Жапырт кармоо: Кимдер, кандай мөөнөткө камалды?

Азимбек Бекназаров, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова

Сүрөттүн булагы, akipress, kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азимбек Бекназаров, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” 19 мүчөсүн камакка алуу чечимин кабыл алды. Ички иштер министрлиги “Кемпир-Абадды коргоо комитети” кыймылынын мүчөлөрүн "Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 23-октябрда кармаган.

Кармалгандардын басымдуусу 20-декабрга чейин камалды. Сот активисттердин жана саясатчылардын бөгөт коюу чарасын 24-октябрь кечки саат 22:00 чамаларында карай баштап, 25-октябрь таңкы саат бешке жакын аяктады.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, камакка алынгандар 20-декабрга чейин ЖАКтын №21 мекемесинде (№1 тергөө абагында) кармалат. Алар:

• Жениш Молдокматов;

• Равшан Жээнбеков;

• Бектур Асанов;

• Клара Сооронкулова;

• Гүлнара Журабаева;

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

• Кеңешбек Дүйшөбаев;

• Эрлан Бекчороев;

• Айданбек Акматов;

• Асия Сасыкбаева;

• Кубанычбек Кадыров;

• Али Шабдан (Чынарбек Шабдан уулу);

• Айбек Бузурманкулов;

• Перизат Суранова;

• Чынгыз Капаров;

• Таалай Мадеминов;

• Нурлан Асанбаев;

• Рита Карасартова ;

• Улукбек Маматаев (22-декабрга чейин);

• Азимбек Бекназаров (23-декабрга чейин).

Бул иштин дагы бир фигуранты, активист Талант Эшалиев сотко тез жардам унаасы менен жеткирилип, бирок ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк сот аны үй камагына чыгарганы белгилүү болду.

Активист Али Шабдан соттун чечимине нааразы болгонун айтып, журналисттерге “айыптоолорду окусаңар - анекдот” деген комментарий берди.

“Булар Кемпир-Абадды бекитип берип жатышат. Кемпир-Абад кыргыздын жери, Садыр [Жапаров] менен Камчыбек [Ташиевдики] эмес. Булар Кемпир-Абадды бийлигин кармап калышы үчүн атайын берип атышат”, - деди экс-депутат Равшан Жээнбеков.

Ал эми 25-октябрда сот активист Атай Бейшенбек жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаевдин бөгөт коюу чарасын карап, аларды 20-декабрга чейин №1 тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алды. Отурумда активист “Кемпир-Абадды коргоо комитетине” кирбестигин, эч кандай жыйындарга катышпаганын билдирди.

“Бул жумушчу топ менен байланышкан да эмесмин. Бирок эмнегедир тергөө мени “ошол жерге чогулуп, мыйзамсыз кадамдарга бармак” деген жүйөнү коюп атышат [...] Мага коюлуп жаткан айыптардын биринде дагы менин тиешем жок [...] Бул жөн гана жалган-жалаа менен менин оозумду жаап коюу”, - деди Бейшенбек.

Аталган кыймыл Өзбекстан менен чек ара тактоо ишиндеги жер алмашууда Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы болгонун билдиришкен. Жарандык уюмдар күч органдарынын кадамдарын сөз эркиндигине болгон кысым катары баалашты.

Кемпир-Абад - ал жөн эле шылтоо

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген комментарийинде соңку кармоолор боюнча пикирин айтты. Өлкө башчы активист, депутат, ошондой эле “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров менен буга чейин Кемпир-Абад маселеси менен жолугушканын кошумчалады.

“Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып: "Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле", - дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты. Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам”, - деди Садыр Жапаров.

Президент кармалгандарды “Кемпир-Абад маселеси кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо” деп эсептейт жана алар “бийликтин бир жерине илинип калууну” көздөйт.

“Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен”, - деди ал.

“Ал эми камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу – алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай”, - деп жыйынтыктады Жапаров. (EB)