Бишкек ЖЭБдеги авария: беш киши жаракат алып, экөө реанимацияда

шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү. Архивден алынган сүрөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү. Архивден алынган сүрөт

Бишкек ЖЭБде 2-февралга караган түнү болгон аварияда беш жумушчу жаракат алып, медициналык жардам үчүн кайрылган. Кароодон кийин абалы канааттандырарлык деп эки киши амбулатордук дарыланууга жиберилген, ар кандай деңгээлдеги күйүк менен эки киши кайра жандандыруу бөлүмүндө. Алардын абалы абдан оор деп бааланууда. Дагы бир кызматкер күйүк жаракат бөлүмүндө дарыланууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги Би-Би-Сиге бул маалыматты тастыктады.

Бул боюнча атайын маалымат жыйыны өтүп, анда авария ЖЭБдин жаңылана элек эски бөлүгүндө болгону айтылды. Суроо жооптогу урунтуу учурлар:

  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек Жылуулук электр борборунун ичинде гана өзгөчө кырдаал жарыяланганын (Бишкек шаарынын аймагында эмес) билдирди.
  • Отказандын өзүндө жарылуу болгон жок, алдын ала маалымат боюнча көмөкчү бөлүгүндө болушу мүмкүн
  • Авариядан улам суу каптап, саат 10:30 га жакын суу сордурулуп алынды, аянт дээрлик тазаланды
  • Авариянын так себеби азырынча белгисиз, диверсия болгон жокпу деген версия дагы каралып жатат. Бирок диверсия болгону тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок
  • Аварияда жаракат алган жумушчуларга иш берүүчү мекеме баардык шарттарды түзөт
  • Абалды толук жайгаруу үчүн болжолду 5-7 күн керек деп жатат
  • Авариянын так себеби, кайсы тетигинде болгону тууралуу маалымат такталууда
  • Тетиктер тоңуп калбашы үчүн кошумча аракеттер көрүлүп жатат
  • Мектеп, бала бакчалар убактылуу онлайн режимге өтөт
  • Ооруканаларда пландуу операциялар убактылуу токтотулду. Төрөт, тез жардам адаттагыдай ишин уланта берет

Электр станциялар ачык акционердик коому тараткан маалыматка караганда, 2024-жылдын 2-февралында, таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Жооптуу мекемелердин атайын маалымат жыйынын түз эфирден көрүңүз:

2018-жылдагы чоң авария

Катуу суукта ЖЭБдин өзү тоңуп калган. Керек болсо имараттын айнектерин да бүтөп коюшпаптыр деп талкуу кызыган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катуу суукта ЖЭБдин өзү тоңуп калган. Керек болсо имараттын айнектерин да бүтөп коюшпаптыр деп талкуу кызыган

2018-жылы аталган ЖЭБде чоң авария болуп, комиссия түзүлүп, соттук териштирүүлөр жүргөн эле. Бишкек жылуулук борборундагы техникалык авариянын себептери жарыяланган. Ошол мезгилдеги вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген комиссия ЖЭБдин жана “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин техникалык эрежелерди одоно бузганы кырсыктын чыгышына себеп болгон деп маалымат тараткан эле. Ал эми парламенттик комиссия кырдаалдын себебин иликтөө боюнча көчмө жыйын дагы өткөргөн. Ал иштин аягы коррупция чуусу менен элдин эсинде.

Бишкек ЖЭБ

Сүрөттүн булагы, energo-es.kg

ЖЭБдин тарых-таржымалы

Бишкек шаарында жылуулук электр борборунун курулушу совет заманында 1958-жылы башталган. 1961-жылдын 14-сентябрында ишке биринчи турбоагрегат киргизилген. 1977-жылы төртүнчү кезектеги акыркы казан ишке киргизилген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

1990-жылы мордун курулмасы аяктаган, 1984-1989-жылдары бешинчи кезектеги казандар ишке берилген. 13 казан бул морго туташтырылган.

90 МВт орнотулган электр кубаттуулугу бар №11 турбоагрегат ишке 2000-жылы берилген.

2014-жылдын июнь айында ЖЭБди модернизациялоо башталган. Долбоор кытайдын “ТБЕА” ААК компаниясы менен биргеликте ишке ашырылды. Жалпы кубаттуулугу 300 МВт жана 300 Гкал/саат болгон эки отказан жана эки турбоагрегат жаңы орнотулган.

2017-жылы августта ошол убактагы президент А.Ш. Атамбаевдин катышуусунда жаңы станция салтанаттуу түрдө ишке киргизилген.

Модернизация башталганга чейин ЖЭБдин кубаттуулугу - 512 миң кВт электр, 994,2 Гкал/саат жылуулук иштеп чыгуу болсо, модернизациядан кийин электр кубаттуулугу - 812 миң кВт, жылуулук - 1294,2 Гкал/саат болгон.

ЖЭБ курулгандан баштап эле Казакстандын көмүрүнө ылайыкташып курулуп, негизинен коңшулардын көмүрү, Өзбекстандын газын жагып иштеп келген. 2017-жылы ЖЭБ модернизация болгондо жаңы отказандар Кара-Кеченин көмүрүн жагууга өткөн.

Бирок Кара-Кечеден көмүр ташыган компаниялар ЖЭБдин суроо-талабын канаттандырганга жетишпейт, ошол себептүү сырттан темир жол менен келип жаткан көмүр дагы эле көп.

Негизги курулмалары:

ЖЭБдин курулмаларынын комплекси башкы имараттан, отун бергич жүк түшүрүүчү түзүлмөдөн, эритүүчү түзүлмө менен катуу отундун кампасынан, мазут шаймандарынан, 220, 110, 35 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлмөлөрдөн, ГРУ-6 кВ калканчтуу блогунан, суу менен камсыздоо техникалык курулмаларынан, химиялык суу тазалоодон, күл калдыктарын ташуу жана иреттөө системдеринен турат.