“Азовсталь” коргоочулары багындыбы же бул куткаруу операциясыбы?

Акыркы маалыматтар боюнча, 17-майда "Азовсталь" заводунан дагы 300 украин жоокери чыкты. Украинанын президенти, бул эки ай багынбай салгылашкан “жоокерлерди куткаруу” операциясы десе, Орусия муну багынуу деп атады.

Украин жоокерлери Орусиянын көзөмөлүндөгү Оленевкадагы колонияга жеткирилди. Арасында оор жарадар 50 киши бар.

Жарадарлар ооруканага жаткырылып, керектүү медициналык жардам алышат деп күтүлөт. Бул "Азовсталь" коргоочуларынын чыкканга макул болушунун негизги шарты болгон.

Жоокерлердин мындан аркы тагдыры азырынча белгисиз. Украина аларды туткундагы орус жоокерлерине алмаштырып алууну көздөйт. Шейшембиде сүйлөшүүлөргө катышкан Верховна Раданын депутаты Кира Рудик, New York Times кезитине берген маегинде алмашуу процессинин механизмдери аягына чейин иштелип чыкпаганын айткан.

Анын айтканына ылайык, Украина бул иш үчүнчү өлкө, мисалы, Түркия аркылуу болушун каалайт, бирок Орусия буга каршы.

Украина орустардын колуна өткөн өз жоокерлеринин абалы жайында болоруна БУУ жана Кызыл Чырым сыяктуу эл аралык беделдүү уюмдардын кепилдигин алган.

“Бул биздин [эвакуацияга] макул болушубуздун жалгыз себеби болду. Жоокерлер аягына чейин турганга даяр болушчу”, - деди ал.

“Кадимки концлагерь”

Кечинде Оленевкага жети автобус орус аскерлеринин коштоосунда келди. Мариуполдун мэринин кеңешчиси Петр Андрющенко өткөн аптада өзүнүн телеграм-каналында бул колонияны “21-кылымда Европанын так ортосунда жайгашкан Орусиянын концентрациялык лагери” - деп сыпаттаган. Анын айтымында, анда адамдарга абдан жаман шарттар түзүлгөн - кармалгандарга учурунда тамак берилбейт жана аларга медициналык жардам көрсөтүлбөйт.

“Ал жакта жоокерлердин туугандары, мурда күч органдарында иштегендер, активисттер жана жөн эле шек жараткан кишилер кармалат” – деп айткан Андрющенко.

Орус тарап бул айыптоого азырынча жооп бере элек.

Украинанын президенти Володимир Зеленский өзүнүн кечки видеокайрылуусунда, “Мариуполдогу "Азовсталь" заводунан жоокерлерди чыгаруу уланып жатат”, - деп айтты.

"Азовсталь" заводунда салгылашуулар 2022-ж. 18-мартта башталган. Марттын башында Мариуполь шаары курчоого алынган. Бирок "Азовсталь" Украинанын көзөмөлүндө кала берген. Аны "Азов" полку жана башка украин жоокерлери коргоп калышкан.

Кремль "Азов" полкун “неонацисттик” түзүм деп атайт. Эксперттер болсо, азыркы "Азов" полку, бул 2014-ж. чын эле радикал улутчул ыктыярчылардан түзүлүп башталган "Азов" батальону эмес экенин айтышат.

Андан сырткары, Мариуполь жана "Азовсталь" заводун “Азов” менен чогуу украин дениз жоокерлери, чек арачылары коргошкон.

Орус армиясы "Азовсталь" заводун алабыз деп дайым чабуул коюп, артиллериядан аткылап, учактардан бомба жаадырып турушту, бирок ала алышкан жок. Заводдун өтө чоң территориясы, жер алдында салынган коргондору жана татаал коммуникациялык тунелдердин системи аны жоокерлер менен жай жарандар жашынган анык чепке айланткан.

21-апрелде РФ президенти Владимир Путин “Азовсталь” заводуна чабуул коюну токтотуп, аны “чымын учуп өткүс кылып бекитип салууга” буйрук берген. Украин тараптын маалыматы боюнча, Путиндин сөзүнө карабастан, заводго чабуул коюлуп, бомбалоо уланып келди.

“Азовсталь” заводунда калган жоокерлер жана жай жарандар блокада калышкан: алардын суусу, азыгы, медициналык каражаттары жана ок-дарысы дээрлик түгөнүп бүткөн. Ага карабастан “Азов” полкунун жоокерлери, багынбастан аягына чейин турарын видео кайрылууларында айтып келишкен.

Акыркы мезгилде “Азовсталь” коргоочуларын аман куткарып калуу чакырыктары көп чыгып жатат.

