Сүрөттүн керемети: Ала-Тоого азгырган сүрөттөр кантип тартылат?

Кыргызстан. Тоо көлү

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан. Тоо көлү...

Бир ирет интернеттеги баракчаларымды чукулап олтурсам эле укмуш бир сүрөт көзгө урунду. Чарчап, шаардын кажы-кужусунан тажап турган киши ал сүрөттөгү үйгө азыр эле жөнөп кеткидей көркөм, сыйкыры бардай тартылыптыр. Көздөрүм жайнап эле кетти. Бир сүрөт жүз сөздү кыскартат дегенди далай уккам, а бул сүрөт миң сөздү кыскартчудай. Асман чапчыган тоо, ак кар, көк муз анан жомоктой жерде ширеңкенин кутусундай кенедей үй турат. Теребели бильярддын столундай жапжашыл. Дал ошол сүрөттүн ээсин издеп жүрүп, аңгемелештим.

Кышкы таң...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кышкы таң...

Нурсултан Аттокуров 3 жылдан бери тоолорго саякаттап, көк мелжиген тоолорду, тоо көлдөрүн, жайлоолорду, токой жана агын сууларды суктангыдай кылып сүрөткө тартып келет. Анын сүрөттөрүнөн алган таасирден улам өз көздөрү менен көрмөккө Кыргызстанга атайын келген туристтер да бар. Нурсултан сүрөттөрү аркылуу Кыргызстанды даңазалагысы келет.

Каз катар тигилген боз үйлөр...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каз катар тигилген боз үйлөр...

“Мен офисте иштейм. Офисте иштегенде стресс болуп кетесиң. Бир жакка барып, тоого чыккың келип калат. Бул иш ошшентип эле башталган. 2019-жылдары турлар аркылуу тоолорго чыгып жүрчүбүз. Андан кийин мага гид болуп иштөөнү сунуштап калышты. Дем алыш сайын гид болуп иштеп, бул ишке өтө кызыгып кеттим. 2020-жылдары өзүм жаңы гиддерди үйрөтө баштадым. 2021-жылы бизде ар кандай туристтик организациялар, дестинациялар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Менин Тынчтык Мухамбетов деген досум бар. Аны менен турлардан таанышкам. Ал видео тартат, мен сүрөт тартам. Биз барган жерлерибизди видео, сүрөткө тартып, соцтармактарга киргизе бердик. Кыргызстанды элге, дүйнөгө тааныталы деген максатыбыз акырындап ишке аша баштады. Эсимде, 2020-жылы мен Ат-Башыдагы тоодо жайгашкан бир үйдү тарткам. Ал сүрөт дүйнөгө тарап кетсе болобу? Ошол сүрөт мен үчүн бурулуш чекит болду. Ушул окуядан кийин бул ишимди хобби бойдон калтырбастан чындап кесипкөй деңгээлге чыгарууга аракет кыла баштадым. Ошентип саякатчы-сүрөтчү болуп калгам”,- деди Нурсултан.

Сүрөттөр сүйлөсүн...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттөр сүйлөсүн...

Фотограф Кыргызстандын булуң-бурчундагы жерлерди сүрөткө тартып, эмне деген жер, эмнеден улам мындай аталып калган деген сыяктуу учкай маалыматты же уламышты кошо жарыялап коёт. Көрсө чет элдик туристтер эле эмес, кыргызстандыктар да ал тууралуу далай маалымат алып, туризм өнүгөт экен. Ишке берилгенде ага убакыт бөлсөң, каражат жумшасаң бул өзүнчө инвестиция. Ошол инвестиция канчалык эрте, туура салынса анын акыбети кайтат экен.

Кечки Бишкек...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кечки Бишкек...

