11 жыл… Европанын жарымын жөө баскан качкын баланын окуясы

Халил Сириядан кеткенде алты жашта эле. Ошол убакта өлкөдө президент Башар Асаддын режимин каршы жарандык согуш эң күчөп турган учур эле. Миллиондогон сириялыктар үй-жайын таштоого мажбур болуп, тентип чет өлкөгө качышты. Алардын арасында бул баланын да үй-бүлөсү бар эле. Ал убакта бул өспүрүмдүн үй-бүлөсүнөн бөлүнүп, жети өлкөнүн чек арасынан жөө өтөрү түшүнө да кирген эмес.
Халил Сириянын батышындагы Хомс шаарында атасы, апасы жана эки карындашы менен бейкапар жашап турган эле. Атасы такси болуп иштеп жаткан.
Хомс – Сириядагы үчүнчү чоң шаар, согушка чейин аякта бир жарым миллион эл жашачу. 2011-жылдын башында шаардын жашоочулары президент Башар Асадды кулатуу чакырыгын колдоп беришкенден кийин көтөрүлүшчүлөр менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы айыгышкан кармаштын чордонунда болуп калды.
«Менин шаарым эки тоонун ортосунда эле, күн сайын кагылышуулар болуп атты»,-деп эскерет Халил. - Мен куралдардын оозунан от бүркүлүп, аскерлер менен көтөрүлүшчүлөр бирин бири атып жаткандарын көрдүм. Мен аябай корктум».
2015-жылы көтөрүлүшчүлөр Хомсту көзөмөлдөй албай, шаардан кетүүгө аргасыз болушту. Шаар өкмөттүн колуна өттү.
Көтөрүлүш убагында он миңдеген адам терроризмге каршы күрөш деген негизге таянуу менен камакка алынды. Анда каршы чыккандын баарын эле терроризмге айыптоо оңой иш болчу. Ошентип Халилдин атасы да темир тор артына түштү.
«Бийликтер аны түрмөгө салышты. Ал чыгып келгенде биздин башыбыздан көп окуялар өттү», — дейт өспүрүм бала.
Качкын баланын он жылдан ашык убакытка созулган одиссеясы ушинтип башталган.
Биринчи турак – Ливан
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Согуш башталгандан бери 12 миллион сириялык үй-жайын таштап тентип кетти. Алты миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти.
Болжолдуу эсепке караганда, бир жарым миллион сириялык азыр коңшулаш Ливанда турат. 5, 3 млн калкы бар Ливан дүйнөдөгү элдин ичинде качкындардын үлүшү эң көп өлкө болуп калды.
Халилдин үй-бүлөсү дагы башында Ливанга келди. Алар сириялык досунун үйүндө бир жылча турушту да, бир убакта Ливанда келечек жок экенин көздөрү жетип бул жактан кетүүнү чечишти.
Ошентип алар Түркияга жол алышты. Учак менен эле мыйзамдуу барышты.
Сирияда согуш башталганда Түркия сириялыктар үчүн эшигин жапкан жок, азыркы күндө бул жакта катталган эле сириялыктар 3, 6 млндон ашат.
Түркия дүйнөдөгү качкындар эң көп топтолгон өлкө болуп калды.
Халилдин үй-бүлөсү 16 млн калк жашаган, анын ичинде жарым миллион сириялык баш паанек тапкан Стамбулда орун очок алды. Ал жакта төрт жыл жашашты, бирок жергиликтүү калк менен качкындардын ортосунда мамиле курчуган сайын аралашып жашоо кыйын болуп баратты.
«Стамбулда түрк балдары мага келип, эмнеге Сирияга кайра кетпейсиң деп айтышчу. Мен көп эле көйгөйгө туш болдум. Бирок мен отура берсем эчтеке өзгөрбөй турганын түшүндүм. Мен жашоо үчүн күрөштү улантуум керек эле»,-дейт Халил.
2019-жылы Түркия качкын сириялыктарды кайра Сирияга депортация кылат деген кабар дүрт этти. Бирок түрк өкмөтү андай болбойт деп билдирип жатты.
Ошого карабай, Халилдин үй-бүлөсү алыска кетүүнү чечти. Алар Түркиянын түштүк-батышындагы Бодрум шаарына келишип, ал жактан Эгей деңизи аркылуу Грецияга жөнөмөк болушту.
Үч жолу жолго чыгышты, бирок үч жолу тең жолдору болбоду. Төртүнчү аракет болгондо гана Халил менен анын үй-бүлөсү гректердин Кос деген аралына 50 чакты адам менен араң жетишти.
«Бизге түш сыяктуу сезилди. Биз бактылуу болуп, өзүбүздү коопсуз сезип, кудайга ыраазы болуп жаттык. Биз кыйынчылыктарды жеңдик деп ойлодук. Эми келечекти курабыз дедик», — дейт Халил.

Сүрөттүн булагы, AFP
«Уулум, көзүң жетеби"?
Бирок бактылуу түш көпкө созулбады. 2020-жылы мигранттар менен качкындар түшкөн кайыктарды Грециядан кайра Түркияга жөнөтүп жатышкан учурлар тууралуу сөз тарады.
Укук коргоо уюмдары гректердин өкмөтүнө кайрылып, баш паанек издеген адамдарга жаман мамиле кылып жатканы үчүн тилдеп башташты. Бийликтер эч нерсени моюндашкан жок.
