"Мени куткарып калгыла": Россия үчүн согушка алданып барган индиялыктар

Өткөн аптада Индия өкмөтү Украинадагы согушка алданып барган 91 индиялыктын бир тобун Россия бошотконун жарыялады.
Адам кара чымындай кырылган согушту көрүп, жан соога сурап кайрылган индустардын алды үйүнө кайтса, башкаларын кайтаруу процесси жүрүп жатат. Би-Би-Си кабарчысы Нейаз Фаруки үйүнө кайта элек индиялыктардын кээ бири менен алардын башындагы кыйынчылыктары жөнүндө сүйлөштү.
"Мен коркуп жатам. Мен аман-эсен келемби же табыт менен кайтамбы, билбейм. Сураныч, мени куткарып калгыла".
Мурдагы жоокер Урген Таманг февраль айында Россия үчүн согушуп жүргөн жеринен бошоп чыгардан бир нече күн мурун Түштүк Украинанын аймагынан Би-Би-Сиге ушундай билдирүү жөнөткөн.
Таманг согушка алданып барган 91 индиялыктын бири. Алардын көбү жакыр үй-бүлөнүн балдары, шылуун ортомчулардын акча жана жумуш беребиз деген тилине кирип азгырылып барып, согуш талаасына түшүп калгандар.
Көбү Украинанын Россия көзөмөлдөгөн аймагындагы аскер бөлүктөрүнө түшкөн. Алар эч кандай аскердик даярдыгы жок туруп эле, миналардын, дрондордун, ракеталардын жана снайпердик чабуулдун тозогуна салынды.
Буга чейин согушта тогуз индиялык курман болгону кабарланган. Ал эми Индия бийлиги адам сатуу кылмышы боюнча үчүн 19 шектүүнү камакка алганын айтууда.
Июль айында Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Москвага болгон сапарынан кийин Россия өзүнүн армиясында согушуп жүргөн бардык индиялыктарды мөөнөтүнөн мурда бошотууну убада кылган.
Бул маселени Моди президент Путин менен жолугушуу убагында көтөргөн. Эки өлкө көптөн бери жылуу мамиледе келатат. Андан бери орустар үчүн согушуп жаткан индиялык кырк беш жаран бошотулду. Кээ бирлери үйүнө аман-эсен кайтып келсе, башкалары Таманг сыяктуу жолдо жүрөт.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Февраль айында орус армиясына кошулган раджастхандык электрик Сунил Карва: "Мен ал жерден кеткениме ишене албайм", — дейт.
Ал Украинанын чыгышындагы айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан Бахмут шаарына жакын жерден кайтты. Би-Би-Си менен Москванын аба майданында учуп кетер алдында сүйлөштү.
Ал согуштун азап-тозогун айтып берип жатып, өзү менен кошо барган кошуна айылдык жигитке ок тийгенин көрүп жанынан түңүлгөнүн билдирди.
"Ал башында жарадар болгон, бирок толук сакайып чыга электе эле кайра согушка айдашты. Келгенде эле эс-учун жоготту. Азыр шал болуп калды", - деди ал.
Жалдангандардын көбү ага окшоп 19 жаштан 35 жашка чейинки жумушчулар экен, аларды Индия, Дубай жана Россиядагы агенттер азгырып алып барышкан.
Алар кол койгон келишим орус тилинде болгондуктан, эчтеке деле түшүнгөн эмес. Бирок алар жакшы ой жана үмүт менен барышкан.
"Процесс абдан тез болду — сүрөтүбүздү чаптап, шарт-шарт кол коюштук, эртеси эле биз согушта болуп калдык",- деди Карва.
Билим берүү боюнча кеңешчинин коллежге киргизем деген тилине кирип, алданып калган Раджа Патан февраль айында армияга айласы жогунан барган.
"Мен ал жакка барганда аскерге чакырган баннерлерди көрдүм. Ал кезде мен ушунчалык көп убактым кетип, акчам жок калгандыктан, тобокел деп аскерге барууну чечтим", — деди ал.
Акыры кан майданга кошо барган эки досунун өлүмүнөн кийин Патан кетүүнү биротоло чечкен. Ал август айында бир орус командиринин жардамы менен бошотулду. Азыр Москвада жашайт жана башка индиялыктарга согуш тузагынан кутулуп чыгууга жардам берүүдө.

Түштүктөгү Телангана штатынан Мохаммад Суфян 12-сентябрда дагы беш киши менен Индияга кайтып келди.
Үйүндө болгон менен ал согуштан көргөн тозокту унута албай кыйналып жүрөт.
"Ал жерде тыным жок эле, башында мен үй-бүлөм менен 25 күн бою бир да жолу сүйлөшө алган жокмун",- деди ал.
Февралда Гуджарат штатынан барган анын досу Хемил Мангукия анын көз алдында окко учканда анын үрөйү учуп, жанынан түңүлдү.
"Ал менден болгону 15 метр алыстыкта болчу, ракета түшүп жарылганда [Херсондо] траншея казып жаткан", — деп эскерет Суфян. "Мен анын сөөгүн унаага өз колум менен салдым. Досумдун өлгөнүн көрүп, кайратым качып, калчылдап калдым".
Ошол окуядан кийин Суфян менен ошол жерде калган башка индиялыктар Индиянын Тышкы иштер министрлигинде маселени көтөргөн депутат Асадуддин Оваисиге кайрылып жардам сураган видеону чыгарышты. Алардын үй-бүлөлөрү дагы Индия өкмөтүнө кайрылып, жардам сурашты.

"Менин үйгө кайтып келгеним керемети иш болду", — деди Суфян менен кошо согушта болгон Кашмирдин тургуну Азад Юсуф Кумар.
"Сен траншея казып жаткан мүнөттө снаряд жарылат, жер сапырылып кызыл-жалын өрт каптайт".
Февраль айында машыгуу учурунда Кумар бутуна кантип кокустан атып алганын айтып берди.
"Менин командирим: "оң колуң менен ат, сол колуң менен ат, жогору ат, ылдый ат" деп кыйкыра берди", — дейт ал. "Мен эч качан мылтык кармап көргөн эмесмин. Күн аябай суук эле. Мылтыкты сол колума алып атканымда ок бутума барып тийди".
Ошондо аны командири согуштан качыш үчүн муну атайы кылдың айыптаган.
"Бирок мен согушка барбай калганыма бактылуумун. Ошол учурда менин лагеримдеги төрт адам курман болду. Мен алардын бири болуп калышым мүмкүн эле",- дейт.
Алданып согушка түшкөндөрдүн бир даары кутулуп чыккан менен, Россия армиясында кан күйгөн согуштун алдыңкы сызыгында дагы эле жан соогалап жүргөндөр көп. Аларды бошотуу кечеңдеп жатат.
Январь айында орус армиясына кошулган Таманг The Indian Express гезитине берген маегинде өзүнүн аскер бөлүгүндөгү башка өлкөдөн барган 15 жоокердин 13 курман болгонун билдирген.
Эң кейиштүүсү, август айында аны аскерден бошотуу чечими чыккандан кийин дагы болбой эки жолу фронтко айдашкан. Мына ошондо ал такыр эч кимге ишенбей калды.
15-сентябрда ал Москвага бара жатканда дагы ишенип-ишенбей турду.
"Мен кеттим, бирок мен сизге жайгашкан жеримди жөнөтө берем",- деди ал. Ал соңку билдирүүсүндө Украинадан үйүнө жөнөп кеткенин жазды. (КС)











