“Жалындай жаш курагынын тогуз жылы бекерге кетти”: Сириядан кайтарылган кыргызстандык аялдар

Элеанора Куленбекова, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстан 2023-жылы Сириядагы качкындар лагеринен 339 жаранын алып келди. Алардын көбү - убагында өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террористтик уюм тарабынан башкарылган аймактарга чыгып кеткен аялдар жана алардын ошол жерде төрөлгөн бала-чакасы.

Сириядан келген кыргыз жарандары жайгашкан реабилитациялык борбор. Салттуу ислам тууралуу дарс убагы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириядан келген кыргыз жарандары жайгашкан реабилитациялык борбор. Салттуу ислам тууралуу дарс убагы

Кайтып келген аялдардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда - ондон тогузу Кыргызстанга келери менен тергөө амалдарынан өтүп жатышат. Бирок эчен жылдап Сирияда, Иракта азып-тозуп жүргөн бул аялдарды эч кандай тергөө кооптондурбайт өңдүү.

Би-Би-Синин журналисттери Ысык-Көлдөгү репатрианттар кармалчу реабилитациялык борборго биринчилерден болуп барып, келгин аялдар менен сүйлөшүп келди.

“Мекенге кош келдиңер!”

Терезеден Ала-Тоонун ак мөңгүлүү кыркалары жаркылдап, көгүлтүр Ысык-Көл мелтирейт.

Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” комплексинде Сириядан жаңы эле алынып келинген ар кандай курактагы, башынан бутунун учуна чейин хижаб чүмкөнгөн 27 аял олтурат. Алар улам-улам терезени карап, мекенине көзү тойбой турганы байкалат.

Би-Би-Си барган учурда алар эки апталык карантинден жаңы эле чыгып, салттуу ислам тууралуу биринчи сабакка катышып жатышат.

Теолог окутуучу Шүкүр Шерматов аларга “Баарыңарды Мекенге кайтып келишиңер менен! Кош келдиңер” - деп куттуктап, сабагын баштады.

Сабак катышып жаткан ондогон аялдардын ичинен элүү жети жаштагы Фатима бул жерде отурган аялдардын эң эле уулусу.

Фатиманын баяны

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сирияга Фатима акыл токтотуп калган жаш курагында эле, элүүгө таяп калганда бүтүндөй үй-бүлөсү менен кеткен. 2014-жылы күйөөсү Түркияга иш издеп кетип, ал жакка жетип эле аркасынан үй-бүлөсүн чакырып алган. Фатиманын үй-бүлөсү андан көп өтпөй чек арадагы Газиантеп шаары аркылуу Сирияга өтүп кетишкен. Сириядан кийин алар Иракка да барышкан.

Бул жерде Фатиманын күйөөсү, андан көп өтпөй кырчындай эки уулу да каза болушту. 27 жаштагы уулу баласы көзгө атардын огунан, ал эми 19 жаштагы кичүүсү ал жакта катуу ооруп, убагында медицинадык жардам албагандыктан көз жумган. Фатима кичүү уулу эмне менен ооруганын да талдап айтып бере алган жок.

Себеби аны менен биз маектешип жатканда атайын кызматтын өкүлдөрү жаныбызда тургандыктан, Фатима суроолорубузга чечилип жооп бербегени байкалып турду. Ал Сириядагы жашоосундагы айрым маанилүү окуяларына кыска эле токтолуп, суроолорго жондотуп эле жооп берип жатты.

Ошентсе да, анын сөзүнө караганда, ал жашоосунун соңку жылдарын согуш талаасында, андан кийин жокчулук менен алпурушуп өткөрүптүр. Бирок эми анын эң эле чоң жоготуусу ал деле эмес, башка бирөөнүн жеринде, өөн эле адамдардын баалуулугу үчүн каза тапкан чырактай эки баласы болуп жатат.

Фатима, каарманыбыздын өздүгүн жашыруу үчүн ысмы өзгөртүлүп берилди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фатима, каарманыбыздын өздүгүн жашыруу үчүн ысмы өзгөртүлүп берилди

Эми Фатима жалгыз кызына таянып калды, ал төрт небереси барына шүгүр кылат. Алар менен Фатима соңку төрт жыл Сириядагы «Ал-Хол» лагеринде күн кечирип келди.

Бирок Сириядан Кыргызстанга Фатима алардан кийин келди. Сириядан ким Кыргызстанга кайта аларын ал жакты башкарган күрд күчтөрү гана чечет. Фатиманын үй-бүлөсүнөн адегенде анын кызы жана неберелери тизмеге илинип, өзү лагерде калган.

