Ельцинди туурап... Королева Елизавета II эмнелерге күлөт?

Эксперттердин айтымында, тамашакөйлүк британ ханышасынын өзгөчө маанилүү сапаты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттердин айтымында, тамашакөйлүк британ ханышасынын өзгөчө маанилүү сапаты

Британ ханышасы Елизавета IIнин жашоосунда өтө олуттуу жана кайгылуу учурлар көп болгон, бирок бейшемби күнү ал өзүнүн 96 жылдыгын белгилейт жана бул күнү монархтын инсандыгынын көп учурда унутулуп кала турган тарабын – анын тамашакөйлүгүн эстеп көрөлү.

Королдук үй-бүлөнүн тарыхчысы Роберт Лейси: "Күлкү кыйынчылыктарды жеңүүдө абдан жакшы" дейт. Анын айтымында, Анын айтымында, ханышанын абсурд сезими жакшы өнүккөн жана бул ага Елизавета II көп учурда толугу менен олуттуу бойдон калууга аргасыз болгон жогорку формалдаштырылган коомдук турмуштан тыныгууга жардам берет. "Албетте, ал өз ишине жоопкерчиликтүү, бирок бул ага кызыктарды көрүүгө тоскоол болбойт", - деп кошумчалайт эксперт.

Ханзаада Гарри өткөн аптада чоң энесинин эң жакшы сапаты анын "сонун тамаша сезими" деп атаган.

Жакшы пародист

Тарыхчы жана жазуучу Энтони Селдон мындай дейт: "Анын аныктоочу өзгөчөлүгү - ал өзүн өтө олуттуу карабайт. Бул ага ийгиликтүү башкарууга чоң жардам берди". Анын пикири боюнча, ханышада ал кадимки «куракка байланыштуу оору» деп атаган нарциссизм да жок.

Королева Елизавета

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Селдон: «Анын эч кандай шаан-шөкөттүүлүгү жок, муну сыйлабастык деп айтууга да болот, - дейт Селдон.- Ал кыйынчылыктарга күлүп, андан ары кете алат.

Камералардан алыс жерде популярдуу The Crown телесериалынын авторлору менен кеңешкен Лейсинин айтымында, ханыша ар кандай адамдарды пародиялоодо абдан чебер.

«Ханыша Елизавета IIнин каардуу акылы» китебинин автору Карен Долбинин айтымында, ал Россиянын президенти Борис Ельцинди өзгөчө жакшы туурайт. Мындан тышкары, ал башка саясатчыларга, дин кызматчыларга жана башка атактуу адамдарга пародия жасайт. 

Лэйси королдук юморду "өзүн-өзү ирониялоо, өзүнө күлүү" деп мүнөздөйт. Мисал катары, ал белгилүү бир саясатчынын Елизавета II менен жеке жолугушуусунда ыңгайсыз абалга келген окуяны айтат: анын уюлдук телефону капысынан шыңгырап калат. Аппарат акыры тынчып калганда, ханыша: "Бул маанилүү бирөө болгон эмес деп үмүттөнөм" дептир.

Курч юмор

Карен Долби өзгөчө Шотландиядагы Балморал сепилинин жанында күзөтчү менен сейилдеп жүрүп королева америкалык туристтерге кокусунан жолугуп калган окуяны жактырат. Жоолукка оролгон Елизавета IIни тааныбаган туристтер андан ханышага жолуккан жокпу деп сурашкан. "Мен ага жолугушум деле керек эмес болчу, бирок тиги офицер жолукту" деди ал аны коштоп жүргөн офицерди көрсөтүп.

Королева Виндзордогу аскердик парадга аарылардын тобу учуп бараткан учурда тартылган.

Сүрөттүн булагы, CHRIS YOUNG / PA MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Виндзордогу аскердик парадга аарылардын тобу учуп бараткан учурда тартылган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дагы бир сейилдөөдө ханыша Норфолк шаарына дүкөнгө барганда, дүкөндөгү сатуучу ага: "Сен ханышага абдан окшош экенсиң!" десе, ханыша ага мындай деп жооп берет: "Бул абдан ынандырарлык".

