Суперпрезиденттик башкаруунун үчүнчү жылы: негизги окуялар

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Social media

Кыргызстанда президент баарын билип, баарын башкарган саясаттын үчүнчү жылында коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы жарыяланды. Бийликти колдон талашкан күчтүү оппозиция жок, каяша айтып каршы чыккан саясатчылар менен жарандык активисттер темир торго салынды. Массалык тополоң чыгарууга даярдык көргөн деген шек менен айыпталып, өткөн жылы камалган 24 саясатчы менен жарандык активисттин соту да бүткөн жок. Коомчулуктагы каршылык маанайга карабай, президенттин демилгеси менен улуттук туунун дизайны өзгөртүлдү.

Атамбаев абактан чыкты

Атамбаев камактан чыкты

Сүрөттүн булагы, Social media

14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камактан чыгып, дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти.

Анын алдында Жогорку Сот Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге карата мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ушул эле күнү райондук сот экс-президентке дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берди.

“Бүгүн таңкы беште уулу Кадыр менен бирге Испанияга учуп кетти. Качан кайтып келери дарылануусуна, диагнозуна байланыштуу болот. Анткени жүрөгүн дарылатат. Омурткасындагы грыжасына дагы операция жасатып калышы мүмкүн. Кайра сөзсүз келет”, - деди анын партиялашы Кундуз Жолдубаева.

Алмазбек Атамбаев 2020-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган фактысы боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган болчу.

Экс-президент түрмөдөн сыртка чыкканда кыска суроолорго жооп берип, ага каршы козголгон кылмыш иштеринин баарын четке какты.

Атамбаев өзү негизги фигурант болгон Кой-Таш окуясы боюнча сот жыйындарына катышуудан ансыз деле баш тартып келаткан. Эми ал Испанияга чыгып кеткенден кийин сот анын катышуусу жок өтүп жатат. Бирок сот иштери аягына кандай чыгары бүдөмүк.

Кыргызстандын бийлиги мурдагы президентти "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деген бүтүм менен камактан бошоткондой болду.

Дубайдагы кездешүү

Кыргызстандын бардык президенттери
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алмазбек Атамбаев камактан бошоп чыккандан саналуу күндөрдөн кийин, 18-февралда Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттерин Дубайга чогултту.

Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышты. Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусунда бул жолугушуунун максаты кыргыз калкын ынтымакка чакыруу, саясий биримдикке келүү, бөлүнүп-жарылууну токтотуу экенин баса белгиледи.

Бул жолугушуу Дубайда өткөнү, төрт сааттан ашык созулганын, Атамбаев акырына чейин күтпөй, англисче кетип калганын, Садыр Жапаровдун жанында Камчыбек Ташиев кошо барганын өзүнүн булактарына таянып Москвадагы саясий эксперт Аркадий Дубнов кабарлады.

Бул окуя Садыр Жапаров өзүнөн мурдагы беш президенттин колунан келбеген эки чоң иштин өтөсүнө чыгып койгон учурда, атап айтканда “Кумтөр” алтын кенин мамлекетке кайтарып алып, Өзбекстан менен отуз жылдай чечилбей, чубалып келаткан азаптуу чек ара талашына чекит койгон убакта болду. Дубновдун сөзү менен айтканда, “алар кырдаалды ишенимдүү көзөмөлдөп турганын көрсөтө” турган мааниге ээ.

Жолугушууга катышкан экс-президенттердин экөө өздөрү билдирүү жарыялашып, позицияларын ачыкташты.

Эң биринчи болуп үн каткан Алмазбек Атамбаев жолугушууга Садыр Жапаров чакырган үчүн барганын, күтүлбөгөндөй иш болгонун белгилеп, саясий ынтымакка келүү менен К. Бакиевдин Кыргызстанга кайтышы эки башка иш экенин билдирди.

“Биздин өлкөдө тынчтык жана биримдик менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтышы – эки башка маселе. Аларды бир кароо таптакыр башка натыйжа берет. Абдан көп кан төгүлдү, унутулбай турган көп окуя бар. Албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Аларды эң биринчи курман болгондордун жакындары кечириши керек. Президент Садыр Жапаров мен айтканга кулак салып, туура чечим чыгарат деп ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Аскар Акаев болсо Садыр Жапаров саясий кыраакылыкты жана адамдык айкөлдүгүн көрсөттү деп жазды.

