Дөөлөт Сыдыков: Азыр баарын ачык айтпай турайын

Абдыбек Казиев, Мээрим Догбурбекова,

Би-Би-Си

Кысымга кабылып, Кыргызстандан чыгып кеттим деп жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков Би-Би-Сиге маек курду. Ал чыгып кетүүмө чындап эле олуттуу себеп болду деп жатат. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов манасчынын мындай чечими түшүнүксүз экенин билдирди.

Дөөлөт Сыдыков Москвада Кыргызстандын эгемендигине карата 5 күн 5 түн "Манас" айткан

Сүрөттүн булагы, Дөөлөт Сыдыков

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дөөлөт Сыдыков Москвада Кыргызстандын эгемендигине карата 5 күн, 5 түн "Манас" айткан

Дөөлөт Сыдыков: Эми көрүп жатпайсыңарбы өзүңөр, мурда эле басым болуп келген. Анын ачык-даанасын айтканда деле азыр мага, үй-бүлөмө тынчтык керек, ошол үчүн айткым да келбей жатат.

Би-Би-Си: Табышмактатпай, кичине тагыраак айтсак болобу? Негизи басым ким тарабынан болду?

Дөөлөт Сыдыков: Президент тарабынан деле [болду], өткөндө жазбадым беле, министрден “катуу айтат элем, келсе болмок”, - деп айттырып жибергенин. Ушинтип эле келишкен да булар, “көчүрөбүз, алабыз” деп. А мен ошол жерде жетекчи болгондон кийин, коргодум да. Анан өзү салам-дубай айттырып, ага чейин Марат Турсунбеков, Нургалы Асаналиев, Дамирбек Асылбек уулу менен акыйлашып урушканда, бир топ кишилери бар болчу. Анан ошолордон улам эле кысымдар болуп жатат.

Би-Би-Си: Соңку чечимди кабыл алып, ушундай кадамга барышыңызга түрткөн соңку аракет кандай болду? Ким тарабынан болду? Мисалы, эмне дешти? Коркуттубу? Жеке өзүңүзгөбү, үй-бүлөңүзгө байланыштуубу, эскертүү берилдиби же эмне болду?

Дөөлөт Сыдыков: Жумуштан да кысымдар боло баштады. Эс алууда болчубуз, кайра чыгарып алып, сөгүш башталды. Эмне кысым болгонун мен айтпай эле коеюн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Ачык айтпайын дегендин өзү башка күмөн санап тургандарды ынандырабы?

Дөөлөт Сыдыков: Күмөн санайбы, санай берсин. Мага өз жеримди, элимди таштап кетиш оюнчук же тамаша эмес да. Мисалы, мамлекет үчүн эки киши күйсө, ошол эки кишинин бири менмин. Анан маданият үчүн эки киши күйсө, анын бири менмин. “Манас” үчүн эки киши күйсө, анын бири менмин, эгер бирөө болсо, жалгыз менмин. Анан ушундай болуп турган чакта үй-бүлөмдү алып кетүү жөн эле эмес да.

Би-Би-Си: Сиз канча убакыт чет жакта болом деп болжоп жатасыз?

Дөөлөт Сыдыков: Билбейм, айта албайм.

Би-Би-Си: Дөөлөт ага, эгер сыр болбосо, кайсы жакка кеткениңизди айтууга мүмкүнбү же мүмкүн эмеспи?

Дөөлөт Сыдыков: Азыр ачык айтпай эле турайынчы.

Би-Би-Си: Өзүңүз манасчы болсоңуз, саясатчы эмес, өнөр адамы дегендей, анан манасчы өзү сүрөттөп айтып келген кереметтүү Ала-Тоодон дейли, касиеттүү кыргыз жеринен оолактап кеткени сиздин өнөрүңүзгө, айтуучулук касиет-чеберчилигиңизге кедергисин тийгизет же тийгизбейт деп ойлондуңузбу?

Дөөлөт Сыдыков: Эми мен бул жерден айла жок кеттим да. Айла жок кеттим. Сиз айткандай мен саясатчы эмесмин. Манасчымын. Айла жок, кудай башка салганды көрөбүз. Каякта болсом дагы “Манасты” барктай берем, даңктай берем.

Би-Би-Си: Садыр Жапаров башында турган кыргыз бийлиги дейли, “Манас” дүйнөсүнө буга чейинки президенттерден көбүрөөк оң көз менен карап жатат, шарт түзүп жатат, театр ачып жатат деп жаткан шартта, Дөөлөт Сыдыковго мындай мамиле болушу мүмкүн эмес эле деп таң калгандар болуп жатат...

Дөөлөт Сыдыков: Театр ачып, “Манас” айткандарды артист кылып койгон менен эле иш бүтпөйт да. Анан ошол театрга иштеп жаткан “Манас” аткаруучулар, кээ бир манасчы сөрөйлөр жанталашып, айлыгын акташ үчүн “Манас айылынын” жерин берерде “ал президенттин иш башкармалыгына караштуу да” дегендер болду да. Туура, президенттин иш башкармалыгына караштуу, бирок Манастын жери. Ошол манасчылар, манасчы болумуштар эч убакта өздөрүнүн кызыкчылыгын “Манастан” жогору койбош керек. Буну дагы арбакка койдум. Чындыкты көрүп, калыс пикирин айткандар аз экен, аларды деле көрдүк. Манас атабыздын өзүнүн жеринде “Манастын” өзүнө орун жок болуп калган заманга келип калыптырбыз. Бул жакшы эмес да.

