"Мен кеттим". Борис Жонсон эми эмне менен алектенет?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Борис Жонсон үч жылдан ашуун убакыт Улуу Британиянын премьер-министри болгондон кийин отставкага кетти. Ал 6-сентябрда кызматын Консервативдик партиянын жаңы лидерине жана премьер-министрге тапшырат. Харизмалуу жана талаштуу “тори-брекситчи” эми эмне менен алектенет?
*Тори - Консервативдик партиянын расмий эмес аталышы. Ал эми “Брексит” (Britain + Exit) - Улуу Британиянын Евробиримдиктен толук чыгып кетүүсү - Борис Жонсондун тушунда ишке ашкан.
Саясатчынын биографы Эндрю Гимсон, Жонсон отставкага кеткенден кийин дымы чыкпай калып, “жергиликтүү бир чиркөөнүн эле пайдасына кайрымдуулук иштерин жасап кала турган адам эмес” экенине ишенет.
Журналист жана жазуучу
Саясатка келгенге чейин Жонсон белгилүү жана кесипкөй журналист болгон. Ал журналдарга жана гезиттерге саясатчы катары да пикирлерин жарыялап, анысын премьер-министр болгондон кийин гана таштоого аргасыз болгон.
Daily Telegraph гезити ага жумалык макалалары үчүн жылына 275 миң фунт стерлинг (25,5 млн сом) төлөп турган. Эми абройлуу ар кандай басылмалар Жонсонду өзүнө тартуу үчүн күрөштү башташы мүмкүн.

Мындан тышкары, Жонсон мемуар жазууну каалашы мүмкүн. Бул мурдагы премьер-министрлер үчүн кепилденген кирешенин салттуу жолу. Эксперттер басылмалар Жонсондун мемуары жазыла турган болсо ага болгон укуктар үчүн жок дегенде млн фунт (дээрлик 93 млн сом) сунуш кылышат деп болжошууда.
Жонсон буга чейин сегиз китеп жазган (гезит колонкаларынын жыйнагын кошкондо) - анын ичинде өзүнүн кумири Уинстон Черчиллдин өмүр баянын жана "Жетимиш эки кыз" саясий сатирасы бар.
Бирок мемуарларын баштаардан мурун, ал кызматын тапшыргандан кийин Уильям Шекспирдин өмүр баянын бүтүрүп алса жакшы болмок дешет. Жонсон аны жети жылдан бери жазып келе жатат. Hodder&Stoughton басмаканасы 2015-жылы “Шекспир: генийдин табышмагы” деп аталган китебинин укуктарын жарым млн фунтка сатып алган жана ал 2016-жылы басып чыгарылат деп күткөн.
Бирок алгач Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдум болду, андан кийин Жонсон тышкы иштер министри, кийинчерээк премьер-министр болду - китептин чыгышы кыйла кечеңдеди.
"Шекспир бийлик жөнүндө: эл качан көтөрүлүп, падышаны өлтүрүү керектиги тууралуу, - дейт Эндрю Гимсон. Эми Жонсондун партиясы ага каршы "көтөрүлгөндөн" кийин ал бүтпөй келе жаткан китебин аягына чыгарууга даяр мазмун тапса керек".
Эл алдында сүйлөө
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мурдагы премьер-министр эл алдында сүйлөп, жакшы акча таба алат. Жонсонго чейин британ өкмөтүн жетектеген Тереза Мэй быйыл тогуз жолу чыгып сүйлөгөнү үчүн 715 миң фунт (66 млн сом) алган.
Жонсондун да бул жаатта тажрыйбасы бар: 2019-жылдын мартында ал Мэйдин өкмөтүнөн кетип, бирок премьер боло электе болгону эле жолу эл алдында сөз сүйлөп, 160 миң фунттан ашык акча алган: бири банк кызматкерлеринин алдында, экинчиси индиялык медиаконцерндин жолугушуусунда.