Ибрагим кезек аларга да жетет экен деп корко баштады. Ошондо Халил бөлүнүп кетели деп сунуш кылды. Ал Европага жалгыз жөнөмөй болду.
«Менин атам адегенде «болбойт» деди. Бирок менин сунушумду ойлонуп көрүп, «уулум, сенин көзүң жетеби»? деп сурады. «Мен «ооба» деп жооп кайтардым. Ошондо атам мени жакында жолго чыгасың деп айтты»,-дейт Халил.
2020-жылы октябрда Халил үй-бүлөсү менен коштошуп, качкындардын тобуна кошулуп, Албанияга жол тартты. Ал болгону 13 жашта эле.
Алар 165 км жол басышты - тоо басып, дарыяларды кечип, тамагы жок, колдо болгону кургатылган жемиш салынган банка менен шоколад.
Алардын эң башкы оокаты суу жана уктоочу мүшөктөр эле. Жолду катар эмне көрсө, ошонун баарын телефонго тартып жүрүп отурушту. Кийин жакындарына айтып бергенге керек болот деп ойлошту.
Эки аптадан кийн качкындар Косовонун баш калаасы Приштинага жетишти. Кичине тыныгып алып андан ары жол улашты – Сербия тарапка бет алышты. Ошентип 2020-жылы ноябрда Халил Белградка барды.
«Жетишет мага, абдан чарчадым», — деп сербдердин баш калаасынын аймагына эртең менен саат беште буту тийген учурда ал телефондун камерасына айтты.
Ошол видео саламды ал өзүнүн үй-бүлөсүнө салып жиберди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жол болбогон аракеттер
Халил андан ары Батышка - Австрия же Нидерландыга барууну пландады. Евробиримдиктин чек арасынан өткөнгө далай жолу аракет кылды: 11 жолу Венгрияга, үч жолу Хорватияга, бир жолу Румынияга. Бирок баарында тең жолу болбоду.
Төрт ай текке кетен аракеттен кийин баланын ден соолугу начарлады, табияттын ысык-суугунда, тоо-ташын аралап жөө басуунун кесепети сезиле баштады.
Жаңыдан узак жолго чыкканга ал-күчү жок калды. Ошондуктан Халил тагдырга баш ийип, Белградда орун очок ала баштады.
2015-жылдан баштап, кээ бир маалыматтар боюнча, миллиондон ашык мигрант жана качкындар так ушул Балкан маршруту менен Евробиримдиктин өлкөлөрүнө жетүүгө аракет кылышты.
Европанын качкындар жана мажбур эмигранттар иштери боюнча кеңешинин маалыматы боюнча, миңдегендер аткезчилерден, чек арачылардан мигранттар көп кордук көрүштү. Жол жүрүп баратканда өмүргө коркунуч көп болуп, оор шарттагы жашоону баштан кечиришти.
«Белград — менин шаарым деп айта албайм, бирок мен азыр бул жерде бактылуумун», — дейт азыр он жетиге чыгып калган Халил.
Ал сербдердин баш калаасында жашап атканына үч жыл болду. Бул жерде анын жашаган жайы бар, англис тилин окуп жатат, жаңы досторду тапты.
«Мына менин бөлмөм. Бул менин сүрөттөрүм. Мен сүрөт тартканды жакшы көрөм»,-дейт Халил журналисттерге өзүнүн жупуну бөлмөсүн көрсөтүп. Аны качкын балдарга жардам көрсөткөн Jesuit Refugee Service (JRS) бейөкмөт уюму алып берди.
Дубалда сүрөттөрү илинген. Анын бирөөндө Халилдин апасынын аты биринчи тамгасынын ичине жүрөкчө кошулуп тартылган. Экинчи сүрөттө – периште кыздын деңизден асманга карай канат жайып учуп баратканы тартылган.
«Бул кыз жалгыз, мен аны тартып жаткан учурда өзүмдү ошондой сезгем», — дейт Халил.
«Мен аягында аябай чарчаганымды сездим, Греция, Албания, Косовону басып өттүм. Бул жакка жеткенде «оо кудай мына эми эс алам дедим. Менин азыркы жашоом жакшы. Кааласам уктайм. Каалаганда мектепке барам».
Соңку глава: үй-бүлөнүн биригиши
Халил Сербияда жүргөндө, атасы кыздары менен Грецияда калган. Ал эми апасы Нидерланддарга жетип, расмий түрдө качкын макамына ээ болду.
2013-жылы сентябрда Нидерланддардын бийлиги бул үй-бүлөнүн биригишине каршы болбой, оң чечим чыгарып беришти. Халил бир нече айдан кийин өзүнүн үй-бүлөсүнө келди. Ал бир туугандарын төрт жылдан бери көрө элек болчу. Азыр эми алардын баарына баш паанек берилди.
Халил келерки жылы коллежге тапшырууну ойлонуп жатат, програмист болгусу келет.
«Мен жаңы досторду таап, согуштан алыста үй-бүлөм менен бейпилдикте жашагым келет», — дейт ал.
«Менин башыман өткөн окуялардын баары мени өзүмө ишенүүгө, кандай гана максат болбосун күчтүү болууга үйрөттү». (МА)











