Америкалык улакчы: Тайказанга секиргенди Манас, Сеитбек, Рустамдан үйрөндүм

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Лед Хоуэлл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лед Хоуэлл

Чолпон-Атада көк-бөрү оюну кызып жатат. Жалпысынан ондон ашуун мамлекеттен келгендерди тосуп, улакчылардын атын эле эмес, калган оюнчуларын, кем-карчысын Кыргызстан тарап камсыздап жатат. Ушундан улам “оюндун масштабын өзүбүз эле жасалмалап жаткан жокпузбу” деп суроо салгандар да жок эмес. Бирок акырындап ушундай ыкма менен болсо дагы улуттук ат оюнубузду жайылталы, колдойлу дегендер да бар.

Чет жерден келген улакчылардын ичинен америкалык оюнчу Лед Хоуэлл ат ойнотуп, тайказанга улагы менен кошо секирип, ат мүдүрлсө аттын башынын аша чуркап, ат майданда атаандаштарынын айласын кетирип, элдин сүймөнчүгүнө айланды. Ал алгач ирет улак менен кошо тайказанга кирип кеткенде айрымдар кокустук катары караган. Бирок көп өтпөй ал бул ыкманы кайра-кайра кайталап, эч буйдалбай андан ары оюнду улантканын көрүп чындап ыраазы болуп турушкан чагы. Лед саналуу күндө эле бир топ кыргыз күйөрманын тапканга да жетишти.

Би-Би-Си америкалык ат жандуу жигитти ат жалында кепке тартты.

Көз айнекчен Лэд Хоуэлл

Сүрөттүн булагы, Маданият министрлиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көз айнекчен Лэд Хоуэлл

Лед Хоуэлл: Канча жолу улак тартышканым эсимде жок. Мен үчүнчү жолу Кыргызстанга келдим. Америкада биз родео деген өзүбүздүн көк-бөрү сыяктуу оюнубузду ойнойбуз. Бул жактагыдай мүмкунчүлүгубуз болбогон соң ал жакта спорт залда машыгуу менен чектелебиз.

Би-Би-Си: Тайказанга улак менен кошо кирип кеткенди кайдан, кантип үйрөндүңүз?

Лед Хоуэлл: Сеитбек, Манас, Рустамдардын кантип секирип жактандарын кунт коюп карадым. Мен да байкап көрсөм окшошту. Ошондон кийин ага көнүп да алдым. Такай эле эмес, бирок зарылчылык болсо секирип кете берем. Көк-бөрүдө майда барат жаракат алган учурларым болду. Спортто боло турган эле иш. Ат үстүнөн эңгенди дагы үйрөнүп алдым. Бизде дагы көк-бөрү тарткыдай жер табышыбыз керек. Аттарды, балдарды таап уюштуруш керек. Атты тапсак болот. Мастер класс өткөрүп, терең сырын үйрөткөнгө кыргыз улакчылардан жардам керек болот.

Биз Америкадан төрт улакчы келдик. Менден башкасы жаңы келгендер. Ошого карабай жакшы оюн көрсөтүштү. Оюнда албетте уткуң келет. Биз мындан да жакшы ойносок болмок. Оюндан кийин видеону көрүп, кайсы жеринен алдырып жибердик, эмне кылдык деп баарын талдайбыз.

Күйөрмандар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күйөрмандар

Би-Би-Си: Сиз “Туман” деген тулпарды минип, бири-бириңерге төп келип эле калдыңыздар

Лед Хоуэлл: Мен бул ат менен экинчи жолу ойноп жатам. Мен ал ат ушул оюндарга келсе экен деп атайын далалат кылып жаттым. Ошентип бул жолу да минип калдым. Ал жапалдаш жылкы болгонуна карабай аябай күчтүү, учкаяк. Бул атка кадимкидей көнүп алгам, мага аябай жагат. Тайказан кайда экенин так билет. Биз көбүрөөк ойногубуз келет. Кыргызстанда керемет. Мен бул жактан үйүмө кетким келбей кыйналам, үйүм ушул жактагыдай сезиле берет. Эми аткананы көздөй чуркайын, убакыт келип калды.

Америкадан атайын келген улакчылар оюнга катуу кызыгып турган чагы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкадан атайын келген улакчылар оюнга катуу кызыгып турган чагы

Ошентип АКШдан келген Илай Бангетр, Кантон Вас, Жайс Нисвета аттуу улакчылар көк-бөрүнүн кызыгына батып турган чак. Аларды Ладд Хауэлл баштап келди. Кызматташуу, уюштуруу, алака түзүү жакшырса көк-бөрү АКШда дагы кулач жаяры турган иш.