“Албетте, мамлекеттик бекемдөө, элдин биримдиги жана ынтымагы - өлкөнүн президентинин тикелей жана башкы конституциялык милдети. Ал бул милдетти иш жүзүнө толугу менен аткара баштаганы кубандырат”,-деди Аскар Акаев.

Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушуу жөнүндө ар бир мурдагы президент менен өз-өзүнчө сүйлөшкөнүн ырастады.

“Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган”, - деп билдирди президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде.

Коррупцияга каршы күрөш: кустуруу этабы аяктады

Камчыбек Ташиев

25-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабын жарыя кылды. Ал Facebook баракчасындагы кайрылуусунда коррупция менен кармалгандар буга чейин келтирген зыянды төлөп, жеңилдетилген жаза менен кутулуп келсе, эми аларга аёо болбойт, мыйзамда каралган эң жогорку жазага тартылат деп билдирди.

Кыргызстанда күн алыс улам бир жетекчи коррупцияга шектелип кармалып, кай бирлери кармап, камоодон кутулуп чыккан учурлар көп болуп келди.

Кыргызстанда апрелде Транспорт жана коммуникация министрлигинин 13, Салык кызматынын 10 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды.

Мындан тышкары, күн алыс эле ар кайсы мамлекеттик органдарда иштеген жетекчилер паракорчулукка шектелип кармалууда.

Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн соңку 2,5 жылда бюджетке 10 миллиард сом түшкөнүн билдирди.

“Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз”, - деди президент 14-апрелде мамлекеттик “Кабар” агенттигине.

Бийликти басып алууга айыпталгандар

бийликти басып алууга айыпталгандар

Отуздан ашуун адамдын бийликти басып алууга даярдык көргөн деп кармалышы жыл ичиндеги чоң окуялардын бири болуп калды.

Атайын кызмат сурактан кийин беш адамга оор айып менен кылмыш ишин козгоду. Учурда бул ишке жашыруун деген гриф коюлгандыктан расмий органдар толук маалымат бербей келатат.

Далил катары айрым бир видео, аудио материалдар тарап жатат. Тергөөнүн версиясында шектүүлөр жыл бою өлкөнүн ар кайсы аймагынан [бийликке] нааразы болгон жүздөн ашык адамды өз катарына тартканы айтылат.

УКМК ошондой эле уюштуруу иштерин каржылоо жана сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан каражат да келмей болгонун айтууда. Бирок кимден же кайдан, канча каражат алынмактыгы тууралуу ачык маалымат таратылган жок.

“Бийликти басып алууга” айыпталып УКМК тарабынан кармалган беш кишинин төртөө атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды.

Алар - “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова, “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков жана ким экени ачыктала элек эки адам.

Кармалгандардын арасынан Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Чолпонбек Сыдыкбаев үй камагына алынды.

Оппозициянын лидери камалды

Мадумаров кармоо учуру

Сүрөттүн булагы, Screenshot

2-сентябрда Жогорку Кеңештеги келишкис оппозициялык фракциянын лидеринин кармалып эки айга камакка алынышы менен Кыргызстанда күзгү саяcий сезон ачылды. Адахан Мадумаров укук коргоо органдары тарабынан "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча кылмышка шектелүүдө.

Ал парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери болгон себептүү анын тарапташтары дароо эле саясий куугунтук тууралуу билдирүүлөрдү таркатууда. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши элге, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, бийликтин аракетин кылмыштуу деп атады жана акыйкат үчүн көгөрүп күрөшөрүн билдирди.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өз кезегинде "кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерин жасаса, аларга аёо болбойт" деп эскертти.

Айрым байкоочулар Кыргызстандагы кабелтең саясатчыны камоо саясий кырдаалдын курчушуна алып келбейби деген кабатыр ойлорун айтып жатты. Анткени Мадумаров парламентте отурганда кырдаалды стабилдүү кармоочу фактор болуп келген, эми анын электораты козголсо, бул саясий күчтөрдү чабыштырууну көздөгөн тышкы оюнчуларга аябай жакшы шарт түзөт дейт айрым эксперттер.

Мадумаров кармалгандан кийин ИИМ "Тергөө кызматында жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат" деген билдирүү таратты.

