Зеленскийдин үзөңгүлөштөрү ири коррупцияга аралашканбы?

Владимир Зеленский

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Солдон оңго: Украинанын "Энергоатом" компаниясынын башчысы Петро Котин, Украинанын энергетика министри Герман Галущенко жана Украина президенти Владимир Зеленский.

Украинанын энергетика жана юстиция министрлери өлкөдөгү энергетика чөйрөсүндөгү коррупция боюнча ири териштирүү иштерине байланыштуу кызматтарынан кетишти.

Президент Владимир Зеленский шаршембиде энергетика министри Светлана Гринчук менен юстиция министри Герман Галущенкону кызматтан алууга чакырды.

Дүйшөмбү күнү антикоррупциялык органдар бир нече кишини энергетика тармагында 100 миллиондой долларды кымыруу схемасын уюштуруу боюнча айыптаган. Анын ичинде "Энергоатом" өзөктүк оператору да бар.

Коррупциялык жаңжалга аралашкандардын арасында Зеленскийдин жакын үзөңгүлөштөрү да бар.

Тагылган айыпка ылайык, юстиция министри Герман Галущенко жана башка негизги министрлер менен аткаминерлер энергетикалык инфраструктураны Орусиянын соккусунан коргой турган түзүмдөрдү курган тараптардан төлөм алып турушкан.

Коррупцияга аралашты делгендердин арасында мурдагы вице-премьер Алексей Чернышов жана ишкер Тимур Миндич бар. Миндич Зеленскийдин мурдагы "Квартал 95" телестудиясына дагы ээлик кылгандардын бири.

Галущенко айыптоолорду четке какты.

Ал эми Гринчук коомдук сайттарда төмөнкүдөй билдирген: "Менин кесиптик иш-аракеттеримдин алкагында эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинанын Антикоррупциялык бюросу жана Адистештирилген антикоррупциялык прокуратурасы билдиргендей, 15 айга созулган жана 1000 сааттык аудиожазууну камтыган иликтөөдө украин өкмөтүнүн бир нече мүчөсүнүн тиешеси бар экени аныкталган.

Антикоррупциялык бюронун маалыматына ылайык, тиешелүү адамдар "Энергоатомго" кызмат көрсөткөн жактардан жалпы келишимдик баанын 10-15% тете пара алып турушкан.

Антикоррупциялык органдар кошумчалагандай, бул схеманын аркасы менен ири суммадагы каражаттардын изи жашырылган. Мекеме баштык толо акчалардын сүрөттөрүн да жарыялаган. Ал каражаттар кийин Украинанын сыртына, анын ичинде Орусияга да которулганын аталган мекеме кабарлады.

Прокуратуранын билдиришинче, бул схемадан түшкөн каражаттардын изи Киевдеги кеңсе аркылуу жашырылып турган. Аталган кеңсе Украинанын мурдагы депутаты жана Орусиянын азыркы сенатору Андрей Деркач менен байланыштырылууда.

Антикоррупциялык бюро өз иликтөөсүнөн жаңы үзүндүлөрдү жана телефон сүйлөшүүлөрдүн аудиожазмаларын күн сайын чыгарып келген. Шейшембиде мекеме көбүрөөк маалымат берерин убадалаган.

Бул жаңжал Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине чабуулун күчөтүп жаткан шартта ачыкка чыгып отурат.

Бул Украинадагы коррупцияга көңүл бурууга да өбөлгө түзөт. Соңку 10 жылда антикоррупциялык органдар түзүлүп иштей баштаганына карабастан, өлкөдө коррупциянын тамырын кыюу мүмкүн болбой жатат.

Аталган антикоррупциялык органдардын көз карандысыздыгын чектеген өзгөртүүлөргө каршы июль айында өлкө боюнча каршылык акциялары өткөн.

Украиналыктар чектөө кабыл алынса, Европа Биримдигине кирүү мүмкүндүгүнөн кол жууп калабыз деп тынчсызданышкан.

Себеби Украинага коррупцияга каршы натыйжалуу күрөштү жолго коюу шарты менен талапкерлик укугу берилген болчу.

Бул чечимге байланыштуу Киевдин Европадагы өнөктөштөрү да олуттуу тынчсыздануусун билдиришкен. G7 мамлекеттеринин элчилери бул маселени украин жетекчилиги менен талкуулагысы келгенин айтышкан.

Ошентип, бул Орусия Украинага 2022-жылы согуш ачкандан берки украин өкмөтүнө каршы эң курч реакция болуп калды. Зеленский эки антикоррупциялык органдын көз карандысыздыгын калыбына келтирүү чечими менен кырдаалды жайгарды.

Бирок бул кризистен кийин айрымдар Зеленскийдин коррупцияга каршы реформаларынан шек санашууда.

Соңку жаңжал украин президентине дагы да көп ыңгайсыз суроолорду узатууга түрткү болууда.