АКШдан "дубай салам": Борбор Азия лидерлери Путиндин алдынан өтүштүбү?

Токаев-Путин жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, Кристина Кормилицына / ТАСС)

    • Author, Элеонора Куленбекова
    • Role, Би-Би-Си кабарчысы

Вашингтондогу "Борбор Азия-Америка" саммитинде Дональд Трампты мактаган казак президенти Касым-Жомарт Токаев Москвага барып, орус президенти Владимир Путинди да даңазалады. Трамптын дарегине жалындуу сөздөрдү айткан өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да Америкадагы сапарынан көп өтпөй Путин менен телефондон сүйлөштү. Бул эмнеден кабар берет?

12-ноябрда Москвада казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин эки күндүк мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Анда Орусия менен Казакстандын ортосундагы мамилени ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине көтөрүү тууралуу декларация сыяктуу бир нече документке кол коюлду. Токаев Казакстан үчүн Орусиянын маанисин баса белгилеп, Путинди көтөрмөлөй сүйлөдү.

"Орусия президентинин ысымы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жакшы белгилүү, глобалдык масштабдагы мамлекеттик ишмер деп билебиз жана урматтайбыз",- деди Токаев.

Казак лидеринин Москва сапарынын алдында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.

Кремль да, өзбек президентинин басма сөз кызматы да бул сүйлөшүү кимдин демилгеси менен ишке ашканын такташкан жок. Бул баарлашууда энергетика, соодадан тышкары эл аралык темалар да козголгону учкай айтылды.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы мындай деп жазды:

"Андан тышкары тараптар эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүштү".

Мирзиёев

Сүрөттүн булагы, Official

Токаевдин Москва сапары мурда эле пландалганы кабарланды.

Ошентсе да казак-өзбек президенттеринин Путин менен сүйлөшүүлөрү Борбор Азия лидерлери 6-ноябрда Вашингтондо Трамп менен жолугушуп келгенден кийин орун алууда. Америкада Токаев да, Мирзиёев да Трампты даңазалап сүйлөгөнү, Вашингтондон миллиарддаган доллардык келишимдер менен кайтканы белгилүү.

"Сиз улуу лидерсиз, биз баарыбыз бөлүшкөн жана баалаган салабаттуулукту жана салтты АКШнын саясатына кайтарууга асмандан жиберилген мамлекеттик ишмерсиз",- деген эле Токаев Ак үйдөгү Трамп менен жолугушууда.

Ошондо Токаев менен Мирзиёев Вашингтондон кийин Москванын алдынан өттүбү же Кремлге салам дубай жеткириштиби? Орусиялык эксперт Аркадий Дубнов мамлекеттик сапардын биринчи күнүндө Токаев Путин менен далайга бетме-бет, дээрлик жалгыз сүйлөшкөнүнө көңүлүн бурду.

Аркадий Дубнов

Сүрөттүн булагы, Михаил Терещенко / ТАСС

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Алар [Токаев менен Путин] эмнеге күбөсүз сүйлөшкүлөрү келгенин жоромолдоо кыйын эмес. Мына Финляндиянын президенти Стубб Токаевдин Вашингтонго сапарына чейин Астанага келип кеткен. Ал казак президенти Вашингтондон кайтып келгенден кийин Трамптан Москвага кандайдыр бир сигнал жеткириши мүмкүндүгүн айткан. Анан мынакей.. ", - деп жазды орусиялык талдоочу.

Борбор Азия өлкөлөрү көп векторлуу тышкы саясатка басым жасарын билдирип келет. Геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында Токаев менен Мирзиёевдин дипломатиясына кандай мүнөздөмө же баа берүүгө болот?

"Эки жүздүү дипломатия орун алып атат. Постсоветтик өлкөлөрдүн, өзгөчө Борбор Азиянын президенттери эски муундун өкүлдөрү. Алар алтымышынчы жылдары төрөлгөндөр. Алар илгерки матрицанын курмандыктары. Мен алар Америка тарапта болсун дебейм, эркин болушу керек. Өзүңө өзүң кожоюн болуп, кээ бир жерде алар менен пайдалуу болсо Орусия менен бирге болуу керек. Бирок аны өзүбүз чечишибиз керек. Бирөө аркылуу эмес",- деди кыргызстандык эксперт Бурул Усманалы.

Өзбекстан, Казакстан сыяктуу региондогу лидер мамлекеттер соңку кезде АКШ менен алакасын күчөтүүгө киришкени Кремлди кабатыр кылбай коюшу мүмкүн эмес.

Борбор Азия лидерлери ошентип тышкы саясатта көп багыттуу иш алып баргысы келип, бирок ири державалардын ортосунда баланс кармоого аракет кылып жатат.