“Башында эч кандай киреше тууралуу ой болгон эмес, жөн гана хобби катары. Андан кийин сүрөттөрүмдү сатып алгысы келген кардарлар пайда боло баштады. Сүрөттөрдү профессионалдык фотоаппаратка тарткандыктан сапаттуу болот. Анан мен сүрөттөрдүн түстөрүн мыкты бериш үчүн аларды кайрадан иштетем (обработкалайм). Ошолорду туура жасаганда сүрөттөрдү сатып алышат. Мисалы, ар кандай гезит-журналдар сүрөттөрүмдү сурашат. Кыргызстандын мамлекеттик туризминин департаментинин сайтынын башкы бетинде менин сүрөтүм турат. Сүрөттөрүм Дубайда,Түркияда, Түркмөнстанда, Орусияда көргөзмөлөрдө болду. Азыркы учурда мен сайт түзүп жатам. Ошол жерде галереям болот. Сүрөттөрүмдү колдонгусу келген адамдар, ал сайттан сатып алышса болот.

Суу - өмүр, суу - кан тамыр...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суу - өмүр, суу - кан тамыр...

Ошондой эле мага соцтармактардан улан-кыздар жазып, Кыргызстанды ушундай дүйнөгө таанып жатканыңыз үчүн сыймыктанабыз деп, ыраазычылык билдиргенде кадимкидей көңүлүм өсөт. Канат байлап калам”,- деп кошумчалады Нурсултан.

Жарашыктуу ак кайың...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарашыктуу ак кайың...

Сүрөт ачып берген жаңы каалгалар...

Жолдор бүтпөйт... Чыгыштан батышка, батышкан чыгышка, төрт тарапка чубалып жатат...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жолдор бүтпөйт... Чыгыштан батышка, батышкан чыгышка, төрт тарапка чубалып жатат...

Сүрөт тартам деп майдан октябрга чейин бир күн да шаарга турбай жер кезем деп оюма да келген эмес. 2021-жылы график ушундай жыш болду. Биз тоолорго жумалап барып, кыдырып жаттык. 5-6 күн Нарынга барып, кайра келип кийимибизди алмаштырып, даярданып алып кайра эртеси Ысык-Көлгө чыгып кеткен учурлар болуп жатты. Мындайча айтканда көп саякаттадым. Ушул күнгө чейин 5 областты кыдырдым. Анан дагы көптөгөн туристтик уюмдар, компаниялар менен иштешкенге мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Ошондой эле көптөгөн адамдар менен тааныштым. Ар кандай коомдук ишкерлер, бизнесмендер, мага окшогон сүрөтчүлөр менен байланыштарды түздүм. Дагы бул чөйрөдөн өзүмө жакын досторду таптым.

Айылым келет эсиме сыздап анан, андагыдай сагыныч кыйнабаган... Э. Иманалиев.

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айылым келет эсиме сыздап анан, андагыдай сагыныч кыйнабаган... Э. Иманалиев.

Сүрөт тартуу - фотоаппарат менен аң уулагандай эле...

Нурсултан Аттокуров

Сүрөттүн булагы, Нурсултан Аттокуров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурсултан Аттокуров

Сүрөт тартуудан мурун пландайбыз. Мисалы, ал жер кайсыл мезгилде даяр болот? Жазында барсаң эрте, күзүндө барсаң саргарып кеткен дегендей. Жайында кулпуруп турган болот. Ушуну изилдейбиз. Анан ал жерге жөнөйсүң. Ошол көз ирмемди кармап калуу үчүн таңдын атышын же күндүн батышын күтмөй. Ошол жер жакшы көрүнүшү үчүн, масштабды берүү үчүн фотоаппаратты көтөрүп алып тоо-ташка чыгып кыдырмай. Кадимки эле кийикчи бул жерден айдайт, баланча жерден тостот дегендей эле баарын кылдат пландайсын. Күндүн ылайыгын күтүп жатканын жаткан...

Мээнети көп, нөшөрдө каласың, чоң сумкаларды көтөрүп алып 4-5 күндөй 10-12 сааттап басып жүргөнго туура келет. Кээде ысык, кээде ызгаар дегендей. Бирок саякат ошонусу менен кызык. Бул кара жумушу деп коёлу. Анан өзүңдү өнүктүрүш үчүн окуп, курстарга катышып турмай.

Эрендердин эр оюну көк бөрү...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрендердин эр оюну көк бөрү...

Фотого толгон сандык...

Кызгалдак...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызгалдак...

