевбийликте турган кезиндеги ийгиликтерине да токтолуп, 2017–2018-жылдары электр энергиясынын импортун толугу менен токтотконуна сыймыктанарын, бул мезгилди Кыргызстан өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын алган учур деп атап келгенин билдирген.

Мурдагы президент "Датка–Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жана "Датка" көмөк чордону курулуп, ишке берилгенин, бул энергетикалык көз карандысыздыктын өзөгү болгонун жазган.

Ал бийликте турганда Токтогул ГЭСин масштабдуу реабилитациялоо иштери башталганын, Бишкек ЖЭБи модернизацияланганын тизмектеп, ошол эле маалда анын учурунда баары эле идеалдуу боло бербегенин моюнга алып, азыркы бийлик да бир катар кемчиликтерге жол берип жатат деп сындаган.

"Биз дайыма энергетика тармагында ачык-айкындык жана транспаренттүүлүк үчүн аракет кылганбыз. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эч качан "купуя" деп жарыяланган эмес. Улуттук статистика комитети импорт жана экспорт кылынган электр энергиясынын көлөмүн өлкөлөр боюнча дайыма ачык жарыялап турган", – деген Алмазбек Атамбаев.

"Мелдешем десе, далилдеп берем"

Таалайбек Ибраев

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энергетика министри Таалайбек Ибраев

Көп узабай өлкөнүн башкы энергетиги 11-ноябрда "Баракелде" сайтына маек куруп, Атамбаевдин сын-пикирине каяша жооп кайтарды.

Таалайбек Ибраев Атамбаевдин тушунда деле өлкө коңшулардан электр кубатын сатып алып турганын белгиледи. Министр энергетикалык объектилер сапатсыз жана кымбат баада ремонттолгонун, эки жыл импортсуз жашоого мурдагы бийлик эмес, ал кездеги табият себеп болгонун билдирди.

"2017-2018-жылдары кар жана жаан көп жаагандыктан, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19,6 куб метрге чейин көбөйгөн. Бул запас кийинки жылга чейин жетип, ошол мезгилде өлкө чындап эле эки жыл импортсуз жашаган. Болгон ийгилиги ошол. Бирок бул да жаратылыш шартынын убактылуу натыйжасы болгон", – деген Таалайбек Ибраев.

Ал Атамбаевдин учурунда бир дагы ГЭС курулбаганын айткан:

"Тескерисинче, тармак карызга батып, долбоорлор эки эсе кымбат жана коррупциялык схема менен ишке ашкан. Бул – расмий далилденген факт. Атамбаевдин "импортту токтоттук, ГЭСтерди реконструкцияладык" деген билдирүүлөрү карандай калп. Мени менен мелдешем десе, далилдеп берем".

серая линия

Министрге удаалаш Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да үн катты.

Орунбеков Нарын жогорку каскадын куруудагы жагдайларга токтолгон. Ал кездеги бийлик долбоорду ишке ашыруу үчүн "РусГидро" компаниясы менен келишим түзүп, кийин макулдашууну бир тараптуу бузганы үчүн орусиялык компанияга 37 миллион доллар төлөмөр болгонун, бүгүнкү күндө бересе 51 миллион долларга жеткенин жазган.

"Ошентсе да Атамбаев өз кайрылуусунда "мен энергетика тармагын бутуна тургузуп кеткем" деп айтыптыр. Чындыгында, энергетика тармагын бутуна тургузбай эле, белин сындырып кеткен", – деген Орунбеков.

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров "Кара-Көл" ГЭСинин ачылыш аземинде

Энергетика тармагындагы соңку алым сабак президент Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" билдирүүсүнөн кийин башталган.

Жапаров 9-ноябрда энергетика тармагындагы кырдаал боюнча пикирин билдирип, элди электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, мурдагы бийликтин катасын түздөө убакытты талап кыларын жазган.

Президент 2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду түзгөнүн, Кыргызстандын энергетика системасы "катастрофалык" абалга кептелгенин белгилеген:

"Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы тартыш болуп келген. Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур. Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим. Беш сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир кудай өзү билет. Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт. Ошондуктан азыр чындыкка жетип, териштириш кыйын. Беш сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан. Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген".

Президент азыр 27 миллиард сом карыз калганын белгилеп, эки жарым жылда андан толук кутуларына, ГЭСтер жапырт курулуп, кышкы тартыштык жоюларына ынанып жатканын айткан.

"Азыр кайым айтышканга убакыт жок"

Бул арада тармак адистери мурдагы бийликтин тушунда да, азыр да кемчиликтер болуп жатканын белгилешүүдө.

Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков кайым-айтышуунун ордуна унчукпай көйгөйдү чечүү керек деп эсептейт.

Ал стратегиялык пландоо болбогону үчүн азыркы кырдаал жаралды деген пикирде:

"Мына, министр керектөө өстү, экономика өстү деп айтып жатат. Ооба көптөгөн ири объектилер, турак-жайлар курулуп жатат. Бирок министр аны мурда көргөн эмес беле? Көргөн. Ошондуктан биринчи жасала турган иштерди белгилеп, кышында электр кубатын бере турган салттуу станцияларды куруп койсо болмок. Азыр Кара-Кече жылуулук электр станциясын курабыз деп жатышат. Бул абдан жакшы. Бирок мурда эле башташса, ал эки-үч жылда бүтмөк. Азыр жылуу-жумшак отурмакпыз. Тартыштык болмок эмес. Ошондуктан бардык ишти комплекстүү стратегиялык көз караш менен алып барса, мындай иш болмок эмес".

Бийлик быйылкы кыйын кырдаалды жаратылыш шарттарына байланыштырып жатат.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, Токтогул суу сактагычында суу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард куб метрге аз. Максат — 1-апрелге чейин көлөмдү 7 миллиард куб метр деңгээлинде сактап калуу.

Республика боюнча жалпы жылдык керектөө 18 млрд киловатт-сааттан ашат. Бул өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд. киловатт-саат көп дегенди билдирет.