"Росатом" Кыргызстанда атомдук электр станция курат

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

"Росатом" жана Кыргызстандын Энергетика министрлиги Кыргызстанда чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияларды куруу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул жөнүндө Россиянын атом энергетикасы боюнча мамлекеттик корпорациясы билдирди.

атомдук электр станция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Россиянын компаниясы менен Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев 20-январда Дубайда "Экспо-2020" Дүйнөлүк көргөзмөсүнүн учурунда жолугушту.

"Кыргызстанда атомдук электр станцияны куруу өлкөнүн энергетикалык көз каранды эместигин чыңдап, элдин жашоосунун сапатына жана илимий-техникалык потенциалын өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзөт",-деп билдирди "Росатомдун" башкы директору Алексей Лихачев.

Росатом

Сүрөттүн булагы, Росатом

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, «Росатом» мамкорпорациясы электр энергия өндүрүүдө улуттук лидер жана АЭС курууга берилген заказдардын көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

"Декарбонизация жана экологиялык таза энергия булактарын өндүрүү актуалдуу дүйнөлүк тенденция, андан Кыргызстан да четте калганы болбойт. Биз "Росатом" мамкорпорациясы менен кызматташтык энергетиканын, экономиканын жана өнөр жайдын өнүктүрүүнүн жаңы жаңы горизонтторун ачат"-деген Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев.

Кыргызстанда атомдук электр станцияларын курууга "Росатом" компаниясы менен кызматташтык башталганын Би-Би-Сиге Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дагы ырастады.

Энергетика министрлиги да өз кезегинде ырастады, бирок кандай шартта, канча каражатка курулары, коопсуздукка байланышкан жагдайлары жөнүндө маалымат бере элек.

Өткөн жылы сентябрда Би-Би-Си атом электр станциясын куруу Кыргызстандын кыялы деп жазган элек. Эми ушул кыялдар чындыкка айлана турган күн да жакын калган бейм.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Азыркы күндө жетишкен бардык мамлекеттерде атомдук электр станциясы бар. Мисалы, Жапонияда кандай коркунучтуу кырсык болсо дагы, алар андан баш тарткан жок. Аны өнүктүрүп, башка АЭСтерди салып атат. Себеби дегенде анын коопсуздук шарттары дагы абдан күчөдү. Жаңы муундагы АЭСтер чыгып атат. Жаныбыздагы өлкөлөр Пакистан, Индия, кошунабыз Өзбекстанды айталы. Өзбекстандын ою ошол жакта баратат. Беларус, Россияны алыңыз. Бизге караганда техникалык жактан жетишкен мамлекеттер баары АЭСке жакшы көңүл буруп жатышат. Биз АЭСти өзүбүздүн оюбуздан өчүрбөшүбүз керек”,-деген эле Би-Би-Сиге өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Чернобыль менен Фукусимадагы атомдук станциялардагы кырсыктан кийин кыргыз коомчулугунда АЭС курууга каршылык маанай болушу мүмкүн. Анын коопсуздугуна бийликтер элди канчалык ишендире алат, кеп ошондо.

Ошол эле учурда Кыргызстандын коңшусу Өзбекстанда АЭС курулуп жатканы белгилүү. Жизак областындагы АЭС план боюнча 2028-жылы курулуп, пайдаланууга берилиши керек.

Россиянын технологиясы боюнча АЭС курууну Казакстан да пландаштырып жатат. Айрым маалыматтарга караганда, атомдук станция курула турган жер катары Алматы облусу тандалып алынган.

Беларуста курулуп жаткан АЭС

Сүрөттүн булагы, Росатом

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беларуста курулуп жаткан АЭС

"Росатомдун" расмий сайтындагы маалыматтарга караганда орустардын технологиясы боюнча АЭС Беларуста, Индияда, Кытайда, Финляндияда, Бангладеште, Египетте жана Россиянын өзүндө курулууда.