Жогорку Кеңеш Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга уруксат берди
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз парламентиндеги оппозициялык фракция "Бүтүн Кыргызстандын" лидери оор беренелер менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Адахан Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча айып коюлуп жатат.
Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Баш прокуратуранын сунушунун негиздүүлүгүн карап, 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.
Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Баш прокуратуранын бул сунушуна пленардык жыйынга катышкан 17 депутат гана каршы, калгандары макул болушкан.

Сүрөттүн булагы, Official
31-майда башкы прокуратура Жогорку Кеңешке депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча сунуш киргизген.
Андагы айтылган жагдайларды иликтеп чыгуу үчүн убактылуу комиссия түзүлүп, анын курамына Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирген.
Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин – ичинен "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бирок Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча (кылмышка даярдануу, бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу) козголгон иштерге макул болгон эмес.
Коммиссиянын корутундусу парламенттин жалпы жыйынында каралып, депутаттардын 61 ага "макул" деп добуш беришти.
Мадумаров өзү "чек ара боюнча документтердин негизинде бүт барын далилдеп бергем" деп, комиссия үстүртөн буйрукту жан үрөп аткарганын" айтты.
Башкы прокуратура былтыр февралда Адахан Мадумаровду "чыккынчылык" беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Бирок анда парламент 9-мартта башкы прокурордун сунушун четке каккан болчу.
Эмне үчүн айыптап жатышат?
Бул жолу Мадумаровго "Кемпир-Абад иши" боюнча да күнөөлөр коюлду. Бул ишке башынан бери байкоо салып келе жаткан жарандык коомдун өкүлү Азиза Абдирасулова "Кемпир-Абад иши" кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталганда, ал жакта депутаттар Адахан Мадумаров, Исхак Масалиевдердин да ысымы болгонун белгиледи.
Бирок эмнеге Мадумаровду анда өткөн жылдагы массалык кармап-камоолордун алкагында эмес, азыр камоо аракети болду?

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"10-июлга чейин "Кемпир-Абад иши" боюнча айып тагылган 27 адамдын иши сотко өтөрдө буларды ошолорго кошуш керек болуп атат. Мадумаров бышып-жетилген оппозициялык саясатчы. Азыр андан башка ким бар? Каяша сүйлөп, сын-пикир айта ала турган азыр Мадумаровдун деңгээлинде парламентте депутат жок. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун салынышына карата, кендерге байланыштуу маселелер коюлуп калышы мүмкүн. Баткенде чек ара тактала элек, ал жакта бир топ маселелер депутаттар каникулга кеткенге чейин парламентке алынып келиниши мүмкүн. Адам укугу, сөз эркиндигине түздөн түз таасир бере турган, демократиялык принциптерди артка буруп кете турган ЖМК жана бейөкмөт уюмдары тууралуу эки мыйзам долбоору кароодо турат. Аларды өткөрүш керек. Мадумаров парламентте аба ырайын түзүп, документтерди кабыл алууда түздөн түз таасир эте албаганы менен, ал парламентте бул маселелер каралганда суроолорду берип, жоопторду талап кылып, өзүнүн пикирин ачык айта ала турган бирден бир парламентарий",-дейт укук коргоочу.
Бирок Мадумаров өзү соңку басма сөз жыйынында ага “Кемпир-Абад иши” айыптар коюлушу мүмкүнбү деген журналисттердин суроосуна кесе деп жооп берген эле:
“Мүмкүн эмес, 100 пайыз. Кемпир-Абад маселесин мен күн сайын көтөрөм. Кемпир-Абад азыркы бийликтин түбөлүктүү маңдайына жазылып калган кылмыш болот. Алар ойлогон, ушундай кылмыш ишин козгоп койсок, көпчүлүгү унчукпай отуруп калышат деп. Жок, андай эмес. Адамдын башында бир жашоо. Мен айтам, колуңардан келгенин жасап алгыла да, керек болсо күндү батыштан чыгарып алгыла деп”.
Деген менен Садыр Жапаров башындагы кыргыз бийлиги Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кыргыз-өзбек эки тараптуу келишимге каршы чыккандарды "өз кызыкчылыгын көздөгөндөр" деп айыптап келет.
"Бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтырды, фактыларды бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоо ниеттери ишке ашкан жок", - деген эле президент буга чейин.
"Кемпир-Абад иши" боюнча Мадумаровго оор айыптар коюлбаса, анда башка дагы кандай негиздер бар?
Ташиев-Мадумаров айтышы
Буга чейин парламентте Мадумаров көп эле жолу президенттен баштап, министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен кызуу талаш-талкууларга түшүп келди. Бирок былтыр анын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен парламент трибунасынан кайым айтышканын өзүнчө бөлүп кароого арзыйт. Ташиев анда баш прокурор болгондо Адахан Мадумаровду эчак эле каматып саларын айткан эле жана ага жетиштүү жүйөөлөрү бар экенин деп ачыктаган.
“Бизде толук ыкчам маалыматтар бар. Булар мамлекетте чаң-тополоң уюштуруп, бийликти алмаштырууга аракет кылып атат. Мен айтып коеюн, мамлекеттеги бийликти сиз эч качан алмаштыра албайсыз. Бир туугандарыңыз, ошол эле Абдысатар жана башкалары чогулуп алып, “жакында Адахан Кимсанбаевич, акебиз бийликке келет. Биз буларга көрсөтөбүз” деп отурганы боюнча ыкма иштер жүрүп атат. Жакында жакындарыңызды камасак дагы кыйкырып чыгасыз. Ошондо эч нерсени көрсөтө албайсыз”.

Сүрөттүн булагы, Official
УКМК төрагасы анда Мадумаровдун колун сындырып коерун да айтканы коомдук сайттарда дүң кеп болгону эсте.
Адахан Мадумаров кыргыз саясатындагы туруктуу электораты бар лидер экени белгилүү. 2021-жылы өткөн соңку президенттик шайлоодо ал Садыр Жапаровдон кийинки эле келген талапкер болду. Анда ал шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп, бирок митинг-пикет уюштурбай мыйзам чегинде укугун коргорун да айткан.
2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо анын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы босого чектен өтүп, парламенттеги биринчи оппозициялык фракция болуп калды. Андан бери Мадумаров учурдагы бийликтин жүргүзгөн саясатын сындап, кемчиликтерин айтып келет. Эгер бул жолу парламент макулдук берип, ал камала турган болсо кыргыз саясатында эмне өзгөрөт?
“Ушуну менен Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоонун экинчи аракети болуп атат. Бул азыркы парламентке да сыноо болгону турат. Жогорку Кеңеш Ак үй жактан башкарылмабы же көз карандысызбы, чыныгы жүзүн көрсөтүшү керек. Азыр эми бул маселе барып отуруп кандай жыйынтыкка келерин билбей иш кылынып жатабы деп ойлойм. А балким, бул Мадумаровдун популярдуулугун көтөрүү боюнча атайын долбоор. Себеби, аны камакка алуу менен анын рейтинги, тескерисинче, өспөйбү. Бирок азыркы бийликке, президентке, Ташиевге бул пайдасыз да. Себеби, Мадумаров алардын оппоненти. Бирок бийликке таасир эте ала турган топтор бар да. Саясий аренадан бул фигураны чыгаруу тууралуу алар кеңеш кылышса керек. Бирок бул, мен айткандай, анын беделин кайра көтөрөт да. Мадумаров камалары менен саясий капитал топтой баштайт”,- дейт саясат талдоочу Марс Сариев.
Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Ал былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган.
2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын ал өзү журналисттерге билдирген эле.
Анда түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга макул болбой, парламент бул чечимди колдогон.