Жонсон Лондондун мэри, кийинчерээк премьер-министр болуп турганда анын кеңешчиси болуп иштеген лорд Адни-Листер: “Ал көп жазып жана сүйлөй турганынан күмөн санабайм”, - дейт.
Лорд Адни-Листердин айтымында, Жонсон ал үчүн маанилүү болгон темалар боюнча сөз сүйлөйт. Мисалы, Украина жана анын Орусияга каршы күрөшүндө Батыштын колдоосу тууралуу.
"Борис Жонсон досторуна караганда акчасы азыраак экенине абдан тынчсызданат окшойт. Ошондуктан ал кырдаалды оңдоо үчүн колунан келгендин баарын жасайт", - деди Лондондогу Королева Мэри университетинин саясат таануу боюнча профессору Тим Бейл.
Саясаттан биротоло кетеби?
Премьер-министрликти тапшырганы менен Жонсон Общиналар палатасындагы ордун сактап калат. Ал жаңы өкмөткө министр катары чакырылышы күмөн. Демек ал “арткы скамейкада отурган” (кызматы жок) депутат ролуна кайтып келет. Лондон саясатына аралашкандар Жонсон анын досу Дэвид Кэмерон сыяктуу парламенттен жана саясаттан биротоло кетеби деп кызыгышат. Кэмерон “Брексит” боюнча референдумдан утулгандан кийин саясий карьерасын жыйынтыктаган.
"Ал парламенттен жакын арада кетет деп ойлобойм", - дейт Лорд Адни-Листер. Бирок ошол эле учурда ал Жонсон узак мөөнөткө Общиналар палатасындагы отургучтардан өкмөттү сындаган же мактаган катардагы депутат боло албайт деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Ошол эле учурда, Жонсон парламенттик ыйгарым укуктарынан да ажырап калышы мүмкүн. Ал үчүн Жонсондун пандемия маалында Даунинг-стритте "кечелерди" уюштурганын териштирген депутаттык комиссия "ал парламентти атайылап алдаган" деген тыянак чыгарышы керек. Бул чуу Жонсонду премьер-министрликтен кетүүсүнүн шарттаган себептердин бири. Ал эми кийинки шайлоодо (2024-жылы болот) Жонсон Лондондун түндүк-батышындагы округунда жеңишке жетишпей калышы мүмкүн.
Hasta la vista, baby
Борис Жонсон парламенттин Общиналар палатасындагы жумалык “премьер-министрге суроолордогу” акыркы сөзүн “Hasta la vista, baby” деп аяктады. Ал ошол эле "Терминатор" фильминдеги “I’ll be back” ("Мен кайтып келем") деген сөзүн айтканда саясаттагы пландарын ачыктап салмак.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал премьер-министр катары же кийинки шайлоодо консерваторлор утулуп калса жок дегенде оппозициянын лидери катары кайтып келе алабы?
Консервативдик партиянын тарыхы боюнча китептин автору, профессор Тим Бэйл Жонсондун кайтып келишин жокко чыгарууга болбойт деп эсептейт, бирок бул үчүн “торилер” өтө оор абалда болушу керек.
"Эгерде алар Борис Жонсонду кайра чакырышса, мен Консервативдик партиянын келечеги жөнүндө тынчсыздана баштамакмын", - дейт Бэйл.
Жонсондун өнөктөшү Жейкоб Риз-Могг “тори” саясатчысы партиянын лидери жана премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин кайтып келгени соңку жолу 19-кылымдын экинчи жарымында болгонун эске салды. Анда Уильям Гладстон үч жолку тыныгуудан кийин премьер-министрликке кайтып келген.
Бирок Жонсондун биографы Эндрю Гимсон бул жерде тарыхый параллелдер жана прецеденттер маанилүү эмес деп эсептейт.
"Ал эмне кылбасын, Борис Жонсондун культу кала берет. Ал эми экинчи же үчүнчү жолу тыныгуудан кийин көптөр премьер-министр болушту", - дейт Гимсон. (ЕВ)