“Алар мени учакка албай кетишкенде аябай ыйладым. Бирок биздин (автор.кыргызстандык делегациянын) кызматкерлери мени сооротуп, дагы учак келерин, төртүнчү агымга кошуларымды айтып сооротуп жатышты, - деп айтып берип жатып Фатима эчкирип ыйлап алды. – Ал жакта менин эч кимим калбай калды да, жападан жалгыз калдым. Кантип ушундай болсун? Мен алардын апасымын го, бизди ушинтип ажыратып салышабы деп жаттым. Бирок бул жакка келгенде биз баарыбыз жолуктук”.

Кыргыз бийлигинин эсептөөсүндө, Сирияда ушу тапта дагы 265 кыргыз жараны кала берүүдө.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 2014-жылы Сирия менен Ирактын көп бөлүгүн басып алгандан кийин белгилүү боло баштаган. ИМ дүйнөнүн көп бөлүгүгүндө терорристтик уюм катары таанылып, мисалы АКШ, Британия жана Россияда ага тыюу салынган.

Кыргызстанда да “Ислам мамлекети” тыюу салынган уюмдардын тизмесинде. Өлкөдө ИМге азгырык 2014-2015-жылдары күч болуп, дал ошол маалда “Ислам мамлекетинин” лидерлери Ирак менен Сирияда халифат түптөп жатышканын жар салып жаткан маал эле. Расмий маалыматтар боюнча, ИМге 800дөн ашык кыргызстандык кирип кеткен.

Элмиранын Сирияда калган жаштыгы

27 жаштагы Элмира (аты-жөнү өзгөртүлдү) жана анын тогуз жаштагы кызы Сириядан 2023-жылдын августунда келишкен. ИМ көзөмөлдөгөн аймактарда, андан кийин качкындар лагеринде болуп, ал баш-аягы он жылга жакын убакыт сыртта жашап келди.

Өткөнүн эстеп айтып берсе, анын баяны мындай: ата-энеси мигрант болуп Москвада иштеп жүргөндө, Элмира алардын жанына барып, тырмак өгөөлөгүч болуп иштеп калат. Интернет аркылуу жигит менен таанышып, анысы Түркияда окууга кел деп чакырып, бирок иш жүзүндө жаш кыз, аңдабастыгынан, Сирияга чейин барып калган.

Бул жерде Элмира эки жолу турмушка чыгып, эки жолдошу тең каза тапкан. Башка аялдардай эле Элмира Сириядагы жашоосу жана жеке жашоосу тууралуу ачылып сүйлөп бергиси келбеди. Ал жакка барып келген аялдардын баары эле өткөнүн эстегиси келбейт.

“Кээде түн ортосунда ойгонуп алып, чын эле келдимби деп ишенип- ишенбей кетем. Үйдү бир сыйра сыдыра карап, анан түшүм эмес экен дейм. Балам жанында экенин, кошуна бөлмөдө иним жатканын көрүп, эс алып калам. Түш эмес экенин, үйдө экениме сүйүнөм” - дейт Элмира, ал ошондой эле аларды алып келген кыргыз бийлигине ыраазы экенин айтты.

Элмиранын Кыргызстанга кайтып келишине анын апасынын салымы чоң.

Хамида көп жылдар бою өкмөттүк уюмдарга кайрылып, Сириядан жалгыз анын эле кызын эмес, башка аялдар менен балдарды алып келүүнү да суранып келген. Ал азыр жакындары кезинде согуштук аймактарга чыгып кеткен адамдардын башын бириктирген комитетти жетектейт.

Хамида, жарандык активист
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хамида, жарандык активист

Сирияга жана Иракка аялдар ар кандай жол менен барышкан. Бирок Хамида ал жакка кеткен кыз-келиндердин тагдырлары менен жакындан таанышып, мындай бүтүмгө келген.

Айрым аялдарды ал жакка диний билим беребиз деп азгырышкан. Кээ бирлери билип-билбей эле күйөөсүн ээрчип, анын жетегинде ал жакка барып калышкан. Арасында күйөө издеп же жакшы акча табуунун көздөп ал жакка баргандары да бар. Ошол жакка кеткен кыздарын же балдарын алып келүү үчүн Сирияга аттанып, ал жактан чыга албай калган энелер дагы толтура. Ошондой эле, “Ислам мамлекетинин” идеологиясын колдоп, кайда жана кандай максатта бара жатканын билип туруп кеткен аялдар дагы бар.

Хамиданын баамында, андай аялдар Сирияга кеткен жалпы кыз-келиндердин 10% түзөт.

