Путин менен Си Цзиньпин соңку жолугушууда эмнени сүйлөштү?

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Мындан он жыл мурун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин өзүнүн негизги эл аралык долбоорун - жаңы Жибек жолун баштаган. Ал Кытайды батыштын эрежелери менен ойногон аймактык державадан АКШ жана Европа менен бирдей шартта эрежелерди орноткон эл аралык оюнчуга айландыргысы келген. Бирок натыйжа такыр башкача болуп чыкты. Си Батыш менен мамилесин үзүп, өзүнүн “сүйүктүү досу” - Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакындашкан.
Он жылдын ичинде Кытай “Бир алкак, бир жол” программасына кошулган жакыр өлкөлөрдө жолдорду, көпүрөлөрдү жана дамбаларды курууга 1 триллион доллар сарптады. Ал өлкөлөргө мындай долбоор жакканы менен, Кытай аларды карызга батырды, айтылган максат ишке ашпай, кечеңдеп калды.
Өз ара пайдалуу дүйнөлүк тартиптин ордуна Батыш менен конфликт тутанды. Ал конфликт глобалдашууга доо кетирип, планетаны жаңы кансыз согуштун босогосуна алып келди. Акыркы он жылдыктын жыйынтыгын ушул аптада Бээжинде өткөн “Бир алкак, бир жол” юбилейлик саммити ачык көрсөттү.
Он жыл мурун Европанын ири мамлекеттеринин – Италиянын, Испаниянын, Польшанын, Грециянын лидерлери Си менен бир катарда турушкан. Ал эми программанын максаттары расмий түрдө “бардык мамлекеттерди ынтымакта жана тынчтыкта, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыкта, тилектештикте, теңчиликте жана өз ара ишенимде бириктирүү” деп жарыяланган.
Бул жолу Евробиримдиктин 27 лидеринин ичинен европа саясатынын ак каргасы жана Путиндин Европадагы башкы өнөктөшү, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан гана Бээжинге келди. Ал эми саммиттин алдында “Чоң жетиликтин” өнүккөн демократиялык өлкөлөрүнүн ичинен Кытай программасынын жалгыз катышуучусу болгон Италия жаңы Жибек Жолунан баш тартты.
Европасыз “Бир алкак, бир жол” өзүнүн он жылдан берки “тилектештик жана теңдик” деген идеясынан баш тартып, так иерархиясы бар таза кытай клубуна айланды.
Бул жумадагы кылдат уюштурулган салтанаттуу иш-чара эч кандай шек туудурган жок: Си бул клубдун жетекчиси, Путин анын ардактуу коногу. Калгандарына вассалдардын орду тийген. Ал төмөнкүчө көрүндү:
Орусиянын өзгөчө орду
Си Цзинпиндин жаңы союздаштарынын арасында Путиндин орду өзгөчө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн бири, өзөктүк держава жана мунай, газ жана курал-жарактын эң ири өндүрүүчүсү. Эгерде Москва СССР кулагандан кийинки мезгилдегидей болуп Батыштын орбитасына карап калса, арзан энергия ресурстары жана аскерий колдоодон кол жууган Кытай АКШ менен тирешүүдө жалгыз кала берет, дешет эксперттер.
Ошондуктан, Си Цзинпин Путин менен достошуудан келип чыккан ыңгайсыздыктарга чыдап, анын Украинага басып кирүүсүн колдоого даяр. Бээжин, бул согуш Кытайдын товарын алган негизги рынокту - Европа экономикасын талкалап, энергетика жана азык-түлүктүн баасын кымбаттатып жатканына, биринчи кезекте жакыр өлкөлөр жапа чеккенине да кайыл.
“Кошмо Штаттардын жана анын союздаштарынын, демократиялык өлкөлөрдүн ролун азайтуу аркылуу дүйнөдө өз таасирин арттырууга болгон каалоо Бээжин менен Москванын башын кошкон. Бээжин да, Москва да Вашингтон өнөктөштөрүнүн колдоосу менен аларды аскердик жактан обочолонтууга умтулуп, саясий стабилдүүлүккө “түстүү революциялар”, ал эми экономикага санкциялар менен доо кетирүүнү каалайт деп ишенет”, - деп жазат Американын стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперттери (CSIS).
Алар Кытайдын Орусия менен жакын мамиледе болушунун бир нече себептерин белгилешет.
“Бээжин Москва менен дал келген максаттардан пайда көргүсү келет. Анүчүн Кытай Орусиянын саясий, экономикалык, аскердик жана пропагандалык таасирин колдонууга даяр,” - деп белгилешет алар.
Кремл газды досторуна арзан сатат, душмандарына болсо өчүрүп коет. Кремл курал-жарак, жалданма аскерлер, киберчабуулдар жана пропаганда менен достук режимдерди колдоп, душмандарынын абалын туруксуздаштырууда. Ал эми Путин менен Синин башкы душманы – АКШ.
Путин Жаңы жибек жолунун чордонунда