Оппозиционер саясатчынын адвокатынын айтымында, кеп Адахан Мадумаров 2009-жылы коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол коюп берген кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө деген талаштуу 275 метр жерди Тажикстандан ижарага алуу жөнүндө протокол боюнча болууда.

Төрт-Көчө кыргыз-тажик чек арасындагы талашка түшүп, чырга чырмалып келаткан жер. Ал Баткен-Исфана жолунда, Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы так ушул жерден кесилишет. Андан Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына жол кетет.

2022-жылы январда так ушул Төрт-Көчө тараптан тажик чек арачылары миномет жана гранатомет менен аткылашкан.

2009-жылы Ош – Баткен – Исфана унаа жолун оңдоо учурунда сүйлөшүүлөр болуп, көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы дал ушул жолдо 275 метр жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу тууралуу протоколго ошол убактагы коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок бул протокол ишке ашкан эмес. Аны убагында өкмөт сунуштаганда Жогорку Кеңеш колдогон эмес, атүгүл каралган да эмес дешет. Анткен менен бул протоколду Тажикстан бетке кармап келатканы көптөн бери айтылууда. Ошондуктан дал ушул протоколго кол койгон үчүн Адахан Мадумаров азыр мамлекетке чыккынчылык кылмышына шектелүүдө.

Тажик тарап дал ушул протоколго таянып, бул жерди өзүнүкү деп талашып жатканын президент Садыр Жапаров билдирген эле.

"Эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, демаркация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Ал жерди берип коюу - бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык", - деген президент.

Адахан Мадумаров өз кезегинде бул протоколдун максаты жол салуу гана болгонун, анын юридикалык күчү жок экенин айтып келатат.

"Бул дипломатиялык миссия болчу. Анда бизге жарандарыбыз үчүн Тажикстанга көз каранды эмес жолду салууга мүмкүнчүлүк болгон. Ошол убакта тажик чек арачылары Көк-Таш айылына өткөрүү пунктун салып алышкан, ошондон улам жергиликтүү тургундар Баткен облусунан Ошко баруу үчүн текшерүүдөн, чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө мажбур болушкан. Протокол бул маселени чечкен. Андан кийин айланма жолду куруу иштери башталып, көпүрө салынган", - деген эле Адахан Мадумаров “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде.

Адахан Мадумаровдун жүйөсүндө, бул протокол Кыргызстан ал жерди Тажикстандыкы деп укуктук түрдө тааныганга жатпайт. Анын мааниси чек ара боюнча расмий чечим кабыл алынгыча кырдаалды жөндөй турган убактылуу гана чара болчу.

"Протокол Кыргызстандын парламентинде каралган да эмес, демек анын эч кандай күчү жок жана Кыргызстандын тажик тарап менен сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болмок эмес",- деп айтылат "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүндө.

"2009-жылдагы протокол биздин партияны жана биздин лидерди таптакыр жок кылуу үчүн шылтоо гана болуп жатканына эч күмөнүбүз жок".

Адахан Мадумаров кыргыз саясатындагы туруктуу электораты бар лидер экени белгилүү. 2021-жылы өткөн соңку президенттик шайлоодо ал Садыр Жапаровдон кийинки эле келген талапкер болду.

2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо анын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы босого чектен өтүп, парламенттеги биринчи оппозициялык фракция болуп калды.

Камактагы саясатчылардын иши

Кыргызстанда массалык тополоң чыгарууга даярдык көргөн деген шек менен айыпталып, 2022-жылы камалган 24 саясатчы менен жарандык активисттин соту 2023-жылы да бүткөн жок.

"Кемпир-Абад" суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы болгон саясатчылар менен жарандык активисттер 2022-жылы 23-октябрда массалык тополоң чыгаруу аракетине айыпталып кармалган.

Жактоочулары бул активисттерди камакта кармоого эч кандай мыйзамдык негиз жок деп кайрылып, ошондуктан аларды кыйнабай үй камагына чыгарууну кайра-кайра өтүнүп келди.

Айрымдары үй камагына чыкты, ал эми Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков жана башкалар дале камакта.

Алар ээнбаштык менен камоолор болду деп бийликти "саясий репрессияларга" айыптап, бир топ күн бою ачкачылык жарыялашты. Ачкачылыктан алсыраган экөөнүн ден соолугу бузулуп, үй камагына чыгарылды.

