"Чыккынчылык" жана чоң чыр санаасы

Жогорку Кеңештеги келишкис оппозициялык фракциянын лидеринин кармалып эки айга камакка алынышы менен Кыргызстанда күзгү саяcий сезон ачылды. Адахан Мадумаров укук коргоо органдары тарабынан "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча кылмышка шектелүүдө.
Ал парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери болгон себептүү анын тарапташтары дароо эле саясий куугунтук тууралуу билдирүүлөрдү таркатууда. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши элге, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, бийликтин аракетин кылмыштуу деп атады жана акыйкат үчүн көгөрүп күрөшөрүн билдирди.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өз кезегинде "кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерин жасаса, аларга аёо болбойт" деп эскертти.
Айрым байкоочулар Кыргызстандагы кабелтең саясатчыны камоо саясий кырдаалдын курчушуна алып келбейби деген кабатыр ойлорун айтууда. Анткени Мадумаров парламентте отурганда кырдаалды стабилдүү кармоочу фактор болуп келген, эми анын электораты козголсо, бул саясий күчтөрдү чабыштырууну көздөгөн тышкы оюнчуларга аябай жакшы шарт түзөт дейт айрым эксперттер.
275 метр жердин чыры

Мадумаров кармалгандан кийин ИИМ "Тергөө кызматында жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат" деген билдирүү таратты. Оппозиционер саясатчынын адвокатынын айтымында, кеп Адахан Мадумаров 2009-жылы коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол коюп берген кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө деген талаштуу 275 метр жерди Тажикстандан ижарага алуу жөнүндө протокол боюнча болууда.
Төрт-Көчө кыргыз-тажик чек арасындагы талашка түшүп, чырга чырмалып келаткан жер. Ал Баткен-Исфана жолунда, Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы так ушул жерден кесилишет. Андан Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына жол кетет.
2022-жылы январда так ушул Төрт-Көчө тараптан тажик чек арачылары миномет жана гранатомет менен аткылашкан.
2009-жылы Ош – Баткен – Исфана унаа жолун оңдоо учурунда сүйлөшүүлөр болуп, көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы дал ушул жолдо 275 метр жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу тууралуу протоколго ошол убактагы коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок бул протокол ишке ашкан эмес. Аны убагында өкмөт сунуштаганда Жогорку Кеңеш колдогон эмес, атүгүл каралган да эмес дешет. Анткен менен бул протоколду Тажикстан бетке кармап келатканы көптөн бери айтылууда. Ошондуктан дал ушул протоколго кол койгон үчүн Адахан Мадумаров азыр мамлекетке чыккынчылык кылмышына шектелүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тажик тарап дал ушул протоколго таянып, бул жерди өзүнүкү деп талашып жатканын президент Садыр Жапаров билдирген эле.
"Эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, демаркация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Ал жерди берип коюу - бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык", - деген президент.
Адахан Мадумаров өз кезегинде бул протоколдун максаты жол салуу гана болгонун, анын юридикалык күчү жок экенин айтып келатат.
"Бул дипломатиялык миссия болчу. Анда бизге жарандарыбыз үчүн Тажикстанга көз каранды эмес жолду салууга мүмкүнчүлүк болгон. Ошол убакта тажик чек арачылары Көк-Таш айылына өткөрүү пунктун салып алышкан, ошондон улам жергиликтүү тургундар Баткен облусунан Ошко баруу үчүн текшерүүдөн, чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө мажбур болушкан. Протокол бул маселени чечкен. Андан кийин айланма жолду куруу иштери башталып, көпүрө салынган", - деген эле Адахан Мадумаров “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде.
Адахан Мадумаровдун жүйөсүндө, бул протокол Кыргызстан ал жерди Тажикстандыкы деп укуктук түрдө тааныганга жатпайт. Анын мааниси чек ара боюнча расмий чечим кабыл алынгыча кырдаалды жөндөй турган убактылуу гана чара болчу.
"Протокол Кыргызстандын парламентинде каралган да эмес, демек анын эч кандай күчү жок жана Кыргызстандын тажик тарап менен сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болмок эмес",- деп айтылат "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүндө.
"2009-жылдагы протокол биздин партияны жана биздин лидерди таптакыр жок кылуу үчүн шылтоо гана болуп жатканына эч күмөнүбүз жок".

