Путин: “Азовсталь” заводуна чабуулду токтотууга буйрук берди. Багынбаган чептин таржымалы

Бүгүн түштөн кийин Сергей Шойгу Владимир Путинге Мариуполдун “Азовсталдан” башка бардык аймактары бүт көзөмөлгө алынганын билдирди. Владимир Путин “Азовсталь” заводуна чабуулду токтотууга буйрук берди.

Владимир Путин: “Бул биз ойлоно турган учур, - албетте биз дайым ойлонушубуз керек, бирок бул жерде биз жоокерлерибиздин, офицерлерибиздин өмүрүн, ден-соолугун сактап калууну жакшылап ойлонушубуз керек. Заводдун жер төлөлөрүнө кирип, жер алдында сойлоп жүрүштүн кажети жок. Бул өндүрүш аймагын чымын учуп кире албагандай кылып камап салгыла” - деди.

Ошондой эле Путин багынып берген жоокерлерге өмүрү кепилдене турганын кошумчалады.

"Азовсталь" үчүн согуштун жүрүшү

“Азовсталь” заводуна абадан соккулар урулуп жатты. Украин бийлигинин айтымында, Орусия комбинатка чабуул жасап жатканда өтө бышык бетон дубалдарды, тосмолорду теше алган бункерлерге каршы бомбаларды колдонду.

Украин аскерлери Мариуполдо “Азовсталь” металлургиялык заводунда коргонуп жатышат, ал жакта миңге чукул аскер кызматкери жана жай тургундар жашынышкан. Орус армиясы күн сайын бул заводду бомбалап, анын аймагына чабуул салуу аракетин кылган.

Шейшемби күнү Орусиянын коргоо министрлиги, Мариуполдун коргоочуларына багынып берүүнү дагы бир жолу сунуштап, мындай учурда аларга аман калуу кепилдиги бериле турганын билдирген.

Шаршембиге караган түнү, Мариуполдо курчоодо калып, салгылашып жаткан украин деңиз жөө аскерлер бригадасынын командири АКШ, Британия, Түркиянын жетекчилерине кайрылып, алардан украин жоокерлерин жана Азовсталдын аймагында жашынып жаткан жай тургундарды куткарып алууну суранды. Майор Сергей Волына Фейсбукта видео-кайрылуусунда: “Бул биздин акыркы кайрылуубуз болушу ыктымал. Бизде саналуу күндөр же сааттар гана калды”, - деген.

Соңку бир нече аптада орус авиациясы комбинаттын аймагына ургаалдуу авиа-соккуларды уруп жатты, ал эми Украинанын куралдуу күчтөрү, Улуттук Гвардия полкунун курамындагы “Азов” батальонунун жоокерлери өтө курч абалда калышканын билдирип, эл аралык коомчулуктан жардам сурашкан.

Бул макалада “Азовсталь” заводу кантип пайда болгону, ал Мариуполдун коргоочуларынын акыркы каршылык көрсөтүү чебине айланганы жөнүндө айтып беребиз.

Стратегиялык порт

Украинага орус аскерлери жана таанылбаган Донецк эл республикасынын жикчилдери бастырып кирген алгачкы күндөрдөн тарта өзүнүн негизги күч-аракетин Мариуполду багындырууга жумшашты. 1 миллионго жакын калкы бар бул шаар Азов деңизиндеги маанилүү порт гана эмес. Мариуполь абдан чоң саясий мааниге дагы ээ.

2014-жылдын май-июнь айларында, украин күчтөрүнүн жикчилдерге каршы жүргүзгөн антитеррористтик операциянын жүрүшүндө, Украинанын армиясы жана ыктыярчылар батальондору шаарды душмандын колунан кайра тартып алышкан. Ошондон бери, Мариуполь шаары эки ири металлургиялык заводу (Ильич атындагы жана “Азовсталь” комбинаттары), бир машина куруучу заводу (“Азовмаш”) менен чогуу бейпил турмушун улап келе жаткан.

Марттын башында эле орус аскерлери Мариуполду бардык тарабынан курчап алышып, шаарды деңиз жактан да бөгөп салышкан. Шаарды “Азов” батальону, деңиз жөө аскерлеринин 36-бригадасы, чек арачылар, полиция кызматкерлери жана Украинанын Коопсуздук кызматынын аскерлери коргоп жатышты.