Купулума толгон сүрөттөрдун саны эки миңдей го. Иргегенге чейинки сүрөттүн саны 60 миңден ашуун. Бир барганда аз дегенде 300-400, максимум 3000дей сүрөт тартам.

Караныңдан кагылайын Ала-Тоо...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Караныңдан кагылайын Ала-Тоо...

Сүрөт дүйнөсүнө дүбүртү чыккан сүрөттөр...

Бул сурөттү көрүп калып, дал ушул жерге Германиядан ат арытып келишкен...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөттү көрүп калып, дал ушул жерге Германиядан ат арытып келишкен...

Элден жакшы сын-пикир алган сүрөт – бул “Алёшканын үйү”. Дүйнө жүзүнө тарап кетти. Бул сүрөт Дубайда көргөзмөдө болду. Туризм департаментинин сайтында дагы ушул сүрөт турат. Аны көрүп Кыргызстанга эки немис кыз – фотографтар келип кетти. Бир сүрөт аркылуу Кыргызстанды канчалаган жерге таанытканга шарт түзүлдү.

Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен, айдалып баратканда ак булуттар... О. Султанов

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен, айдалып баратканда ак булуттар... О. Султанов

Экинчиси болсо, Балыкчынын үстүндөгү булут тартылган сүрөт. Булут катты деп коюшат экен, булут кат-кат болуп "катып" калат экен. Илимий тилде лентикулярдык булут деп аталат. Күн батып бараткан учур эле. Ошол үчүрда: күн батып баратканда, булут катканда, ошол жерде фотоаппаратым менен болуп калганым, мага кудайдан буйругандай болду.

Койдун пири Чолпон ата

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Койдун пири Чолпон ата

Дагы бир сүрөтүм – эрте күздө Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда тартып алган сүрөт. Биз барганда жамгыр жаап, жаңы ачылып бара жаткан кез экен. Койлордун жайылып жургөнүн тарткам. Артында болсо кайың токой саргарып, анын үстүнөн туман көтөрүлүп турат. Бул сүрөтүм бүткүл Кыргызстанга тарады. Ошондой эле Ала-Көлдөн тартып келген сүрөттөр, түндүк-түштүк альтернативалык жолду тарткан сүрөттөр - аларды эл жылуу кабыл алды.

Тоолорду казбай коюнун өзү байлык...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоолорду казбай коюнун өзү байлык...

Тоо кезген саякатчыдан кеңеш

Негизи башында бир күндүк турларга чыгып баштаганыңыз оң. Алар анчалык деле кымбат эмес. Өзүңүздү физикалык жактан даярдаш керек. Анан акырындап көп күндүктөргө чыгып баштайсыз. Эң башкысы бут кийим керек. Андан кийин жакшы сумка. Көпчүлүгү кандай кийинишим керек деп ойлонушат. Аларга биринчи “чыгып көрчү” деп айтам, андан кийин билинет.

Бут жетпеген тоолорго мусор жеткен...

Биз тоого чыккан сайын жолдо көрүп калган таштандыларды чогултуп келебиз. Өзүбүздүн туристтер таштанды ыргытпайт. Мисалы, чирип кетчү нерсе болсо калтырабыз, ал эми пластик, кагаздарды калтырбаганга аракет кылабыз. Кээде ишембиликтерди уюштурабыз. Тоого чыгып жөн эле от жага бербейбиз. От жагарда чирип калган бутактарды алып жагабыз. Анан дагы тоодо жүргөндө көрүнгөн жерге жол салып кете бербейбиз. Бир жол менен чыгып, ошол жол менен түшкөнгө аракет кылабыз. Себеби шиберди ой келди тебелей берген болбойт.

Мөңгүнүн кемигени кейитет...

Улуу тоонун ак кар, көк музу кемибесин...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуу тоонун ак кар, көк музу кемибесин...

Кээде тоолорго чыкканда мурунку жылга салыштырмалуу кийинки жылы мөңгүлөрдүн азайып калганын көрөм. Бул дагы бир чоң көйгөй.

Кайберендер...

Сүрөттүн булагы, Н.А.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кайберендер...

Акылай Сагынбек кызы