Энергетика министри майнинг фермалардын иши токтотулганын айтты

Сүрөттүн булагы, official
Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдөгү бардык майнинг фермалар толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 24.kg басылмасына курган маегинде айтты.
"Мен толук жоопкерчилик менен айта алам, учурда бардык майнинг фермалар толугу менен өчүрүлдү. Эгер ишенбесеңер, эртең өзүңөрдүн адисиңерди, журналисттерди жөнөтсөңөр болот. Алар текшере алышат. Элдин нааразычылыгы жаралбасын деп биз аларды толук өчүрдүк. Бул өзгөчө көзөмөлдө турат", - деди Таалайбек Ибраев.
Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкө оор энергетикалык кырдаалды баштан кечирип жаткан кезде бийлик майнингди активдүү өнүктүрүп жатат деген сын-пикирин билдирген.
Таалайбек Ибраев энергетикадагы кырдаалга токтолуп, быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2 млрд. куб метрге аз экенин, суунун көлөмүн 1-апрелге карата 7 млрд. куб метр көлөмдө сактап калуу – негизги максат болуп турганын билдирди.
Өлкөнүн башкы энергетиги мындай жагдайда электр кубатына киргизилген чектөө каатчылыктын эмес, системага ашыкча жүк келип жаткандын белгиси экенин айтты.
Ал 2023-жылдан бери электр кубатын өндүрүү беш эсеге көбөйгөнүн, 24 ГЭС ишке берилгенин, кайра жаралуучу энергия булактарына көңүл бурулуп жатканын, ошол эле маалда электр кубатын керектөө да көбөйгөнүн баса белгиледи.
Министр элди дагы бир жолу электр кубатын үнөмдөөгө чакырды.
Быйыл 1-ноябрдан бери өлкө боюнча электр кубатына чектөө киргизилген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Кийин, 6-ноябрда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да жайылтылган.