Андан бери сот калгандарынын абактагы мөөнөтүн улам узартып жатат.

"Тилекке каршы, ушундай көп болуп жатат. Укук коргоо органдары жапырт баарын камакка алуу деген тажрыйбасынан баш тартыш керек деп жатабыз",-деген мурданы акыйкатчы Атыр Абдрахматова.

Бакиевге Бишкектен кол кезешти

Курманбек Бакиев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ноябрдын экинчи жарымында Курманбек Бакиевге кун төлөткүсү келгендердин сунушу жана ага каршылардын Бишкекте болгон митинги бозгундагы экс-президентке каршылык маанайдын дагы эле курч экенин көрсөттү. Бакиевдин ойлогону, көксөгөнү - Кыргызстандын бийлигин көндүрүп, 13 жыл мурдагы кандуу окуяларды кайра каратууга жетишүү. Бул үчүн ар кандай жол издеп, туш-туш жакка киши салып, акча салып, тынбай аракет көрүүдө.

2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун үй-бүлөсү, жакын туугандары митингге чыгып, Курманбек Бакиевден кун албай турганын жарыя кылышты жана аны алып келүүгө караманча каршы талаптарын бийликке жолдошту.

"Өз элин канга боеп, кыргыз мамлекетин тоноп кетип, чет жакта бизнес кылып чардап жаткан Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтуунун айла-амалдарын издеп жатыптыр. Анын курман болгондорго кун төлөп, жарадарларга акча берип, элден кечирим сурасам деген арам ою ишке ашпайт! Арам акчаны да албайбыз!", - деп айтылат кайрылууда.

Көп жыл мурун болгон кандуу окуяда жакындарын жоготкон айрым адамдар жашоодон кыйналып тургандыктан Минскиде Лукашенко канатына калкалап алган Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алалы деп чечимин билдиришкен. Бакиевдер келбесин деген каршы митинг ушундан кийин болуп отурат.

Бакиевден кун алуу сунушу, балким, аларга чыккан сот өкүмдөрүн кайра каратуу максатындагы болуп жаткан технологиялардын бир көрүнүшүбү деген дагы ойлор кетпей койбойт. Анткени бул сунуш колдоо тапса, Минскиден кандай реакция болору белгилүү. Бакиев сот өкүмдөрүн кайра карап чыгууну талап кылат. Бул сунуш ошон үчүн арам ой катары кабыл алынып, каршылык болуп жаткандай.

“Байлыгы ашып-ташып турса да, бул жакта төрөлгөн кыргыз негизи башка жакта жашай албайт. Ошон үчүн Акаев кандай болсо дагы келди, бирок анын колунда кан жок эле. Ал эми Бакиев аракет кылып жол издеп атат, бирок анын мисалында чоң ката кетти, кан төгүлдү, көп адам каза болду. Канчалык кун же тиги-бул ритуалдарды ойлоп чыгарса дагы эми эл көнбөйт, чече алышпайт. Булар кызыл чектен өтүп кетти”,-дейт саясий аналитик Марс Сариев.

Экинчи элдик курултай

Элдик курултай

Сүрөттүн булагы, President.kg

Бишкекте 15-декабрда экинчи элдик курултай болду.

Президент баштаган бийлик башчылары чыгып сүйлөп, бардык тармакта өнүгүү бар экенин мактаныч кылып жарыялашты.

Элдик курултайдын төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды.

Бул коомдук жыйын бардык тармакта өнүгүү бар деген өкмөттүк мактаныч билдирүүлөрдүн убагында жана жарандык укуктар басмырланууда деген эл аралык уюмдардын сын-дооматы күчөгөн учурда өттү.

Биринчи курултайда делегаттар козгогон социалдык маселелер арбын болгон эле. Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөш үзүрүн берип, мамлекеттик казынага жыйналган салык жана бажы төлөмдөрү эки-үч эсе көбөйүп, социалдык объектилер арбын салынып жатканын айта кетти.

Курултайга жер-жерлерден 700 делагат шайланып келди. Анын ичинде Россия, Казакстан, Улуу Британия сыяктуу чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да бар.

Элдик курултай биринчи жолу мыйзамдык негизде өттү. Элдик курултай тууралуу мыйзам көп талаш-талкуудан кийин быйыл гана кабыл алынды.