Би-Би-Си: Дөөлөт ага, мына сиз нааразы болуп жаткан кыргыз бийлигинде “Манас” дүйнөсүн абдан жакшы түшүнөт, адабиятты абдан жакшы түшүнөт деген адамдар бар да. Сиз ошол кишилер менен акылдашып, кеңешип көрдүңүзбү?

Дөөлөт Сыдыков: Кимди айтып жатасың билбейм, бирок баары эле көрүп жатышат да. Эмнени кеңешем?

Би-Би-Си: Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров, ал жерди эч ким тартып алайын деген жок, анын ордуна кайра эле жаркыраган ордо курулат деп түшүндүрмө бербедиби, ошол сизди ынандырган жокпу?

Дөөлөт Сыдыков: Анын баары калп. Эң башында келгенде эле, Нургалы Асаналиев “бул жерди алып, артын түздөйбүз, ары жагын оңдойбуз” деп келген. Анан ары жагын, дагы ээн жери бар да батыш тарабында, ошол жакка үйлөрдү салабыз деген. Андан мурун Марат Турсунбеков деген арабдарды алып келип, эч кимди көзүнө илбей эле жөөлөп, коркутуп кирип эле “бул жакты бузабыз, мындай кылабыз...” деп жүргөн.

Би-Би-Си: Жерди тартып алабыз деп жатат, “Манас” айылын көчүрүп жиберебиз деп жатат деп өз чындыгыңызды айтып жатасыз. Ошол эле учурда “андай болушу мүмкүн эмес” деп, ал жерге кийин заңгыраган “Манас ордо” курулуп калса, Дөөлөт Сыдыков уят болуп калбайбы дегендер дагы бар. Кандай деп жооп берет элеңиз?

Дөөлөт Сыдыков: Президенттин тапшырмасы менен, президенттин иш башкармалыгынын аткаруусу менен конкурс өткөргөнбүз. Ошондо үч эле киши тапшырган.

Бирөөсү ыраматылык Керексизов Кытайга тургузган боз үйдү, кабат-кабат боз үй бар го, ошонун эле долбоорун көчүрүп келиптир.

Экинчиси жөн эле туулга болгон төрт жолдун кесилишине кое турган мурда илгери жасап койгон нерсесин алып келип коюптур.

Үчүнчүсү биздин окумуштуулар, манасчылар, “Манас” дүйнөсүнө, кыргыз дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар, илимпоздордун баары чогулуп, концепция жазып, ага кол койгонбуз. Ошол концепцияны алып барып алардын талкуусуна койгом. Ошол концепциянын негизинде конкурс өттү да. Концепцияга так, даана жооп берген эскиздик долбоорду он эки кишиден турган калыстар тобу тандап алган.

Бир жылдан бери улам ондолуп, түздөлүп келгенден кийин аны акча жок, кура албайбыз, “Манастын айылын” көчүрүш керек , өйдө жакка алып барыш керек, жок эле жок деп келип отуруп, “Манас айылынын” чегин бузуп киргенде, биз чыркырап айтып чыкканда, даяр турган долбоорду жасабай, ишке ашырбай, эки күндө эле даярдай коюп, мына ушуну салабыз деп элди алдап коюшту.

Бул “Манас айылы” көчүрүлмөк, салынмак эмес, салынат деген жок болчу, жөн эле ал жакты парк кылып оңдоп коебуз деп жатышкан. “Манас айылын” өйдө Арашан жакка көчүрөбүз деп деле президенттин кеңешчиси айтып чыкпады беле. А мен кечээки жарыялаганым конкурс болордо топосьемканы “Кыргыз курулуш сервистен” алып туруп жарыялаганбыз. Ошол топосьемкадан президенттин иш башкармалыгы жарыялаган долбоорду карасаңар көп жери кемип кеткен. Каякта ал? Ак үй жактагы жердин баарын киргизип кеткен, анын батыш тарабындагы жерлердин көбү жок. Эмнеге аларды айтпайт? Калп эле үч гектардан сегиз гектарга чейин чоңойтуп жатабыз дешет, ал андай эмес, өзү тогуз гектар жер, а калган бир гектар жери кайда калат анда?

кызыл сызык
Эдил Байсалов

Сүрөттүн булагы, Эдил Байсалов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эдил Байсалов

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов манасчынын мындай чечимин өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу комментарийледи:

"Эми көңүл жылытарлык иштер жасалып жатканда, көңүлдү иренжиткен дагы адамдардын чыгары турган иш экен. Андай окуянын бири Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду. Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем.

Эми президент өзү барып, жаңы Манас айылы кандай болорун көргөзүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым".