Милдеттүү видеорегистратор: айдоочулар талкууга катышабы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
ИИМ Кыргызстандагы бардык автоууналарга видеокаттоочу камераларды милдеттүү түрдө орнотууну демилгеледи. Министрлик бул чара жол кырсыктарын иликтөөдө далил катары саналып, айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтөт деп жатат.
Бирок анын талаш жараткан жагы - видеокаттоочуларга мындан ары өкмөт тарабынан техникалык талаптар коюлганы жатат. Ага ылайык, буга чейин видеорегистратору бар айдоочулар жабдыгы жаңы талаптарга жооп бербесе, жаңысын сатып алуусу керек болот.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Мыйзамда кымбат баалуу видеокаттоочу сатып алуу керек деген милдеттенме жок. Бирок видеорегистраторлордогу жаздырууларды сактоо үчүн жетиштүү эс тутуму болсун деп атабыз. Ошол эле видеожаздырууларды сактоо мөөнөтү да узагыраак болушу керек. Унаанын айланасында кыймыл-аракет болгондо видеокаттоочу өзүнөн өзү иштегендей болушу керек”, - деди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Тилек Исаев.
Тийиштүү мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлду. Анда 2021 жана 2022-жылдары өлкөдө 12 миңдин тегерегинде жол кырсыгы катталып, анда 1 миң 300дөй киши каза тапканы жүйө катары көрсөтүлгөн.
Айтылган жол кырсыктары болгон учурда 1 миң 902 киши качып кеткен делет. Андыктан бул мыйзам долбоору мындай кылмыштардын бетин ачууга оң таасирин тийгизет дешет.
Бирок айдоочулардын баарынын эле өкмөттүн бул жаңы демилгесине ичи чыккан жери жок. Уланбек Бишкекте такси айдайт, анын 24 жылдык айдоочулук стажы бар. Өкмөттүн милдеттүү видеорегистратор орнотуу демилгесин ал шектенүү менен кабыл алды.
“Бул жерде ошондой видеорегистраторлорду сатыш максат болбой элеби, бизнести бир ыкмасы катары? Мен ага кеткен акчамды үй-бүлөмө жумшасам жакшыраак эмеспи? Видеорегистратор дегендин ордуна өкмөт жолду кеңейтпейби. Пробканын айынан шашып, көп жол кырсыгы ошондон болуп жатат”, - дейт айдоочу.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бир айлык коомдук талкуудан өткөн соң мыйзам долбоору толуктоо-кошумчалар менен Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна кирет. Бирок документ эмитен эле айрым депутаттарда каршылык жаратты. Парламенттеги “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев:
“ИИМдин бул сунушу коопсуздук жагынан алып караганда туура эле. Бирок бул ишти этап-этабы менен ишке ашырыш керек деп ойлойм. Мисалы, биринчи кезекте көлөмү чоң, жаңы машинелерге милдеттендирсин, аларды колунда бар адамдар айдайт. Ал эми карапайым элге милдеттендирген туура эмес, ала алганы бар, ала албаганы бар. Биз Жогорку Кеңешке кирсе өзгөртүүлөрдү сунуш кылып, каршы чыгабыз. Карапайым элге милдеттендирбеген башка механизмдерди иштеп чыгышыбыз керек. Кол-буттан кайрып эле, алгыла деп милдеттендирип коюу туура эмес”, - деген эле эл өкүлү "Марал" сайтына.
Бишкекте сатыкка коюлган видеокаттоочулардын баасы үч миң сомдон башталып, жетимиш миң сомго чейин жетет. Бирок аларды эмитен сатып алууга дагы эртелик кылгандай. Себеби, видеорегистраторлорго техникалык кандай талаптар коюлаары азырынча так белгисиз. Алалы, ошол эле видеорегистраторлордун эс тутумунун көлөмү канча болушу керек, бүдөмүк.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев документ дале коомдук талкууда экенин эскертип, ал дагы толуктарын айтты.

Сүрөттүн булагы, © Sputnik / Асель Сыдыкова
“Мисалы, азыр колдонуудагы азыркы видеорегистраторлор “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларын алдын ала айтып атат. Биз эми ылдамдык чектелген жерлерди, жолдун кооптуу бурулуштар, тике түшө турган жерлердин паспортун Жол жана транспорт министрлиги менен бирге иштеп жатабыз. Жаңы видеокаттоочулар ошону да алдын ала айтып турушу керек. Документ эми гана демилгеленди, дагы толукталат”.
"Коопсуз шаар" убада орундалдыбы?
Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу максатында буга чейин дагы “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген. Анын жыйынтыгында Бишкекте жол кырсыктары кадимкидей азайганы айтылат.
Ага кошумча, эми ар бир унаага видеокаттоочу коюлганы жатканын Жүк ташуучулар биримдигинин төрагасы Темирбек Шабданалиев жакшы саамалык катары баалап жатат:
“Бул абдан жакшы курал, себеби ал авариялардын баарын каттап калат. Анын эсебинде талаш-тартыштар азайып, күнөөлүү тарап бат эле аныкталат. Күнөөлү тарап көп аныктала баштаса, жоопкерчилик өсөт. Бул демилгени колдош керек. Өнүккөн мамлекеттерде кенен жайылган. Европада мисалы, видеорегистратордон алынган материалдарды далил катары таанышат. “Коопсуз шаар” боюнча айтсам, жыйынтыгы жаман болгон жок. Камералар орнотулган жайларда жол эрежесин бузуу 80% азайды”.
Деген менен кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөндө "Коопсуз шаардын" камералары эмнени тартып жатты, ал башында убада кылгандай баарын тартып, баарын каттап турса далай кыңыр иштин алдын алууга болот эле деген сындар айтылып келди. Маселен, 2021-жылдын жазында Бишкекте Айзада Канатбекова аттуу кызды күчкө салып ала качып, сааттап такыр дайынын чыкпай аягы өлүм менен аяктаган эле.
Дал ошол тушта коомчулук дагы, парламент дагы "Коопсуз шаардын" камералары тартып калган жокпу деген суроону кабыргасынан коюшкан эле. Долбоордун кийинки этаптары ишке киргенде камералардын саны да, сапаты да жакшыра турганы айтылып эле келе жатат. Ошого карабай ар бир унаага жеке видео регистратор зарылбы деген суроолордун төркүнү да ошондо сыяктанат.
Баскан, турганыбыздын баары эле тартылса жеке жашообуз кантет дегендер бар...
Кыңыр иш кылбай, бирок ошол эле учурда видео каттоосуз жүргөнгө эмнеге болбосун дегендер да бар. Алар чыгымы эле эмес, бул демилге жеке жашоонун купуялуулугуна доо кетирбейби деген суроого жооп издеп жатышканын жүйө келтиришет. Айрымдар муну милдеттүү эмес, ыктыярдуу деп түшүндүргөн шартта жакшыраак колдоо тапмак дешет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыккан долбоор парламентте колдоо тапса, 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмекчи.