Бул окуялардын ар кандай версиялары бар, бирок алардын бардыгы королдук юмордун кандайдыр бир курч,кыска, бирок өзгөчө мүнөзүн жана британдык астырт сөз чеберчилигин колдонууну айгинелейт.

Юмор ошондой эле адамдардын ортосундагы музду талкалап, ханыша менен сүйлөшкөндөр үчүн бир аз эс алууга жардам бере алат. "Ал кимдир бирөө ыңгайсыз болуп калганда дароо байкайт, - деп түшүндүрөт Энтони Селдон. "Анын көңүл ачуу жана жашоонун күлкүлүү жактарын көрүү жөндөмү адамдар менен мамиле курууда жардам берет."

Королева көптөгөн куудулдар менен сүйлөшкөн, анын ичинде Томми Купер да бар. Карен Далби бир жолу андан футболду жактырабы деп сураганын айтып берди. Елизавета II спорттун бул түрү ал үчүн анча кызык эмес экенин мойнуна алганда, Купер: "Анда мага Англия Кубогунун финалына билеттериңизди бере аласызбы?" деп сураптыр. (Салт боюнча кубок адатта монарх же падышанын үй-бүлө мүчөсү тарабынан жеңүүчүгө берилет.)

Чогуу күлүү

Өмүр бою ханыша ар кандай маанилүү аземдерге катышып, көптөгөн адамдардын көңүл чордонунда болду. Британ психологиялык коомунун өкүлү Одри Танг айткандай, күлкү бул сыяктуу стресстик кырдаалдарды жеңүүдө чоң жардам берет. "Силердин жеңилдикти чогуу сезгениңер маанилүү", - деп түшүндүрөт психолог.

королева Елизавета

Сүрөттүн булагы, MAX MUMBY/INDIGO

Анын айтымында, күлүп, чыңалууну ушинтип басаңдатуу менен адамдар өзүн физикалык жактан жакшы сезе баштайт. Кошумчалай кетсек, жакшы мамиледе болуу үчүн жалпы тажрыйбалар маанилүү: Елизавета II жана анын күйөөсү Принц Филипп чогуу күлгөндү абдан жакшы көрүшкөн деп айтылат.

Бирок кээде күлкү менен көйгөйлөр да бар.

Маанилүү окуядан кийин өзүңүздү күлкүлүү сезип жатсаңыз, анда жакшы. Бирок эгеркүлкү өтө ыңгайсыз учурда күлкүңүз келип жатса, ал абдан жагымсыз болуп калат - жана бул жагымыз сезим баарына тааныш. Чындыгында, мындай орунсуз эмоциялар адамдын ашыкча сезимдерге табигый жана эрксиз жообу, алар башынан өткөрүп жаткан стресстен дароо арылуу жолу болушу мүмкүн, дейт Танг.

Карен Долби расмий кол коюу аземинде ханышанын күлкүсүн басууга аракет кылган учурду сүрөттөйт, анда Канаданын премьер-министри Жан Кретьен кокусунан калемин сындырып алып, сөгүнүп жиберген.

Энтони Селдон: "Ал абсурддуу кырдаалдарды жакшы көрөт - жана ар кандай кыйынчылыктар пайда болгондо, ал үчүн жагымсыз эмес, тескерисинче кызыктуураак болот" деп белгилейт.

Фотограф Крис Янг 2003-жылы Виндзор сепилинде аарылардын үйүрү аянтка капысынан пайда болгон аскер кызматкерлеринин кароосунда ханышанын күлүп жиберген учурун тартып алган. "Мен бул абдан адамдык жүрүм-турум экенин көрдүм, Ал кичинекей кыздай күлүп жатты".- деп эскерет Янг. 

Жашоодо юмордун маанилүүлүгүн ханыша 1991-жылдагы Рождестводогу кайрылуусунда айткан. "Келгиле, өзүбүзгө өтө олуттуу мамиле кылбайлы, - деди ал. - Эч кимибизде чындыкка монополия жок". (MD)