Матроним чуусу, жарга такалган Консот

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда 18 жашка толгон балдарга энесинин атына (матроним) катталууга жол ачкан чечим чыгарган Конституциялык сот катуу кысымга кабылды. ЖК төрагасы Нурлан Шакиев Конституциялык соттун төрагасынын жана бүт курамынын кызматтан кетишин талап кылды. Бир эле убакта Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого президентке укук берген мыйзам долбоорун биринчи окууда карап кабыл алды.

Конституциялык Соттун имараты

Сүрөттүн булагы, Official

Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды. Документке 66 депутат “макул”, төрт депутат “каршы” деп добуш берди.Долбоорду президенттик администрация демилгелеп жатат.

Депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасап, Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо сунушталып жатканын айтты.

Жаңы долбоорго ылайык, КС чечимдерин кайра кароого арызды президент жана Конституциялык соттун төрагасы гана бере алат.

Аракеттеги мыйзамдар боюнча Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

Сыдыков Конституциялык соттун чечимин кайра кароо тажрыйбасы Өзбекстан, Казакстан жана Литвада дагы бар экенин жүйө келтирди. Ал жаңы документ менен соттун чечимин кайра кароого жол ачкан жагдайларга токтолду. Мисалы, эгер КС чечими жаңы жагдайлар ачылса же моралдык, адеп-ахлактын баалуулуктарына каршы келсе аны кайра кароого болот:

“Ар бир элдин тарыхы, баалуулуктары бар. Ошону менен жашап, ошону менен эл болуп келатат. Айрым учурлар нарк-насил менен жөнгө салынган. Бул жерде аны ким аныктайт? Бийликтин ээси - эл. Нарк-насилди алып жүрүүчү дагы - эл. "Матроним" боюнча коомдук пикир, коомдук жана маданий ишмерлердин пикирине ылайык, ал коомдун аң-сезимине карама-каршы келет. Кыргыздын салтында деле "жети атага чейин кыз алып, кыз бербе" деген. Ошондуктан каада-салттын, адеп-ахлактын туткасы, алып жүрүүчүсү - бул эл".

Конституциялык жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талаш-талкууларды жаратты.

“Долбоор чийки”

Тармактык комитеттеги талкууда оппзициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Гуля Кожокулова бул мыйзам долбоору “чийки” экенин жана Баш мыйзамга карама-каршы келерин айтты. Ошондой эле документ тууралуу Венеция комиссиясынын корутундусу бар-жогуна кызыкты.

Кожокулова сунушталып жаткан долбоор боюнча ошол эле ЖК депутаттарынын Конституциялык соттун чечимин кайра кароого арыз берүүгө укугу жок экенин белгиледи.

Ошондой эле бул маселе боюнча КС төрагасынын пикирин билүү да маанилүү экенин айтты.

Гуля Кожомкулова, депутат

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гуля Кожомкулова, депутат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Кайра кароо чечиминин чегин ким аныктайт, ким экспертиза берет, Конституциялык сот өз чечимдеринде эмнеге таянат? Моралдык баалуулуктарга каршы келерин ким аныктайт? Чаржайыт, түшүнүксүз мындай норма юридикалык жактан мыйзам чыгаруу менен эч коошпойт. Эгер силер муну бир жерге жармаштырабыз десеңер, анда анын алкагын белгилегиле, анткени маселе олуттуу... Мыйзам долбоордун азыркы вариантын кабыл албоо керек, анткени аябай чийки. Баш мыйзамга каршы келген көп нерселер бар. Бул боюнча Конституциялык соттун төрагасын да угушубуз керек".

Баяндамачы Орозбек Сыдыков Конституциялык соттун корутундусу бар экенин, ал эми өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн Венеция комиссиясынын корутундусу талап кылынбасын билдирди.

Талкууда аталган мыйзам долбоорун колдогондор басымдуу болду:

“Мен бул документти толугу менен колдойм. Себеби, мындан эки-үч ай мурда Алтын Капалованын кайрылуусу чыкты эле. Ал Конституциялык сотко кайрылып, Кыргызстанда матчествону киргизүү чечимин чыгартып алды. Бул кыргыз улутун 20-30 жылда жок болушуна шарт түзүп бере турган чара. Улутту, мамлекетти ичтен алсыратканга аракет кылган күчтөр жок эмес”,- деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун комитет биринчи окууда жактырган. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да документ көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.

“Юриспруденция, эмес философия болуп жатат”

Депутат Дастан Бекешев аталган документке караманча-каршы эл өкүлдөрүнүн бири. Депутат эгер бул долбоор кабыл алынса, президенттик администрациянын ыйгарым укуктары эбегейсиз кеңейиши мүмкүн дейт:

“Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого мүмкүндүк берген мыйзам долбоору кабыл алынса, Конституциялык сотту такыр эле жоюп салуу керек. Юриспруденцияда “моралдык укуктар”, “элдин аң-сезими” деген сөздөр болбойт. Булар философиялык аныктамалар”.

Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Ал бардык башка бийлик бутактарынан көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына гана баш иет.

Конституциялык Соттун төрагасы – Эмил Өскөнбаев. Анын орун басарлары Карыбек Дүйшеев, Чинара Айдарбекова, Мээргүл Бобукеева, Лунара Жолдошева, Латип Жумабаев, Мукамбет Касымалиев, Кырккелди Кыдырбаев жана Шамил Шаршеналиев.

6-сентябрда Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды.

“Приципиалдуу маселе”

“Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт. Чогуу иштеген кесиптештериме жан тартканым менен мыйзам, Конституция жогору туруш керек. Ушундай кырдаалга кептелип калганыбыз өтө аянычтуу. Конституциялык Соттун чечими кайра каралат деген нонсенс. Бирок президент айла жоктон ушундай мыйзам долбоорун сунуш кылды. Моралдык жана адеп-ахлактык баалулуктарына каршы келген чечим кабыл алынып калса деген жагдай болсо деп айтылып жатат. Мындайга жол берилбеши керек эле. Азыр эми ошол катаны оңдобосо болбой турган принципиалдуу жагдай болуп жатпайбы”,- дейт Конституциялык соттун мурунку судьясы Жедигер Саалаев.

Конституциялык сот быйыл 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызын карап, анын негизинде чечим чыгарган. Ага ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

Окуя коомдо чоң талаш-талкууларга жем таштап, мындан кийин президент Садыр Жапаров “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду сунуштаган.