Бетме-бет тирешүү. Путин менен Трамптын мамилеси эмнеден улам солгундай түштү?

Путин жана Трамп
    • Author, Стив Розенберг
    • Role, Би-Би-Си

Дональд Трамп менен Владимир Путиндин мамилеси бузулдубу? Орусиядагы белгилүү гезит – бул суроого "ооба" деп жооп берди. Орусия менен АКШнын соңку алакасын сүрөттөө үчүн гезит поезддерди мисал катары келтирди.

"Бетме-бет тирешүүдөн качып кутулуу мүмкүн эместей сезилет. Трамптын локомотиви менен Путиндин локомотиви бири-бирине каршы ылдамдык менен келе жатат. Экөөнүн тең бурулууга, токтоого же артка кайтууга ниети жок",- деп жазган жакында эле "Московский комсомолец" таблоиди.

"Путиндин локомотиви" толук ылдамдыкта кетип жатат — ал "атайын аскерий операцияны", тактап айтканда, Орусиянын Украинага каршы согушун улантууда. Кремль лидеринин согушту токтотууга же узак мөөнөткө ок атышпоого эч кандай каалоосу жоктой.

Трамп

Сүрөттүн булагы, WILL OLIVER/EPA/Shutterstock

Ошол эле учурда "Трамптын локомотиви" Москваны кысымга алып, согушту токтоттурууга болгон аракетин күчөтүүдө: мөөнөттөр белгиленди, ультиматумдар коюлду, Орусияга каршы кошумча санкциялар жана анын соода өнөктөштөрү болгон Индия менен Кытайга жогорку тарифтерди киргизүү боюнча коркутуулар айтылды.

Муну менен катар, президент Трамптын айтымында, ал Орусияга жакын жерге эки америкалык атомдук суу алдында жүрүүчү кайыкты жайгаштырды.

Локомотивдер тууралуу сөздөн атомдук кайыктарга өтө баштаганда, кырдаалдын канчалык олуттуу экенин түшүнөсүң.

Бирок бул АКШ Украина үчүн чындап Кремль менен "согуш жолуна" түшкөнүн билдиреби?

Же болбосо, ушул аптада Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Москвага болгон сапары, бардык катаал билдирүүлөргө карабай, Орусия менен АКШнын согуш аракеттерин токтотуу боюнча келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экенин көрсөтүп турабы?

Башталышы жакшы болгон

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүнүн алгачкы жумаларында Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилелер кайрадан жакшырганы байкалган.

Бетме-бет кагылышуунун эч кандай белгилери жок болчу. Тескерисинче, айрым учурларда Владимир Путин менен Дональд Трамп бир вагондо, бир багытта кетип жаткандай туюлган.

Февралда АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында Орусияны колдоп, Европа өлкөлөрүнүн Украинанын аймагындагы Орусиянын агрессиясын айыптаган резолюциясына каршы чыккан.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки президент бири-бирине расмий сапар менен баруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Жада калса, Путин менен Трамптын жолугушуусу каалаган учурда болуп калышы ыктымалдай сезилген.

Ошол эле учурда Трамптын администрациясы Москвага эмес, Киевге кысым көрсөтүп, АКШнын салттуу союздаштары болгон Канада жана Дания менен тирешүүлөр жаралган. Америкалык чиновниктер өз билдирүүлөрүндө жана телеинтервьюларында НАТОну, Европа лидерлерин катуу сынга алышкан. Мунун баары Кремль үчүн жагымдуу угулуп жаткан.

"Азыр АКШ менен Орусиянын орток кызыкчылыктары Вашингтон менен Брюсселдин же Киевдин ортосундагы байланышка караганда бекемирээк", — деген болчу март айында "Известия" гезитине маек берип жатып Орусия Илимдер академиясынын Коопсуздукту изилдөө борборунун саясат талдоочусу Константин Блохин.

"Трампчылар — революционерлер. Алар системаны талкалап жатышат. Бул иште аларды колдош керек. Батыштын биримдиги деген нерсе эми жок. Геосаясий жактан алганда бул эми союз эмес. Трампизм трансатлантикалык консенсусту ишенимдүү жана тез талкалады",- деп жазган эле арадан бир ай өткөндө ошол эле гезит.

Эки айаралыгында Уиткофф Орусияга төрт жолу барган

Сүрөттүн булагы, WILL OLIVER/EPA/Shutterstock

Дональд Трамптын өкүлү Стив Уиткофф Орусияга бат-баттан каттап калды. Эки айдан ашпаган убакыт аралыгында ал бул өлкөгө төрт жолу келип, Владимир Путин менен көп сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуулардын биринде Кремлдин лидери ага Дональд Трамптын портретин белекке берип, аны Ак үйгө алып барууну өтүнгөн. Бул белек үчүн Трамп "өтө таасирленгени" кабарланган.

