Россия-Украина согушу: "Мариуполдун коргоочулары аягына чейин турушат"

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль, курчалган Мариуполдун коргоочулары орус күчтөрү менен аягына чейин салгылаша турганын билдирди.

“Шаарда калган жоокерлер Москванын ультимутанынан коркуп калышкан жок”, - дейт ал.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба, “Россия Мариуполду жер менен жексен кылууну чечти”, - дейт.

Жергиликтүү бийликтер орус күчтөрү эч кимди шаарга киргизип-чыгарбай турганын жарыялаганын билдиришти.

Шаарды толук алуу Россиянын негизги стратегиялык максаты катары каралууда, себеби ал түштүк жана чыгыш Украинанын кеңири аймактарын көзөмөлгө алганга жол ачат.

Мариуполдун мэринин кеңешчиси, тургундар райондор арасында жүрүш үчүн уруксат документ алыш үчүн узун кезекке турушу керек болорун жана айрымдарын смартфону конфискацияланышы же эркинен сырткары Россиягы чыгарылып кетиши мүмкүн экенин айтты.

Шмыгаль мырза ABC каналына берген маегинде, Оруссиянын украин күчтөрүнө багынып берүү үчүн койгон мөөнөтү этибарга алынбасын билдирди.

“Шаар кулай элек”, - деди ал. Ал жерде биздин куралдуу күчтөрүбүз, жоокерлерибиз бар. Алар акыр аягына чейин салгылашышат. Азыр алар Мариуполдо”.

Орус аскерлери Мариуполду дээрлик толук көзөмөлгө алганын айтышууда, “Азов батальону” Азов деңизине чыккан“Азовсталь” заводун кармап турат.

Sybilline компаниясынын коопсуздук кеңешчиси Жастин Крамп, Би-Би-Сиге шаарда 500-800 украин жоокери болушу мүмкүн экенин айтты.

“[Заводдун] өзөктүк жарылуудан жашынуу бункерлери бар, алар өзөктүк кагылышууда аман калуу үчүн салынган – чын эле коргонуу үчүн мыкты курулган”, - дейт ал.

“Алардын аны чыңдоого жана уруу жолдорду салууга 50 күндөн ашык убактысы болду”, - дейт Крамп мырза. – “Эгер жок кылынбаса, алар ал жакта көпкө боло алышат. Партизандык согуш болушу толук мүмкүн”.

Украина орус күчтөрүнөн жай тургундар жана жарадар жоокерлер чыгып кеткенге гуманитардык өткөөлдөрдү берүүнү талап кылып келет, бирок бир нече аптадан бери ири көлөмдүү эвакуация боло элек.

Шаар тургундары үчүн абал абдан оор – үйлөрү жок, суунун тартышытыгы чоң.

Мариуполдун коргоочулары коргонуп турганда, украин бийликтери Орусияга эч кандай территориалдык чегинүү болбосун айтып келишет.

Жекшембиде президент Зеленский CNN каналына берген маегинде, конфликтти токтотуу үчүн чыгыш Украинанын айрым бир бөлүктөрүн Москвага калтыруу идеясын четке какты:

“Украина жана анын элин так айтты. Биз эч кимдин территориясын сук артпайбыз, бирок өзүбүздүкүн дагы бербейбиз”, - дейт ал.

Ал ортодо, батыш Украинадагы Львов шаарынын бийликтери дүйшөмбүдө ракета соккуларынан улам алты каза болгонун билдиришти.

Эмнени атканы белгисиз. Акыркы апталарда Орусия чабуулун чыгыш Украинага кылып жаткан. (CS)