Москвада Дөөлөт Сыдыков беш күн-беш түн "Манас" айтууда

Дөөлөт Сыдыков

Калыйнур Калмурза уулу, Москва

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арнап, Москва шаарында "Манас" айтып жатат. "Манасты" 5 күн, 5 түн айтып, бул аркылуу ал Гиннестер китебинде жаңы рекордду жаратууну пландаган. Гиннес уюмунун жобосуна ылайык, бир сутканын ичинде эки сааттык гана тыныгуу берилет.

Дөөлөт Сыдыков

"Манастын" Москвада айтылышы дүйнөлүк мааниге ээ"

Гиннес уюму менен сүйлөшүүлөрдү Солтобек Болотбеков жүргүзүүдө. Гиннес уюмунун талабына ылайык манасчынын ар бир кыймыл аракети 5 күн бою толук видео тасмага түшүрүлүүгө тийиш. Ошондой эле атайын илимпоздордун катышуусунда байкоо жүргүзүлүшү шарт.

Серепчилердин курамында филология илимдеринин доктору, Манас таануучу, профессор Жылдыз Орозобекова бар. Ал азыркы болуп жаткан иш чаранын мааниси тууралуу буларга токтолду:

 - Бул эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган тарыхый иш чара болуп атат. Андан тышкары азыркы санариптик доордүн жогорку чекте өнүгүп жаткан мезгилинде адам баласында тарыхты ооз эки түрдө айтып калган эл бар экендигин, анын өкүлү манасчы экендигин, бул өтө сейрек кездешкен нерсе экендигин таанытуу.

- Кыргыздын "Манас" эпосу дүйнө коомчулугуна эмнеси менен маанилүү?

- "Манас" эпосунда манасчы бир эле кыргыз элинин басып өткөн тарыхын айтпайт. Он сегиз миң ааламдын, жер дүйнөнүн жаралганынан баштап, бүткүл түрк дүйнөсүнүн тарыхтары, европа элдеринин айрым тарыхтары классикалык вариантта камтылат. Андан тышкары Дөөлөт Сыдыковдун айтуусунда дагы жаңы варианты бизге береби, бул да бизге абдан маанилүү.

Манасчы дегендин өзү өтө көп компененттүү индивид. Адамдын адабий чыгарманы аткаруудагы виртуалдык мүмкүнчүлүгү, физиологиялык түзүлүшү канчалык деңгээлде деген илимге аябай чоң суроо жараткан феномендин өзү. Адамдын мээ түзүлүшүнө канчалык деңгээлде маалымат батат жана ал жаңылбастан ал тарыхты кантип изин кубалап көрүп тургандай айтып берет – деген илимде көп суроолорду жаратып, ушул кезде биздин манасчыларыбызды илимдин алкагында семиотикалык изилдөөгө алуу өтө чоң резонансты жаратып турган кези. Мындай манасчылар биздин гана кыргыздын пешенесине жазылган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

-Улуу манасчылардын арты үзүлбөйбү, классикалык Манасты айткан муун барбы азыр?

 - Азыркы кезде улуу муундагы манасчылардын аягы суюлуп жок болуп калса дагы, азыркы 21-кылымдын Дөөлөт Сыдыков өңдүү классикалык варианттын негизинде айтып жаткан манасчылары бизди таң калтырбай койбойт. Демек, кыргыз болуп турган кезде, демек, дайыма анын манасы болуп, манасчысы болуп, ал дайыма ар бир кыргыздын генетикалык, физиологиялык, биологиялык генинде таралып турарынын далили деп билебиз.

 -Эмне себептен "Манас" Кыргызстанда эмес, Москвада айтылып жатат?

- Бул эми Орусиянын борбору Москва шаарында уулу кыргыз элинин урпагынын улуу "Манасынын" айтылышы дагы дүйнөлүк мааниге ээ. Москва - маданияттын борбору.

- Орусиядагы мекендештер кандай кабыл алды, манас угуу үчүн келген мигранттардан эмнени байкай алдыңыз?

- Биз саат тогузда ачылат десек, алар саат сегизде эле келип алышыптыр. Биздин уул-кыздарыбыз, мүмкүнчүлүгү барлардын баары келишкендиги таң калдырды. Мекенине болгон сүйүүсү, мен кыргызмын деп, манасты коштоп тургандагысы, албетте, жүрөк кубандырды. Мен ойлоптурмун, мигрант десе эле жалаң жаштар кеткен экен деп. Бул жерде алды аксакал, жаш келин, байбиче, жаш өзгөчөлүгү ар кандай катмардагы биздин жарандарыбыздын баардыгы бар экен. Анча-мынча көөдөнүмдөгү, жүрөктөгү түпөйүлдү жай кылганы менен көкүрөгүмдү ачыштырып турат. Мен ушунчалык каалайт элем, Манастын урпагы Манастын мекенинде жашаса деп.

- Гиннестер китебине кандай шарттар менен кабыл алынат?

- Мен ушул жерде серепчи катары отурам. Гиннестин талабы боюнча өзүнүн мекенинен илимпоз эксперт керек, андан тышкары эл аралык эксперт керек. Серепчилер биз "Манас" айтылып бүткөндө канча сап айткандыгын, кайсыл окуядан кайсыл окуяга чейин келгендигин, "Манастын" эпикалык структурасындагы сюжеттик композициясынын түзүлүшүн бузбай айттыбы, классикалык варианттын өзүн айттыбы, кимдин вариантына жакын айтты, идеологиясы бузулган жокпу, окуялар кырааты менен кеттиби, чын эле манасчылык туу чоку менен айтып бердиби деген сыяктуу көптөгөн суроо түрмөктөрүнө тыянактарды жазып беребиз.

Манасчы ордуна отуруп айткандан баштап аудио жана видео запись жүрүп жатат. Элге дагы жаңырып жатат. Биз мунун оригиналын сактап кагаз түрүнө түшүрөбүз. Уюмдун койгон талаптары, эрежелери толук сакталыш керек.

Дөөлөт Сыдыков

"Манас" өзү бир сыйкырдай"

"Манас" угуу үчүн келген каалоочуларга эшик ачык. Алардын айрымдарын сөзгө тарттык. 60 жаштагы Чекелекова Сыйнат апа көп жылдан бери Москвада.

 - Кыргызстанда болбодубу, ошону көрүп отуруп "Манас" өзү бир сыйкырдай сезилди. Мындай жакын көргөн эмесмин. Жаш кезде жүрө берет экенсиң да. Азыр көрүп абдан кубанып атам. Кыргыздар азамат. Дөөлөттүн жанында отуруп көрүп өзүмдү ушунча бир башка дүнүйөдө жүргөндөй сездим. Кетким келбей кечке отурам. Ушунун баарын уюштуруп алып келген адамдарга чоң рахмат.

Дөөлөт Сыдыков өткөн жылы Бишкек шаарында 14 саат 27 мүнөт "Манас" айткан. Команданын бир бөлүгүнүн катачылыгынан улам Гиннеске катталууга мүмкүнчүлүк болбой калган. Бул жолу жаңы түзүлгөн команда иш алып барууда.