Британ бийлигинде королеванын орду кандай?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британ королевасы Елизавета II салтка ылайык жаңы премьер-министр Лиз Трасска расмий түрдө өкмөттү куруу тапшырмасын берди. Королева саясаттан тышкары деп айтылганы менен саясий системада анын бир катар милдеттери бар.
Лиз Трасс ханыша Елизавета II’нин тушундагы 15-премьер - королева 70 жыл бою “бийликте”. Ханыша көп деле саясий ыйгарым укуктарга ээ болбогонуу менен, премьер-министрди дайындайт.
Ошондой болсо да, ал премьер-министр кызматына өз адамын көрсөтө албайт. Парламентте көпчүлүк орунга ээ болгон фракциянын лидери премьер болот.
Бирок монарх болуп төрөлгөн адамдын заманбап демократиядагы орду кандай?
Королева Улуу Британиянын мамлекет башчысы. Ал саясатта эч бир тарапты колдобойт жана добуш да бербейт. Мыйзам чыгаруу укугу шайланып келген парламентте болот.
Жаңы мыйзамды кабыл алууда соңку чечимди ханыша чыгарат, бирок ал формалдуулук үчүн эле.
Анын иши - жалпы шайлоодон кийин парламенттин жаңы отурумун ачуу. Аталган иш-чара чоң салтанат менен өткөрүлөт. Монарх, өкмөттүн саясаты жана көздөлгөн жаңы мыйзамдары жазылган кагазды окуйт.
Бирок ал дайыма эле гармониялуу болуп келген эмес.

Сүрөттүн булагы, social
Бир нече кылым бою, монарх толук бийликке ээ болуп келген. Бирок 400 жылдай мурда, падыша Чарльз I (башка булактарда Карл I деп аталат) менен парламенттин ортосундагы бийлик талашуудан чыккан араздашуу, жарандык согушка алып барган.
Кийин Чарльз утулуп, өлүм жазасына тартылган. Республикалык түзүм көпкө созулбады. 11 жылдан кийин кайра монархиялык башкаруу орногон. Бирок монарх толук бийликти алат деген идея биротоло жоюлуп, парламент күчтөнүп келди.
Учурда болсо, Британия конституциялык монархия болуп саналат.
Мында өкмөт алмашып турганы менен, королева бийликте туруп, туруктуулукту камсыз кылат. Мындан сырткары, ал андан башка дагы 14 өлкөнүн мамлекет башчысы катары ушундай эле функцияны аткарат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок парламент, монархка анын бийлиги тууралуу бир кызыктуу нерсени эскертип турууну жакшы көрөт.
Депутаттарды ханышанын кайрылуусун угууга чакырганда, королеванын өкүлдөрү алардын палатасына келип, депутаттардын көзүнчө эшикти жаап коюшат. Алар болсо, ичкериге кирүү үчүн эшикти такылдатыш керек.
Бул, мурда падыша Чарльз I аскерлери менен келип, депутаттарды камакка алуу үчүн имаратка кирген учурду эске салат. Муну менен, шайланып келген парламент, шайланбаган монархтан көз карандысыз экенин билдирип турушат.















