Грузияда түрк учагы кыйрады. Бортто 20 аскер кызматкери болгон

Сигнахи

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сигнахи муниципалитетиндеги кырсык болгон жерге куткаруучулар келди

Азербайжандан учуп чыккан C-130 үлгүсүндөгү аскердик-транспорттук учак Грузия аймагында кыйрады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги маалымдады. Учакта 20 түрк аскери, анын ичинде экипаж мүчөлөрү болгон.

Министрликтин билдирүүсүндө айтылгандай, издөө жана куткаруу иштери Грузиянын тиешелүү кызматтары менен биргеликте жүргүзүлүп жатат.

Грузиянын Ички иштер министрлиги да кырсыкты тастыктап, учак Азербайжан менен чек арадан болжол менен беш чакырым аралыкта кулаганын маалымдады.

Грузин тараптын билдирүүсүнө ылайык, учак кыйраганга чейин эч кандай кырсыктын белгисин жөнөткөн эмес жана Грузиянын аба мейкиндигине киргенден бир нече мүнөт өтпөй радардан жоголгон.

Грузия

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сигнахи муниципалитети, Грузия. Учак кыйраган жер

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган учак кырсыгы тууралуу кабар алгандан кийин Анкара шаарында сүйлөп жаткан сөзүн токтотуп, каза тапкандарды эскерди. Түрк президенти аларды "шейиттер" деп атады. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Эрдоган мындай сөздү көбүнчө согушта же тынч мезгилде каза болгон түрк аскерлерине карата колдонот.

Азербайжан президенти Илхам Алиев да түрк элине жана курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, учак Азербайжандын Гянжа шаарынан учуп чыкканын билдирди.

Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая NSosyal түрк социалдык тармагындагы барагында кырсык боюнча маалымат берип, Грузиянын ички иштер министри Гела Геладзе менен телефондо сүйлөшкөнүн жазды. Анын айтымында, Геладзе да кырсык болгон жерге жөнөп кеткен.

Маалыматка ылайык, кырсык Сигнахи муниципалитетинин аймагында болгон. Бул аймак Грузиянын түштүк-чыгышында, Алазани өрөөнү менен Азербайжан чек арасынын ортосунда жайгашкан. Сигнахи тарыхый шаар-сепил катары белгилүү.

Гянжа шаарынан учак кырсыкка учураган Сигнахи муниципалитетинин чек ара аймагына чейинки аралык болжол менен 90–100 чакырымды түзөт.

Польский C-130

Сүрөттүн булагы, Dominika Zarzycka/SOPA Images/LightRocket via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, C-130 учактарынын көрүнүшү ушундай. Быйыл август айында тартылган бул сүрөттө польшалык учак көрсөтүлгөн

Lockheed C-130 Hercules — орто жана алыс аралыкка уча ала турган аскердик-транспорттук учак. Ал америкалык Lockheed Martin компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

Ал аскер жүктөрүн, өздүк курамды ташуу, ошондой эле эвакуация жүргүзүү үчүн колдонулат.

C-130 үлгүсүндөгү учактар топурак жолдорду же салыштырмалуу кыска учуу-конуу тилкелерин да пайдалана ала турган өзгөчөлүккө ээ.