“Калгандарынын көбү эле 17-18 жаштагы кыздар, эми алар эмнени түшүнүшмөк эле? – дейт ал. – Биз мусулманбыз да, эгер күйөөлөрү иш издеп кетип, аркасынан аялдарын “кел” десе, каалайбы же каалабайбы, аялы аркасынан барат. Ал эми ошол жакка иш деп барган эркектер кайда бара жатканын аңдашканбы, аны бир Кудай билет?”.

Коомдогу ар башка көз караш

Кыргызстанда калктын токсон пайызга жакыны өздөрүн мусулман деп эсептешет. Афганистанда талибдер бийликке келгени мында коомдогу радикалдашуудан сестенип калышты. Андыктан ИМге катышы болгон адамдарга бул жерде кооптонуу бар.

Хамида Сирияга барып калган аялдардын баарын эле жектөөбөгө чакырат: алардын көбү ишенчектигинен жана билимсиздигинен ушундай тагдырга кабылып калышты.

“Мен деле өзүмдүн дарегиме карата көп эле сөз уктум. Телевидениеден көп чыгып, мени ашаткан сөздөрдү, кемсинтүүлөрдү угуп жүрөм. Бирок мен ошол сөздөрдү балам эшитишин каалабайт элем. Балама сөөмөй кезешип: бул аялдын кызы террорист деген сөздү угушун каалабайт элем”.

Хамида кызынын “жалындай жаш курагынын тогуз жылы бекерге кеткенине” ичи ачышат.

Элмира апасынын сөзүн улап, Сирияга барып келген аялдарды коомдук сайттарда “террористтердин аялдары” дешип жазышат дейт: “Биз террористтердин аялдары эмеспиз, радикалдуу да эмеспиз. Биз алсыз аялзатыбыз, балдарыбыз бар. Алар үчүн жакшылык гана каалайбыз, бизди күүнөөлөшпөсө экен дейбиз”, -дейт ал.

Коомго аралашуу шансы

Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов Би-Би-Сиге маек берип жатып, ИМге кошулду делген жарандардын көбү буга чейин эле тартип органдарынын жана атайын кызматын каттоосунда болгондугун, ал түгүл алардын айрымдарына кылмыш иши козголгонун билдирди.

“Аялдардын дээрлик көпчүлүгү кылмыш иштеринин фигуранттары катары тергөө амалдарынан өтүп жатат. Бирок биз аларды балдарынан ажыраткан жокпуз. Баары реабилитация жана реинтеграция процесстеринен чогуу өтүп жатышат”.

Иманкуловдун айтымында, аялдарга карата иштер Кылмыш кодексинин 182-беренеси – “балдарды куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймакка алып чыгуу” жана 254-беренесинин “террордук ишмердикке көмөктөшүү” алкагында каралып жатат. Бул беренелерде каралган жазаларга ылайык, беш жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы Сириядан алынып келинген айрым аялдардын күнөөсү далилденсе, мыйзам чегинде жооп бериши мүмкүн экенин четке какпайт.

Ошентсе да кыргыз бийлиги өз жарандарынан баш тартпай, аларды Сириядан кайтарууну улантат.

“Бул оңой чечим болгон жок...Биз чакан улутпуз, андыктан убагында катачылык кетиргендер болсо дагы, бири-бирибизге кам көрүшүбүз керек”, - деди Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов.

“Эми алар үчүн эң жакшысы, баштарынан өткөргөн үрөй учурган нерселерди унутуу керек. Туугандары, кошуналары аны эстеп, козгобошу керек, ар бири кең пейил болуп, - дейт Байсалов. – Албетте, биздин ислам радикалдуу эмес, абдан сабырдуу дин, ага ылайык, башка диндерге дагы мамилелер сый.

Кыргыз өкмөтү январь, февралда дагы гуманитардык миссияларын улантып, жарандарын Сириядан алып келүүгө ниеттенип жатат.

Сириядан алынып келинген аялдарга коомдогу мамиле кандай болгон күндө дагы, эми аларда коомго аралашып кетүү мүмкүнчүлүгү турат.

Ушул тапта Сирия жана Ирактагы лагерлерде дүйнөнүн ар бурчунан барып алышып, ал жакта кептелип калган дагы 50 миңдеген жарандар жашап жатат. Аларга мындай шанс жакын арада берилбейт өңдүү.

Кыргыз бийлиги аталган экстремисстик уюмдун азгырыгынан оолак болуу керектигин эскертип, анын катарына кошулуу, жактоо, идеясын жайылтуу мыйзамсыз иш экендигин эскертип келген.