Акыры БУУ жана Кызыл Чырымдын жардамы менен украин-орус тараптары жай жарандар үчүн гуманитардык коридор ачууну макулдаша алышты.

БУУнун маалыматы боюнча, заводдон 500 жай жаран куткарылды. Жоокерлер, жарадар дагы, калышкан. Заводдо стерилленген таңгычтар, медициналык шаймандар жана антибиотиктер жок болгондуктан, украин тараптын маалыматы боюнча, алардын көбү колу-бутун кестиргенге мажбур же өлүмгө дуушар болушмак.

Заводдон чыгуу кандай жүрдү?

16-майдын таңында өзүн “ДНР” атаган түзүмдүн аскер командирлеринин бири “Азовсталь” заводунан 10 киши ак желек көтөрүп чыкканын өзүнүн телеграм-каналында жазган.

Бир нече сааттан кийин Орусиянын коргоо министрлиги, “Азовсталь” заводунда камалган украин жоокерлери менен жарадарларды алып чыгуу, ок атууну токтотуу жана гуманитардык өткөөл ачуу тууралуу макулдашууга жетишкенин жана ал боюнча жарадар украин жоокерлерин өзүн “ДНР” атаган территориядагы Новоазовск ооруканасына чыгарып жатканын билдирген.

16-майдын кечинде бул маалыматты украин бийликтери тастыктады.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр, заводдон 264 киши чыкканын: 53 оор жарадар Новоазовскко, дагы 211 киши гуманитардык өткөөл аркылуу Еленовкага чыгарылганын айткан. Бул орус аскерлери көзөмөлдөгөн жерлер.

17-майда, РФ коргоо министри “Азовсталь” заводун 265 киши, анын ичинде 51 оор жарадар, чыгарылганын маалымдады.

Украина менен Россия мунун кандай аташууда

“Азовсталь” заводунан жоокерлердин чыгарылышын тараптар ар башка аташууда.

РФ коргоо министринин ырасмий өкүлү Игорь Конашенков: “Кечээ Мариуполдогу “Азовсталь” заводунда камалган “Азов” улутчул согушкерлерин бөлүгүнүн жана украин аскерлеринин багынуусу башталды”, - деп сыпаттады.

Орус медиалары жана башка ырасмийлер “капитуляция” жана “куралын тапшырды” деген сөздөрдү колдонушууда.

Украинанын президенти Володимир Зеленский, бул “өмүрлөрдү сактап калуу боюнча гуманитардык операция” экенин айтып, “Азовсталь” заводунан чыккандарды “баатырлар” деп атады.

“Украин жоокерлеринин жана УАК, чалгын жана Кызыл Чырым менен БУУнун сүйлөшүү тобунун аракети менен, биздин жигиттердин өмүрүн сактап калууга үмүт пайда болду. Белгилей кетким келет: Украинанын баатырлары Украинага тирүү керек. Бул - биздин принцип. Бул сөздөрдү ар бир адекваттуу киши түшүнөт деп ойлойм”, - деди Зеленский өзүнүн күнүгө кечинде чыгаруучу видеокайрылуусунда.

"Азовсталь" заводунан чыккан жоокерлердин тагдыры кандай болот?

"Азовсталь" заводунан чыккан жоокерлердин тагдыры азырынча бүдөмүк.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр, жоокерлерди сактап калуунун, азыркы колдонуп жаткандан башка формуласы жок экенин айтты.

“Тилекке каршы, азыркы абалда аскердик деблокада мүмкүн эмес. Бул – жалгыз жол болчу”, - деп белгиледи Маляр. Ал ошондой эле заводдо канча киши калганын так билерин билдирди, бирок аны ачыктаган жок.

Негизги суроо – заводдон чыккандардын жана чыга тургандардын тагдыры.

Украинанын президенти Володимир Зеленский, Киев "Азовсталь" заводунан чыккан жоокерлерди өзүнүн көзөмөлүндөгү территорияга кайтарып алууну көздөй турганын айтты.

Ирина Верещук жарадар украин жоокерлерин айыккандан кийин орус туткундарына алмаштырып алууга үмүт кыларын айтты.

Кремлдин пландары азырынча түшүнүксүз. Орус президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков, аскер туткундарына эл аралык мыйзамдарга ылайык мамиле кылына турганын айтты. Бирок колго түшкөн “Азовсталь” заводунун жоокерлери аскер туткундарыбы же аскер кылмышкерлери болуп эсептелеби деген суроого жооп берүүдөн баш тартты жана суроону аскер кишилерине багыттады.

Андан кийин Госудманын спикери Вячеслав Володин “нацисттик кылмышкерлерди” туткундагы орус аскерлерине алмашылбашы керектигин айтып чыкты жана депутаттардан тийиштүү жарлык даярдоону талап кылды. (CS)