Шайлоо-2025: Үгүт өнөктүгү башталды

Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий түрдө башталды. БШК 467 талапкерди каттады.

Айрым талапкерлердин жарыштан четтетилиши талаш-талкуу менен да коштолду. Алдыда алардын эсте калгандарын тизмектеп кетели.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт иштери бардык талапкерлер катталгандан кийин башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.

Бул ирет шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо жараяны кадимки мөөнөткө салыштырмалуу үчтөн бирге кыскартылган. Мындан улам шайлоо алдындагы үгүт иштери 20 күнгө созулат. Башкача айтканда, 10-ноябрдан тарта 29-ноябрга чейин уланат.

тизме

Сүрөттүн булагы, civil platform

Шайлоочулардын баштапкы тизмеси жарыяланды

Бул арада БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады.

Контролдук тизмедеги шайлоочулардын жалпы саны 4 297 040 адамды түзөт.

Алардын ичинен 2 082 263ү эркек (48,46%), ал эми 2 214 777си аял (51,54%).

БШК бул тизмени мамлекеттик "Тизме" порталында — tizme.gov.kg сайтына жайгаштырды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоочулардын тизмесин жаңылоо иштери шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлүп турат. Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү толук тизмеси 2025-жылдын 10-ноябрына чейин өлкө боюнча жайгашкан 2492 шайлоо бекетинде илинет.

Шайлоочулар өз тилкелерин төмөнкү жолдор менен тактай алышат:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу аркылуу;
  • шайлоо участкасында түздөн-түз кайрылуу менен;
  • ПИН-кодун (жарандык паспорттогу идентификациялык номерди) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүү менен (SMS жана чалуулар акысыз).

Эгер тизмеде ката байкалса, шайлоочу 2025-жылдын 19-ноябрына чейин tizme.gov.kg сайтындагы "Шайлоочунун кабинети" сервисинде катталып, электрондук форматта арыз бере алат.

Ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар жакынкы Калкты тейлөө борборлоруна кайрылып, каттоодон өтсө болот.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына жалпысынан 467 талапкер катталды. Алардын 276сы эркек, 191и аял.

Өлкө боюнча 30 округ түзүлгөн. Ар биринен үчтөн депутат шайланып келет.

Шайлоо-2025: шайлоого кимдер бара жатат?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул шайлоодогу талапкерлерге байланыштуу эң эле резонанстуу окуя бул, албетте, аялын кызганып, балта менен кишиге кол салды делген Ш.К аттуу талапкердин окуясы болду.

Ал бир жаранды "аялым менен жазышасың" деп айыптап, ага балта менен тап берген. Натыйжада жабырлануучун бир манжасы чабылып кеткен. Талапкер "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып менен кармалды. Азырынча талапкер же анын жактоочулары комментарий бере элек.

БШК аны шайлоодон четтеткен жок.

"Ш.К аттуу жаран жарыштан четтетилген жок. Себеби, ага соттун чечими жок да. Күнөөлү деп соттоло элек. Соттун чечими чыккан гана талапкерлер шайлоого катыша албайт", — деди БШКнын өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

Депутат болууну көздөгөн дагы бир талапкер Кудрет Тайчабаров да "криминалга тиешеси бар" деген шек менен кармалды. Анын алдында Тайчабаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке тараган. БШК муну негиз кылып, анын талапкерлигин каттоодон баш тарткан. Узарбек Жылкыбаев Камчыбек Көлбаев ИИМ тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп аныкталганын, Тайчабаров ошол сүрөттүн негизинде четтетилгенин билдирди. Жылкыбаев эгер Тайчабаров БШК чечимине нааразы болсо, сотко кайрылуу укугу бар экенин белгиледи.

19-округдан депутаттыкка аттанган Тайчабаров "Бишкек" эркин экономикалык аймагын жетектеп турганда "ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн" Көлбаевге жолукканын билдирген.

Эң көп талапкери бар округ

Так ушул №19 округу - талапкерлер эң көп катышкан округ болуп калды. Мында үч депутаттык орун үчүн 25 талапкер ат салышат. Бул округга Сокулук району жана Бишкектин Ак-Орго, Ак-Ордо, Ала-Тоо конуштары кирет. Мында мурда депутат болгондор - Медербек Алиев жана Гүлшат Асылбаеваевалар талапкерлигин коюшту. Мындан тышкары белгилүү ишкерлер да бар.

Бизнес чөйрөдө жүргөн талапкерлерди башка бир топ округдардан да байкоого болот.

Венера Акматова, окумуштуу, профессор, ал бул шайлоого аттанган талапкерлерге көз салып келет.

"Негизинен, басымдуу бөлүгү бул - жеке ишкерлик менен алектенгендер экен. Анткени, өзүңүздөргө белгилүү, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө жараша бул аябагандай көп каражаттарды талап кылат. Албетте, биринчи төлөм 300 миң сом, андан кийин 1 миң үгүтчү жалдоого болгон мыйзамдык укук, ошондой эле бүтүн бир компанияны өзү жеке каржылаганга туура келет. Көбүнчө эле жеке ишкерлер катышып атканын көрдүк".

Талапкерлер эң аз округ

Талапкерлер эң аз округ бул - №11 округ болду, мында болгону беш талапкер бар. Алардын үчөө сөзсүз депутат болот. Бул округга Манас же мурунку Жалал-Абад шаары кирет. Көк-Жаңгак шаары жана Сузак районунун эки айыл аймагы да ушул округдарга тийиштүү.

Бул УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичи мекени экени белгилүү. Айтмакчы, бул округдан анын иниси Шайырбек Ташиев шайлоого дагы бара жатканын айта кетели.

Азыркы бийликке оппозициялык маанайда турган Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков шайлоого кое берилген жок. Ал буга чейинки жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алган деп сот тарабынан айыптуу болуп табылган. Анын апасы Кыял Токторбаева №24 округдан талапкерлигин койду.

№ 27 округ - эркек талапкерлер эң көп округ болуп жатат. Ошондой эле аял талапкерлердин саны боюнча бул округ алдыда. Мында 13 эркек, 11 аял талапкер болуп катталды.

БШК талапкер кылып каттаган 467 адамдын 268и эркек, 199- аял. Алардын кимиси депутат болору 30-ноябрда белгилүү болот.