Бирок Трамп Москвадан жөн гана сүрөт күткөн эмес. Ал президент Путиндин Украинанын аймагындагы согушту толук жана шартсыз токтотуу боюнча келишимге кол коюусун каалаган.

Трамптын нааразычылыгы күчөп бара жатат

Учурда согуш талаасында үстөмдүк Орусия тарапта деп ишенген Владимир Путин Москва дипломатиялык жол менен жөнгө салууга умтулат дегенине карабай, согушту токтотууга ашыккан жок.

Дал ушундан улам Дональд Трамптын барган сайын Кремлден көңүлү калып баратат.

Соңку апталарда ал Орусиянын украин шаарларына жасаган кандуу чабуулдарын айыптап, аларды "жийиркеничтүү жана уят иш" деп атады. Ошондой эле Путинди Украинанын маселеси боюнча "ар кандай акылга сыйбаган нерселерди сүйлөп жатат" деп сындаган.

Трамп менен Путин 2018-жылы Хельсинкиде

Сүрөттүн булагы, WILL OLIVER/EPA/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп менен Путин 2018-жылы Хельсинкиде

Өткөн айда Дональд Трамп президент Путинге 50 күндүк ультиматум коюп, согушту токтотууну талап кылып, болбосо санкциялар менен бажы төлөмдөрүн киргизерин эскерткен.

Бирок кийинчерээк ал мөөнөттү 10 күнгө чейин кыскартты. Бул мөөнөт ушул жуманын аягында бүтөт. Азырынча Владимир Путин АКШнын кысымына баш ийе тургандай эч кандай белги көрсөткөн жок.

Бирок чындыгында Путин кандай даражада кысымга кабылып жатат?

"Дональд Трамп мөөнөттөрдү да, өзүнүн позициясын да бат-баттан өзгөртө бергендиктен, менимче, Путин аны олуттуу кабыл албайт", — дейт Нью-Йорктогу The New School университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Нина Хрущева.

"Путин колунан келгенче согуша берет же болбосо Украина "биз чарчадык, силердин шарттарга макулбуз" деп айтканга чейин токтобойт, — дейт Хрущева.

"Менин оюмча, Путин Кремлде отуруп алып, өзүн орусиялык падышалардын, андан кийин Сталин сыяктуу баш катчылардын кыялдарын ишке ашырып жатам деп ойлоп жатат. Ал Батышка Орусияга менсинген мамиле кылууга болбой турганын көрсөтүүгө аракет кылууда".

Макулдашууга мүмкүнчүлүк бар

Путин жана Трамп

Сүрөттүн булагы, WILL OLIVER/EPA/Shutterstock

Жогоруда жазылгандардан улам Путин менен Трамп сөзсүз бетме-бет кагылышат деп ойлошуңуз мүмкүн. Чынында андай болбой калышы да ыктымал.

Дональд Трамп өзүн тил табышууга чебер адам деп эсептейт жана ал Владимир Путин менен сүйлөшүүдөн баш тарткан жок.

Стив Уиткофф бул жумада Кремль лидери менен сүйлөшүү үчүн кайрадан Орусияга келиши керек. Ал кандай сунуш менен келери азырынча белгисиз. Бирок айрым москвалык серепчилердин божомолунда, бул жолу басым көрсөтүүдөн көрө, жагымдуу сунуштарга көбүрөөк көңүл бурулушу мүмкүн.

Жекшемби күнү президент Трамп Орусия "санкциялардан айланып өтүү жагынан абдан тажрыйбалуу көрүнөт" деп айтты.

Дүйшөмбү күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун Саясий теория кафедрасынын доценти Иван Лошкарёв "Известия" гезитине берген маегинде, сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү үчүн Уиткофф Украина боюнча келишим түзүлгөндөн кийин ишке аша турган, Орусияга пайдалуу кызматташтык сунуштарын алып келиши мүмкүн экенин жоромолдоду.

Бул үч жарым жылдан бери уланып жаткан согуштан кийин Кремлди тынчтыкка макул кылуу үчүн жетиштүүбү? Кепилдик жок.

Анткени азыркыга чейин Владимир Путин аймакка байланыштуу, Украинанын нейтралдуулугу жана армиясынын көлөмү боюнча өзүнүн максималдуу талаптарынан баш тарткан жок.

Дональд Трамп макулдашууга жетүүнү кааласа, Владимир Путин жеңишти көздөйт.