Бул институт Конституцияда коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп каралган, анын чыгарган чечимдеринин баарынын сунуштама түрүндө гана күчү бар. Ошол себептүү буга нааразы болуп, анын укуктарын чоңойтууну да талап кылган күчтөр бар.

Желек демилгеси

КР мамлекеттик туу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парламент кабыл алган мыйзам долбоору боюнча мамлекеттик туудагы күндүн жалбырттаган нурлары тик тийген нур болуп оңдолду жана андагы үч чамгарак төрт болуп калды.

Садыр Жапаров Элдик курултайда мамлекеттик тууну өзгөртүү анын өзүнүн демилгеси экенин, ага өзүнүн жүйөлөрүн айтып, бул сунушту колдоп берүүгө чакырды.

"Желекти оңдоп-түздөө менин компетенцияма кирбейт, бул Жогорку Кеңештин компетенциясы. Авторлорун чакырып кеңешип, нурларын кичине түздөп, боз үйдүн түндүгүн төрткө көбөйтүп койбойсуңарбы деп мен сурандым. Ошондуктан Нурлан Шакиевди эмес, мени тепкилегиле",-деген Садыр Жапаров.

Делегаттар мурда желек демилгесин сынга алып жатканына карабастан, президент сүйлөгөндөн кийин ага жооп кылып шатырата кол чабышты.

Бирок курултайдын резолюциясында желек тууралуу эмне жазылганы белгисиз бойдон калды.

Анын соңунан эле Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуусу жок эле экинчи-үчүнчү окууда карап, шыр кабыл алды. Президент да көп созгон жок, бир аптага жетпей кол койду.

Парламент кабыл алган мыйзам долбоору боюнча мамлекеттик туудагы күндүн жалбырттаган нурлары тик тийген нур болуп оңдолду жана андагы үч чамгарак төрт болуп калды.

Желекти өзгөртүү маселеси козголгондон бери коомдук маанайды чаргыткан чырга айланды. Социалдык тармакта тууга тийбегиле деп өкмөттү тилдеген, Жогорку Кеңештин төрагасын тилдеген сын-дооматтар жайнап жарыяланды. Бишкекте да бир топ активисттер нааразы болуп көчөгө чыгышты. Бирок бийлик айтканынан кайтпады, каршы болгон активисттердин айрымдарын кармап кетип камап койду.

Каршы чыгып жаткандар өз кезегинде ар башка көз караштан чечмелеп, ар кандай жүйөлөрдү келтирүүдө. Анын ичинде тарыхый, этнографиялык, философиялык, экономикалык көз караштан талдап жаткандары андан көп.

Мамлекеттик тууну кабыл алган легендарлуу парламенттин спикери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов Бишкекте "Кыргыздар" китебинин 40 томдугунун бет ачарында чыгып сүйлөп, Жогорку Кеңештин желекти оңдогону "туура эмес иш" болуп калды, "элден алыстаган бийлик оңбойт" деп сынга алды.

Белгилүү жазуучу Чоюн Өмүралиев мамлекеттик туунун оңдолгон вариантын жаратпай четке каккан эстетикалык-философиялык эки чоң макала жазып, Жогорку Кеңешти "Жойпу Жоке", "Примовдук примитивизм" деп сындап, мыйзамга вето коюуга чакырып, президентке кайрылды.

Үчүнчүлөрү эми мунун акчалай чыгымы элдин мойнуна түшөт деп кабатыр болууда.

"Мен таптакыр каршымын. Бүгүн тууну алмаштырса, бир айга жетпей эле машиненин номурун алмаштыргыла дейт. Бюджетти толтуруш керек. Экинчиден, чет өлкөгө чыга турган болсоң паспортуңду алмаштырасың. Бүт баарына акча төлөйсүң. Айыл өкмөт, мектептеп баштап Ак үйгө чейин туунун баарын алмаштырыш керек",-дейт Элдик курултайдын делегаты Асыкбек Оморов.

Садыр Жапаров өз кезегинде мамлекеттик тууну оңдогондон кийин бир тыйын да чыгым болбойт деп убада берүүдө.