"Баягы эле жомок"
Адахан Мадумаров өзүнүн кармалган себебин "баягы эле жомок, Баткен" деп эч кенебеген түрүн көрсөтүүдө.
Бирок аны сындагандар азыр ал кандай гана түшүндүрмө берсе да, баары бир анын жообун четке кагышууда. Ал кол койгон протокол ар кандай сүйлөшүүлөрдө тажик тараптын колундагы чоң көзүр болуп көрсөтүлүп, алардын ар кандай агрессиялык аракеттерине негиз болууда деп сындашууда.
"Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин, ошол жерде жашаган Баткен элинин кызыкчылыгына каршы протокол болду. 2009-жылы сай бош эле. 2009-жылы протоколго кол коюлгандан кийин миңдеген үй-бүлө көчүп келип, үй салып, огород кылып сайдын ичин өздөштүрүп баштады. Арендага жолду гана алдык. Калган территорияны бүт тажиктер ээлеп алды. Эмне үчүн бул протокол кагаз эле болгон болсо, эмне үчүн 2009-жылда коопсуздук кеңешинин катчысы катары контролго албадың"?,-дейт Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев "Ала-Тоо" программасына.
"Макулдук туура эмес алынган"
Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңеш июнда эле макулдук берген. Бирок анда Башкы прокуратура ага кызмат абалынан пайдалануу беренеси боюнча айып коюлуп жатканын билдирген.
Ал эми азыр болсо "мамлекетке чыкынчылык" беренеси боюнча кармалып камалганы кабарланууда. Ошондуктан Мадумаровдун фракциялаштары Башкы прокуратура парламенттин макулдугун туура эмес алган деп жатышат.
"Азыр тергөө эмнегедир алмаштырып жатат. Суроолор абдан көп. Юридикалык дагы суроолор көп. Туура келбеген учурлар көп. Эми калганын тергөө көргөзөт, мезгил көргөзөт",- деди ЖК депутаты Гуля Кожокулова.
"Ал эми кесипкөй саясатчы эмеспи. Ошондуктан ал буга даяр болчу деп ойлойм. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны баласынын көзүнчө кармап туура эмес кылды. Бул туура эмес. Ал качкан жок. Бишкекте эле болуп атты. Отпуска убагында да Кыргызстандан сыртка барган жок, Бишкектен чыккан жок. Аны чакырганда эле туура болмок. Анткени бул маселеде чекит коюлушуна Мадумаровдун өзү кызыкдар".

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Чоң чыр чыгып кетүү коркунучу...
Оппозициялык лидердин камалышы Кыргызстандагы социалдык-экономикалык динамикалуу өзгөрүүлөрдүн учурунда болууда. Кымбатчылык, экономикалык кыйынчылык деп жаткан чакта өкмөт социалдык тармактын эмгек акысын көбөйтүп, мектептерди мурдагыдан арбын салып, башка ири инфрастуктуралык экономикалык долбоорлорду баштаганы элдин колдоосун камсыз кылууда.
Бирок коомчулук Кемпир-Абад иши деп атаган чуулу иш боюнча кармалгандардын соту создугуп, андагы нааразылыктын токтобой жатканы саясий кырдаалды маал-маалы менен чыңалтып жиберүүдө. Бир катар блоггер менен журналисттердин кармалышы дагы нааразылыктын күчөшүнө кошул-ташыл болуп жаткандай.
Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, мына ушундай учурда Мадумаровдун камалышынын өлкөдөгү борпоң саясий кырдаалдын курчушуна алып келе турган опуртал жагы бар:
"Бул тышкы оюнчулар үчүн аябай жакшы шарт түзөт. Себеби Мадумаров бийликте депутат болуп турганда кырдаалды стабилдештирүүчү фактор эле. Парламентте аябай курч сөздөрдү сүйлөп, оппозиция болгон менен, кырдаал авторитардык эмес, демократия жолунда бараткандай болгон. Эми ал кармалгандан кийин Кемпир-Абад иши боюнча бөлүнүп-жарылуу күчөп, азыр абал курчуп кетет. Себеби Мадумаровдун артында чоң электорат бар, 100 миңдей киши бар, мигранттар, түштүк тарап, алардын туугандары болуп, Кыргызстанда түндүк-түштүк көйгөйү кайра пайда болот. Президенттик жарыш башталып, Мадумаров чыкса болот. Түрмөгө отуруп саясий туткун болуп көрүнөт".
Ал эми экинчи аналитик Жыргалбек Касаболот Кыргызстандагы элдин саясий төңкөрүштөрдөн көңүлү калып турганын белгилеп, оппозиячыл саясатчынын камалганынан чоң чыр-чатак чыгып кетет деп ойлобойт.
"Саясий долбоорлоо деген маселе бар. Кайсы бир чыр-чатактар, кайсы бир күчтөр бири-бирине каршы коюлган түрүндө атайын пландаштырылат. Бирок алардын бир чабал талуу жери бар. Башындагылар анын долбоор экенин билсе да, билбесе да, кол астындагылар билбейт. Алар чындап эле чабышат. Ошол жагынан алганда орточо деңгээлдеги чыр-чатактын коркунучу бар. Бирок жалпы Кыргызстандын деңгээлиндеги чыр-чатакка айланып кетет деп ойлобойм. Анткени бул чыр-чатакка катыша турган негизги электорат жалпы Кыргызстандын аймагына тарабайт",-дейт Жыргалбек Касаболот.

Үч революциянын өлкөсү аталган Кыргызстанда оппозициянын лидерлерин камоо саясий кризиске алып келген учурлар көп эле болду. Кытай менен чек араны тактоо боюнча чечимдерге каршы чыккан Азимбек Бекназаров камалганда Аксы окуясы дүрт этип, кан төгүлүп кетти. "Ар-Намыс" оппозициялык партиясынын лидери Феликс Кулов камалганда, Акаевдин башкаруусунда оор этап башталган. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип камалып соттолуп кеткенде президент Атамбаевге каршылык маанай күч алган. Ал эми Атамбаевдин өзүн бийликтен кеткенден кийин кармоо убагында Кой-Ташта тополоң чыгып, бир милиция кызматкери октон каза таап, бир нече адам жаракат алган.
Саясий туткун аталып камакта жаткан саясатчылар бийлик алмашканда бошонуп чыгып, акталып, керек болсо саясий жылдызы кайра жанган мисалдар аз эмес. (КС)