Сүрөттүн булагы, AFP
Кытай менен Орусиянын ортосундагы жаңы союзду бекемдеген негизги нерселердин бири – эки лидердин жеке мамилелери. “Кымбаттуу дос” — бул алардын бири-бирине салт болуп калган кайрылуусу.
Си Путин менен кырктан ашык жолу жолугушкан, бул башка дүйнөлүк лидерлерге жолукканга караганда эки эсе көп. Ал Орусияга дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда эки эсе көп барган.
Карыган лидерлердин көп окшоштуктары бар: экөө тең бийликтин авторитардык вертикалын курушту, экөө тең каршы чыккандарга катуу кысым көрсөтүштү, экөө тең өмүр бою башкаргысы келет жана экөө тең өздөрүн жерлерди кайтарып келүүчү деп эсептешет.
Ал эми Украинага каршы согуштун башталышы менен, алардын биримдиги күчөдү, анткени андагы ролдор бөлүштүрүлгөн. Путин бул тандемде кенже өнөктөш.
Орус президенти, адатта токтоо жана жакшы ойлонуп алып сүйлөйт, бирок Си Цзинпинге келгенде ал кошомат кыла баштайт.
“Биздин кытайлык досторубуз, Сиздин жетекчилигиңиз астында Кытай, сиз муну жасап жатасыз. Биз силер үчүн абдан кубанычтабыз”, - деп Путин ушул аптада Бээжинде Си Цзинпин менен жолугушууда “Бир алкак” программасынын жетишкендиктерин мактады.

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусия мурда Кытайга караганда алсызыраак болсо, Батыш менен байланышын үзгөндөн кийин, азыр толугу менен ага көз каранды. Андыктан Бээжин менен болгон биримддик да ошончолук күчтүү, деп белгилейт Калифорниядагы Клэрмонт МакКенна колледжинин профессору Минсин Пей.
“Украинадагы согуш Орусия менен Кытайдын абалын ого бетер начарлатты, эми алар бири-бирине мурдагыдан да көбүрөөк муктаж. Кытайдын Орусия менен болгон достугунун пайдасынан чыгымы көп болуп жатат, бирок Си Путиндин колдоосунан баш тартууга азырынча даяр эмес”, - деди ал.
“Кытайдын жаңы стратегиясы Орусияны мүмкүн болушунча узак убакытка оюнда кармап туруу. Орусия канчалык алсыз болсо, Кытайдын аны колдоого себептери көбүрөөк болот. Орусия болбосо, Кытай АКШ жана анын союздаштары менен жалгыз беттешип калат. Си мындайга жол бербөө үчүн бардыгын жасоого даяр”, - деп жазат Пэй Блумбергде.
Глобалдык түштүк жана кытайдын "батышка каршы" саясаты
Ошентип Кытайды өнүккөн өлкөлөрдүн жогорку лигасында батыш өлкөлөрү менен бирдей шартта ойноого кабыл албай коюшту. Андыктан Кытай тең ата мамиле жөнүндө сөз болбогон, өзүнүн альтернативдик лигасын түзүп жатат. Анда Бээжин негизги жана жалгыз арбитр болот. Си Цзинпин азыр бардык эл аралык долбоорлорун ушул максатка карай өзгөртүп жатат.
Август айында Си Цзинпин аморфтук БРИКС клубун бирдиктүү жана жол көрсөтүүчү Кытайдын астында “Батышка каршы” кылып кайра туздү. Бээжин чыгымдардын жүгүн бөлүшүү үмүтү менен жаңы мүчөлөрдү, анын ичинде ресурстарга бай Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн чакырды. Ал эми октябрь айындагы “Бир алкак, бир жол” форуму АКШнын гегемониясына нааразы болгондордун бардыгын Бээжиндин канаты астында бириктирүү үчүн жаңы тышкы саясий курсту кабыл алды.
Америкадан Жапонияга, Австралияга чейинки аралыкта географиялык жактан чачыранды турган бай демократиялык мамлекеттердин тобунан айырмаланып, бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Глобалдык Түштүк (Global South) деп аталууда.
"Кытай Америка Кошмо Штаттары менен атаандашуунун маанилүү куралы катары "Бир алкак" программасына көбүрөөк басым жасап жаткандай," - дейт Эл аралык мамилелер кеңешинин эксперти Дэвид Сакс.
"Кытай, албетте, бул программаны глобалдык түштүктүн колдоосуна ээ болуу үчүн колдонот. Бул менен ал азыркы дүйнөлүк тартиптин архитектору делген Америкага тең салмактуулукту жаратууга үмүттөнөт".
Көпүрөлөрдүн ордуна бекем байланыштар

