Шайлоо-2025: Мугалим талапкер тууралуу маалыматка лайк баса алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элен Куленбекова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
Мамлекеттик кызматкер кайсы бир талапкер жөнүндө маалыматка лайк басса же аны репост кылса – бул админстративдик ресурс деп саналат. Ал эми мугалимдер лайк бассачы? Бул суроо кезексиз парламенттик шайлоонун талкуу жараткан темаларынын бирине айланды.
Агартуу министрлиги быйыл мугалимдердин үгүт иштерине аралашуусуна тыюу салды. Ага ылайык, шайлоо өнөктүгү маалында мугалимдер үчүн конкреттүү инструкциялар иштелип чыкты.
Агартуу министрлигинин юристи Бектур Ибрагимов Би-Би-Сиге кандай чектөөлөр кирип жатканын айтып берди:
"Үгүт иштери менен алектене албайт. Билим берүү мекемелеринде үгүт материалдарын иле албайт. Сабак учурунда кайсы бир талапкерди "бул жакшы кандидат" деп айта албайт. Укугу жок".
Мындан тышкары, мугалимдерге билим берүү жайларынын ичинде кайсы бир талапкерлерди же партияларды колдоп берүүсүн өтүнүп, кесиптештерине, окуп жаткандарга жана ата-энелерге кысым көрсөтүү үчүн кызмат абалын пайдаланууга жол берилбейт. Иштеп жаткан жерине тийиштүү сайттарды, коомдук сайттардагы баракчаларды, чаттарды үгүт иштерине, кол топтоого колдоно албайт.
Буйрукта мугалимдер үчүн коомдук сайттарда лайк басуу же репост кылууга байланыштуу так чектөө жок.
Бирок Би-би-си аймактардагы айрым мугалимдер менен сүйлөшүп, аларга интернетте эч бир талапкерге реакция кылбоо тууралуу көрсөтмөлөр болуп жатканын аныктады. Мындай чектөөлөр тууралуу Боршайком өкүлү Узарбек Жылкыбаевге кайрылдык:
"Аны мен так айта албайм. Эмне үчүн дегенде эгер мектептин директору кандайдыр бир талапкерди колдоп, сиз айткандай лайк басып же репост кылса кол алдындагы 50 же андан ашык кызматкерлерге сигнал болот да. Ошого биз чакырып атабыз, ошого аралашпай эле койгула. Баспай эле койгула деп атабыз".

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда 94 миңге жакын мектеп мугалими бар. Эгемен Кыргызстан тарыхында мугалимдер шайлоолордо админресурс катары далай колдонулуп келген. Азыркы бийлик ошол тажрыйбадан кайткысы келерин билдирүүдө.
"Мугалим ал өлкөнүн бир жараны да, ал тигил же бул талапкерди колдошу мүмкүн. Өзүнүн жарандык же инсандык позициясын билдириши мүмкүн. Лайк койбоо дегенди алардын жарандык позициясына чектөө деп айтсак болот", -деди педагог Асылбек Жооданбеков.
Бийлик мугалимдерди болушунча шайлоо процессинен четтетем деген менен өлкөдөгү аймактык шайлоо комиссияларынын курамын басымдуу бөлүгүн мугалимдер түзчү.
БШК буга чейин Агартуу министрлигинин жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн айрым башчылары, мектеп директорлору мугалимдердин шайлоону уюштуруу иштерине катышуусуна тоскоолдук жаратып, шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканын айтып чыккан. Боршайком мугалимдер буга чейинки шайлоолорду уюштурууга активдүү аралашып келгенин, тажрыйбасы көптүгүн белгилеп, жетекчилерди тоскоолдук жаратпоого чакырган эле.