"Бир тыйын чыгым кетпейт. Эски паспорттор мөөнөтү өткөнгө чейин иштейт. Чет өлкөгө чыгасыңбы, өлкө ичинде жүрөсүңбү, паспорт алмашылбайт. Кааласаң алмаштыр, кааласаң мөөнөтү өткөнгө чейин жүрө бер. Машинанын номурлары да ушундай болот. Жаңы берилип атканы жаңысы кетет, эскилери кааласаң он беш жылга чейин жүрө бер. Желекти массалык түрдө алмаштырыштын эч кажети жок".

Мамлекеттик желек өзгөргөндөн кийин биринчи кезекте мамлекетттик бийлик органдарында, мекемелерде, чет элдик өкүлчүлүктөрдө алмашуусу керек. Бирок ага кетчү чыгымды дагы президент өз чөнтөгүнөн жаба турганын айттты:

"Ошол 50-60 желекти мен эле маянаман алмаштырып берип коёюнчу".

Президенттин доору

Садыр Жапаров Элдик курултайда

Сүрөттүн булагы, President.kg

Мамлекеттик туунун маселеси президенттин бир айтканы менен Жогорку Кеңеште шыр кабыл алынган учур Садыр Жапаровдун бийликке келгенине үч жыл толгон мезгилге туура келди. 2020-жылы шайлоодон чыккан нааразылык массалык тополоңго айланып, Сооронбай Жээнбеков бийликтен кеткенде, Жапаров түрмөдө отурган жеринен бошонуп келип, нааразылык толкунун баштап, бийлик башына турган.

Садыр Жапаров келери менен мурдагы саясий башкаруу түзүмүн түп-тамырынан бер реформалап, баш мыйзамды жаңыртып, парламенттик башкаруунун ордуна президенттик башкарууну киргизди.

Президент мамлекет башчы болуу менен бир эле учурда аткаруу бийлигинин да башына өзү туруп, эки тизгин бир чылбырды өз колуна алды.

Мурда өкмөттү түзүп, аткаруу бийлигин калчап келген Жогорку Кеңештин бийлиги кыскарды. Ал түгүл Жогорку Кеңештин өзүнүн иш башкармасы жоюлуп, анын каржылык-чарбалык тейлөөсү президенттин иш башкармалыгына өттү.

Бул аралыкта көп жыл бою чет элдик компаниянын колунда болгон "Кумтөр" алтын кени кыргыз өкмөтүнүн карамагына өттү, Өзбекстан менен көп жылдар бою чечилбей келген чек ара талашына чекит коюлду. Мамлекеттик казынанын кирешеси эки-үч эсе көбөйдү, мугалимдер, дарыгерлер жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысы, пенсиялар 50-100% көбөйдү.

Ички дүң продукциянын көлөмү жакында эле бир триллион сомго жеткени жарыяланды, бул 2020-жылы 639 млрд сом болчу.

Эл чарбасынын бардык тармагында өнүгүү болуп жатканын жар салган президент мунун баары казынаны какшытып келген жемкорлукка каршы күрөштүн натыйжасы экенин айтып мактанып турган учуру.

"Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган. Азыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүүдө. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат",-деди Садыр Жапаров элдик курултайда.

Азыркы саясий кырдаалдын контекстинен алып караганда, эксперттер желек демилгесин президенттик башкаруунун бийлигин бекемдөө жолунда саясий технологиянын максаттуу аракети катары чечмелеп жатышат.

"Желек демилгесинин максаты дизайндагы эле өзгөрүүлөр эмес, анткени алар анчалык деле кардиналдуу эмес. Талаш-талкуулар желектин концепциясы боюнча болгон жок, элементтердин айланасында эле жүрүүдө. Балким, анын реалдуу максаты - коомдун потенциалын, бийликтин антидемократиялык демилгелерине активдүү оюнчулардын реакциясын ченөө болушу мүмкүн. Анткени, демилгеден башталган талаш-талкуулар, бир адамдын "Мен билем" деп каратып туруп чынын айтканына чейинки процесс антидемократиялык процедуралардын олуттуу тоскоолдугу жок өтүп жатканын көрсөттү. Ошол эле учурда жыл аягында коомдук талкуунун багытын кымбатчылык, экономикадагы орчундуу жылыштын жоктугу, жаманатты кадр саясаты сыяктуу маселелерден буруп кетти. Демек, желек боюнча жыйынтык чечим - коом башын жерге салып калды, эми катуурак камчылай берсең болот деген ишарат",-дейт медиа эксперт Эльмира Токтогулова. (КС)