Жапайы жаратылыш: фото сынактын мыкты сүрөттөрү

Сүрөттүн булагы, MARK WILLIAMS / BRITISH WILDLIFE PHOTO AWARDS
Улуу Британияда жапайы жаратылышты чагылдыруу боюнча фотосынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Ышкыбоз жана профессионал фотографтар жалпысынан 14 миңден ашык фотосүрөт тартышкан. Алардын ичинен суудагы футбол тобун тарткан фотограф жеңүүчү болду. Сууда калкыган топ ылдый жагынан деңиз өрдөктөрүнүн (рак сымал деңиз жаныбарлары) бүтүндөй бир колониясы менен капталган.
Дагы далай кызык сүрөттөрдү кыска баяны менен көрүңүз.
Марк Уильямс тарткан чыйырчыктын сүрөтү "жаныбарлардын портрети" номинациясында жеңди. Анын пайда болуу тарыхын сүрөтчү мындайча баяндайт: "Мен бакчамда жем жеп жүргөн канаттууларды байкап жүргөм. Өз сүрөттөрүмдө учуунун кыймылын жана өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга жана ошол эле учурда канаттуулардын эң майда деталдарын сактоого аракет кылдым".
Фотограф сүрөт узак экспозицияда тартылганын түшүндүрөт: адегенде ал чыйырчыктын изин, кийин анын учуп бараткан учурун тарткан.

Сүрөттүн булагы, MAX WOOD / BRITISH WILDLIFE PHOTO AWARDS
Таң куланөөк салган маалда тумандуу көлдүн жээгинде чуркаган кашкалдактын сүрөтү үчүн Макс Вуд "Жылдын жаш британиялык жапайы жаратылыш фотографы" наамын жеңип, канаттууларды коргоо Королдук коомунун сыйлыгына татыды.

Сүрөттүн булагы, Stoker
"Жээк жана деңиз чөйрөсү" категориясында да жеңүүчү болгон сүрөт Райан Стокер тарабынан тартылган. Ал Британияга келгенге чейин Атлантика океаны аркылуу узак жолду басып өткөн бул топту Дорсет графтыгында суунун жээгине чыгып калганда тартканын айтат.
"Деңизде канча таштанды көп болсо, биздин жээкке жакын жерде мындай жаныбарлардын пайда болуу коркунучу ошончолук күчөйт. Алар инвазивдүү түргө (б.а. жергиликтүү флорага же фаунага коркунуч туудурган бөтөн түргө) айланышы мүмкүн", - дейт Стокер.

Сүрөттүн булагы, JASON MCCOMBE / BRITISH WILDLIFE PHOTO AWARDS
"Ботаникалык Британия" номинациясында былжыр көктүн сүрөтү жеңүүчү деп табылды. Сүрөтчү Джейсон Маккомб: "Былжыр көгөрүүнүн дүйнөсү укмуштуудай нерсе. Алар өсүмдүктөр же козу карындар эмес. Алар ушунчалык кичинекей болгондуктан, кандай көрүнөөрүн билбесеңиз, аларды байкабай каласыз. Ар бир мөмөлүү дененин башынын туурасы 1 миллиметрге жакын", - дейт.
Бул сүрөттү алуу үчүн фотограф 160 түрдүү сүрөттү тартып, андан кийин санариптик түзөтүү аркылуу бириктирген.

Сүрөттүн булагы, DANIEL VALVERDE FERNANDEZ / BRITISH WILDLIFE AWARD
"Жашоо чөйрөсү" категориясында сүрөтчү Даниэль Вальверде Фернандестин түлкүсү жеңишке жетти. Ал аны "Аркан жүрүүчү" деп атаган.
Ал сүрөттүн кооздугун мындайча сүрөттөйт: "Түлкү дарактын бутактары жараткан идеалдуу кадрда болгон, ал эми анын силуэти күн нурлары менен араң эле баса белгиленген".

Сүрөттүн булагы, ROSS HODDINOTT / BRITISH WILDLIFE PHOTO AWARDS
Девондогу фермада тартылган көпөлөктүн бул сүрөтү "Жашыруун Британия" категориясында байгеге ээ болду.

Сүрөттүн булагы, GRAHAM NIVEN / BRITISH WILDLIFE PHOTO AWARDS
Грэм Нивендин бук дарактарынын сүрөтү "Жапайы токойлор" категориясында жеңүүчү деп табылды.
"Жалбырактар дээрлик жок болуп калганда, бутактар өздөрүнүн "чатырча уялчаактыгын" көрсөтөт - бул көрүнүш жетилген дарактардын бутактары бири-бирине тийбей турган дарактардын көптөгөн түрлөрүндө байкалат", - дейт Нивен.
"Ушундай жол менен бак-дарактар чатырчаны түзөт, аны ылдыйдан сүрөткө тартса, ар кандай шактардын ортосунда каналдардын бүтүндөй тармагы пайда болуп, кооз көрүнүш гана эмес, токойдо жатууга дагы шылтоо жаралат".

Сүрөттүн булагы, ROBIN DODD / BRITISH WILDLIFE PHOTO AWARDS
Ак-кара түстөгү эң мыкты сүрөт Шотландиядагы Арран аралынын үстүнөн учуп бараткан карганын сүрөтү болду.
Робин Доддун бул катаал шотландиялык пейзажы эки сүрөттү бириктирип жаратылган. Анда ар бир сүрөттө катарлар так берилип,ар кандай объекттерге багытталган.

Сүрөттүн булагы, IAN MASON / BRITISH WILDLIFE PHOTO AWARDS
"Жаныбарлардын жүрүм-туруму" номинациясында жеңүүчү деп Иэн Мейсондун "Үч баканын жупташуусу" деп аталган сүрөт табылды. "Мен аларды көп жылдардан бери сүрөткө тартып келем, алардын кылык-жоруктары мени ар дайым суктандырып, тамашага салат. Бул жерде ургаачы менен жупташуу боюнча мелдеш болуп жатат. Көп учурда жигердүүлүк күчөйт", - деген автор сүрөт суунун деңгээлинде жайгашкан объектив менен тартылганын айткан.

Сүрөттүн булагы, SIMON WITHYMAN / BRITISH WILDLIFE PHOTO AWARDS
Ак карлуу Ала-Тоону ар башка кырынан көрүңүз
Түлкүлөр көбүнчө британ шаарларынын көчөлөрүндө жашашат – жана бул Бристолдо тартылган сүрөт "Шаардык жапайы жаратылыш" категориясында жеңип чыкты. Сүрөттүн автору Саймон Уизмен: "Бул түлкү электр көмөкчордонунда жашап калган. Тосулган аймак ага эс алуу үчүн тынч жай берет".












