Борис Жонсон премьер-министр кызматынан кетерин билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Борис Жонсон Консервативдүү партиянын лидери жана премьер-министр кызматынан кетерин билдирди. Партия анын мураскорун аныктагыча ал Улуу Британиянын өкмөтүн башкара берет.
Даунинг-Стриттеги премьердин резиденциясынын босогосунда журналисттердин алдына чыгып сүйлөп, Жонсон Британиянын калкына жана өзүнүн тарапкерлерине ыраазылык билдирди. "Дүйнөдөгү эң мыкты жумушту" таштап кетүүгө кабатыр экенин, бирок "иш ушундай болуп калганын" айтты.
Ал Украинанын калкына кайрылып, ал отставкага кеткенден кийин дагы анын кабинети бул өлкөнү колдой берерин баса белгиледи.
Партиянын лидеринин кызматына талапкерлердин жарышы ушул жайда болот, жаңы премьер-министр кызматына октябрда боло турган партиялык конференциянын убагында киришет.
Жонсонду дароо кетишин талап кылган чакырыктар бейшембиде консерваторлордон да, оппозициядан да айтылды. Алар жаңы лидерди шайлоого кеткен убакыт ичинде өлкөнү башкарууну премьер-министрдин орун басары Доминик Рааб алышы керек дешти.
"Жонсон өзүнүн сөзүндө өзүнүн башкы жетишкендиктерин - брекситтен баштап ковидке каршы эмдөөгө чейинки аткарган иштерин атады", - деп кабарлады Би-Би-Синин саясий иштер боюнча кабарчысы Иен Уотсон.
Жонсон кетүүгө көңүлү жоктугун, партиялаштарынын чакырыгына кулак салган үчүн кетип жатпаганын да түшүндүрдү.
"Менин жүйөлөрүм натыйжа бербегенине капамын, канчалаганы идея менен долбоорлорду ишке ашыра албай калганыма жүрөгүм ооруйт", - деди Жонсон.
Би-Би-Си кабарчысы билдиргендей, Борис Жонсон кетүүгө шашканы көрүнбөйт, ал өзүнүн саясий кымгууттагы күндөр менен элдин эсинде калышын да каалабайт.
Өкмөттөгү кризис
Британ өкмөтүндө премьер-министрге ишеним менен байланышкан кризис бир топ айдан бери ырбап отуруп, ушул аптада туу чокусуна жетти.
Жонсондун кетиши анын өкмөтүнүн мүчөлөрү тараптан болгон катуу кысымдын натыйжасы. Соңку күндөрү министрликтердеги чоң кызматты ээлеген элүүдөн ашык адам кызматынан кетти. Анын ичинде Жонсондун жакынкы тарапкерлери Риши Сунак менен саламаттык сактоо министри Сажид Жавид да бар.
Борис Жонсон мамлекеттик кызматта өзү өстүргөн ички иштер министри Прити Патель, транспорт министри Грант Шаппс дагы премьерди кызматтан кетүүгө чакырышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эркектерге жыныстык тийиштик кылган өкмөт мүчөсү Крис Пинчер менен болгон жаңжал эң соңку сокку болуп калды. Ушул аптада эки эркек адам жабык клубдагы кечеде Пинчер уялбай аларды кармалап тийишкени айтып арызданышты.
Жонсон бул депутатты анын мурдакы жоруктарына карабай туруп чоң кызматка койгонуна парламентарийлер катуу нааразы болушту. (КС)