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
“Кээ бир эсептөөлөр боюнча, бул программанын алкагындагы бардык долбоорлордун үчтөн биринен көбү кыйынчылыктарга дуушар болгон. Кытай банктары, айрыкча жакыр өлкөлөрдө инфраструктураны насыялоонун оорчулугун жон териси менен сезишти.”
Акыркы үч жылда 100 миллиард долларга жакын кредиттер жоюлду же реструктуризацияланды. Ковид, андан кийинки Орусиянын Украинага чабуулу дүйнөлүк экономиканы тоңдуруп, көптөгөн жакыр өлкөлөр карыздарын төлөй албай калышты. Ал эми Кытай болсо аларга насыя берүүдө өзгөчө активдүү эле. Шри-Ланка, Пакистан жана Замбия карызды кечүүнү же кийинкиге калтырууну суранышкан.
Ал эми Кытайдын өзүндө узак кризистен улам акча азайып, натыйжада мурдагы 10-15% жылдык өсүү темпи эбак эле тарыхка айланып, азыркы жупуну 5% өсүү дайыма суроо жаратууда.
Жаңы шарттарда Кытай “Бир алкак, бир жол” программасынын артыкчылыктарын кайра карап чыгууну жана жаңы экономикага: санариптик кызматтарга, онлайн-бизнеске, байланышка, жашыл энергетикага жана транспортко басым жасоону чечти.
Бул багыттар боюнча кызматташуу Кытайга интернетти, коомдук жашоону, жасалма интеллектти жана башка технологияларды жөнгө салуу боюнча өзүнүн стандарттарын жана эрежелерин экспорттоого мүмкүндүк берет.

Сүрөттүн булагы, REUTERS
Кытай, заманбап Жибек Жолунун инфраструктурасы порттор, темир жолдор жана автожолдор эмес, интернет жана аймакты башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу, полициянын биргелешкен машыгуулары, мамлекеттик маалымат каражаттарынын кызматкерлерин окутуу жана сырткы байкоо камераларын жеткирүү деп чечти.
Алар гигант бетон конструкцияларына караганда алда канча арзан жана кытай баалуулуктарын батыш баалуулуктарына каршы коюп жайылтууда алда канча натыйжалуу.
“Бир алкактын приоритеттерин өзгөртүүдөн пайда азаят деген туура эмес. “Жумшак байланыштар” кытай компаниялары үчүн атаандаштыкта олуттуу артыкчылыктарды түзө алат жана ошол эле учурда бизнестин жана өкмөттүн кытайлык стандарттарын жайылтат", - дейт Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин мүчөсү Дэвид Сакс.
Батыш коркунучту түшүнүп, Глобалдык Түштүк үчүн программасын иштеп чыгууда. Евробиримдик өз саммитин өткөрүүгө даярданыпп жатат. Ал эми Чоң жетилик Хиросимадагы акыркы жыйынында АКШнын демилгеси менен жакыр өлкөлөрдүн инфраструктурасын каржылоо боюнча бирдиктүү долбоорду ишке киргизди.
Кытайлар бул долбоорду шылдыңдашкан.
“Батыштын максаты - жакыр өлкөлөргө жардам берүү эмес, Кытайды атаандаштыкта жеңүү,” - деди Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.
“Атаандаштык бири-бирин жокко чыгаруу болбошу керек, тескерисинче, эки тарапка тең пайдалуу болушу абзел”, - деди Ван И “Бир алкак” форумунун жыйынтыктоочу пресс-конференциясында.
"Жарды өлкөлөрдө ким көбүрөөк жолдорду, көпүрөлөрдү, мектептерди, ооруканаларды жана стадиондорду курат деп атаандашкан жакшы," – деп билдирген ал. (DO)











