Коррупцияга каршы күрөш: "кустуруу" этабы бүттү
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
УКМК төрагасы коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабын жарыя кылды. Камчыбек Ташиев Facebook баракчасындагы кайрылуусунда коррупция менен кармалгандар буга чейин келтирген зыянды төлөп, жеңилдетилген жаза менен кутулуп келсе, эми аларга аёо болбойт, мыйзамда каралган эң жогорку жазага тартылат деп билдирди.
Кыргызстанда күн алыс улам бир жетекчи коррупцияга шектелип кармалып, кай бирлери кармап, камоодон кутулуп чыккан учурлар көп болуп келди.
Би-Би-Си коррупцияга шектелгендер кармалган учурлардын айрымдарын тизмектеп, талдоочулардын пикирин сурады.
Кыргызстанда апрелде Транспорт жана коммуникация министрлигинин 13, Салык кызматынын 10 кызматкери коррупцияга шектелип кармалышты.
Мындан тышкары, күн алыс эле ар кайсы мамлекеттик органдарда иштеген жетекчилер паракорчулукка шектелип кармалууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ар кыл деңгээлдеги коррупциялык иштерге аралашкандардын тергөө иштери жүрүп жаткан чакта эле алар кайсыл бир суммадагы каражатты казынага кайтарып, үй камагына чыгып жатышат. Ушундан улам коомдун бир бөлүгү “акчаң болсо эч кандай жаза албай эле кутулуп кетет турбайсыңбы” деген пикирди айтып да, жазып да жатат.
Кыргызстанда 2020-жылдан кийин келген бийлик жарыялаган “кустуруу” саясатынын жыйынтыгы кандай болуп жатат деп суроо алгандар жок эмес.
"Коррупция менен күрөштө такыр башка жол менен кетебиз" деген Садыр Жапаровдун саясаты да бул жагынан мурдагы президенттердикинен бир топ айырмаланды.
“Ачыкка чыгарбоо” суранычы
Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн соңку 2,5 жылда бюджетке 10 миллиард сом түшкөнүн билдирди.
“Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз”, - деди президент 14-апрелде мамлекеттик “Кабар” агенттигине.

Сүрөттүн булагы, Official
Президент ал маегинде үй камагына чыкса эле акталып кетет деген туура эмес түшүнүк экенин, сөзсүз сот иштери уланып, соттун чечими менен гана иш аяктарын айткан.
2020-жылдагы Октябрь революциясынан кийин келген бийликтин тушунда мурунку жана азыркы бир катар министрлер, жетекчилер ар кандай кылмыштарга шектелип кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп абактан чыгып жатышат. УКМК былтыр алардын саны 30га чукулдаганын билдирген.
Мындай “кустуруу” саясатын сындагандар да, колдогондор да бар.
“Буйтоонун бир жолу”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев буга чейинки тажрыйбанын негизинде бул Кыргызстанда соттук-териштирүү процессин буйтап өтүүнүн бир жолу болуп калды деп эсептейт:
“Кустуруу операциялары ушу кезге чейин өтө бүдөмүк, бекилүү, караңгы шарттарда ишке ашууда. Ачык-айкын “кустуруу” бир жөн эле. Толук элге маалымат берейин деген эч ким жок. Эл башчылар «жегенинен эки эсе кустуруп атабыз» деген куру сөзүнө ишенелиби, башка бир да чымчым маалымат берилбесе? Кускан киши өзү каерден канчаны уурдап жеп койгон экен, ал маалымат кантип далилденди, жегенинин баарын кустубу же жарым-жартылайынбы, жеп алгандан кустурулганга чейин ал мүлктүн баасы чоңойдубу же ошол бойдон турдубу? Төккөнү кайсы мекеменин кайсы банктагы эсебине барып түштү? Ал каражатты кандай жол-жобо менен колдонууга болот? Кустуруу башкача айтканда – соттук-териштирүү процессин буйтап өтүүнүн бир жолу болуп калды”.
Президент Садыр Жапаров соңку интервьюсунда "кустуруу" маселесине дагы ким кызыкдар болсо, ага расмий түрдө кат менен кайрылуусун сунуштаган.
Ал тапта “кустуруу” саясаты канчалык өзүн актап жатат деген суроо парламент трибунасынан да көтөрүлдү. Депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин 20-апрелдеги жыйынында мындай ыкма менен коруппциялык күрөш кандай жыйынтыгын берип жатат деген суроону козгоп, анализ жүргүзүү сунушун берген.
Кармап-камоолор байма-бай уланып, кымырып алгандарын төгүп жатышат деген менен коррупциянын кылы кыйшая элек дешет.
“Жаңылыктардан прокурорлор, милиция, аткаминер, мэрлер кармалып камалып атканы айтылып жатат. Эмнеге андай болуп жатат? Балким анализин жасап көрбөйлүбү, кармап камап, "кустургандан" пайда болбой жатат окшойт” - деди Нуржигит Кадырбеков.
Мыйзамдар эмне дейт?
Коррупция жана акча адалдоо көйгөйүн иликтөө боюнча Борбор Азия институтунун эксперти Атай Алмаз уулу коррупцияга каршы күрөштүн азыркы ыкмасын атайын анализдеген экен.
“Кылмыш-Жаза кодексинде акча берип үй камагына чыгат деген нерсе жок. Биз бул маселени анализ кылып, бирок эч кайсы юридикалык документтен таппадык. Кылмыш-Процессуалдык кодексте тергөө менен кызматташкан учурларда жоопкерчилигин төмөндөтүү жагдайы каралган. Бирок бул жерде биз бузууларды көрүп жатабыз. Мисалы, айрым адамдарды жөн эле коё берип жатышат. Ооба, мындай караганда андай адамдарды түрмөгө камап эмне десе болот, бирок юридикалык документте мындай нерсе жазылган эмес”.
Кыргызстанда былтыр экономикалык мунапыс тууралуу президент Садыр Жапаров демилгелеген мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, экономикалык жана салык төлөбөй кылмыш жасаган адамдарга күнөөсүн мойнуна алып, уурдаган акчасын бюджетке кайтаруу чарасы каралган. Документ мындай кылмыштар менен абакта жаткандарга да гумандуулук принцибин колдонууну карайт.
Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөлүк Transparency International уюмунун индексинде 180 өлкө ичинен 140-орунду алды.

Сүрөттүн булагы, Official
“Кыргызстан боюнча биз былтыр алты изилдөөнүн маалыматын алып карадык. Бул изилдөөлөр Дүйнөлүк банк, Freedom House өндүү уюмдардын изилдөөлөрүн колдонобуз. Бир жактуу болуп калбасын деп үчтөн кем эмес маалымат булагына таянабыз. 2021-жылы Кыргызстан төрт упайга түшкөн, былтыр ошол бойдон калдык. Бул эмнени билдирет? 30 баллга чейинки көрсөткүчтөр экстремалдуу коррупция дегенди билдирет. Абдан орчундуу маселе бар экенин белгиси. Жазадан качып кетүүгө мүмкүн эмес принциби колдонулса кылмыштуулук азаят деген түшүнүк бар. Коррупция да кылмыш болгон үчүн кылмышкер жазасын алыш керек,”- деди эксперт Адылбек Шаршеналиев.
Эл аралык уюмдун отчетунда Кыргызстанда буга чейин улуттук деңгээлдеги туруктуу өнүгүү жана коррупцияга каршы бир нече стратегиялар иштелип чыгып, бирок алардын көбү ишке ашпай калганы белгиленет. Эң башкысы ал үчүн эч ким жоопкерчилик да алган эмес.