Мариуполго чабуул салып, орус куралдуу күчтөрү менен таанылбаган Донецк эл республикасынын тарапташтары апрелдин ортосунда украин күчтөрүн дээрлик бардык каршылык көрсөтүү очокторунан, анын ичинде деңиз портунан жана Ильич атындагы заводдон сүрүп чыгара алышты.

Чабуул дээрлик толугу менен шаардын таш-талканын чыгарды: украин бийлигинин маалыматы боюнча, аткылоолордун жана бомбалоолордун натыйжасында имараттардын 90% бузулуп, 20 миңге жакын жай тургун набыт болду.

Өткөн аптада украин деңиз жөө аскерлеринин бир бөлүгү Ильич заводунан курчоону жырып чыгып, шаардын түштүк бөлүгүндөгү “Азовсталда” жайгашкан “Азов” батальону менен бириге алышты.

“Шаардын коргоочулары коргоп жаткан райондорун жакшылап бекемдей алышты. Жалпысынан, шаардын коргоо системасына кошумча күч кошулуп, бекемделди”, — деди Украинанын президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин деңиз жөө аскерлеринин чоң бөлүгү - миңге чукул жоокери - колго түшүп бергени жөнүндө жарыялаган. Бригаданын командири Владимир Баранюк курчоону жырып чыкканда курман болгону айтылган. Украин тараптан буга Арестович комментарий берип, айрым украин жоокерлери колго түшүп бергенин моюнга алды, бирок ошол эле кезде алардын саны орус тарап айтканга караганда “алда канча аз” болгонун билдирди.

Орусия негизги күчтөрүн “Азовсталь” заводун басып алууга топтоп, завод күн сайын бомбаланууда. “Алар [орустар] биз турган жерге текши ок жаадырып, күн сайын эркин түшүүчү бомбаларды, ракеталарды, бункердик бомбаларды, деңизден да, жерден да атылган артиллериянын ар кандай түрлөрүн колдонуп жатышат”, — дейт “Азов” батальонунун командири Денис Прокопенко.

"Азовсталь" деген эмне

"Азовсталь" - 100 жылдык тарыхы бар ири металлургиялык завод. Ал Кальмиус дайрасынын сол жээгинде чоң жерди ээлейт. Комплекс бир жагынан Азов деңизинин жээгинде, экинчи жагынан дайранын жээгинде жайгашкан. Заводдун өзүнүн жүк порту жана жер алдында тармактанган коммуникациялык өтмөктөрү бар.

1930-жылы СССР эл чарбасынын жогорку кеңеши заводду куруу жөнүндө чечим чыгарган. Географиялык жактан абдан ыңгайлуу жайгашкандыктан, комбинаттын темир кенин ташып келүү үчүн деңиз портун колдонуу мүмкүнчүлүгү болгон.

1931-жылы заводдун биринчи имараттары менен порт курулуп баштаган. Эки жылдан кийин “Азовсталь” чоюндун биринчи партиясын өндүрүп берген. 1941-жылы күзүндө шаарга фронттун чеги жакындап баштаганда, көптөгөн технологиялык агрегаттар Уралга көчурүлгөн. Германиян аскери Мариуполду 1941-жылы 8-октябрда басып алган, ал эми 1943-жылы сентябрь айында артка чегинип жатканда заводду дээрлик түп орду менен талкалап кетишкен. Анын негизги объектилери - кокс батареялары, домналары жана мартен мештери жардырылган.

1945-жылы заводдогу өндүрүш калыбына келтирилген. Өнөр жай дүркүрөп өсүп, Европадагы металлургиялык өнүмдөрдү чыгарган алдыңкы заводдордун катарына кирген. 1996-жылы “Азовсталь” украин ишкери Ринат Ахметов ээлик кылган “Метинвест” компанияларынын тобуна кирген. Орус чабуулуна чейин заводдо 10 миңге жакын киши иштеп жаткан. Азыркы учурда комбинаттын иши токтоп турат.

Заводдун жалпы аянты - 11 чарчы километрге жакын. Салыштыра турган болсок, бул аянт Киев облусундагы Бородянка шаарынан дээрлик эки эсе, Ватикандан 25 эсе чоң.

Комбинат марттын ортосунан баштап аткылоолорго дуушар болду. Орус тараптын айтымында “Азовсталдын” аймагында “биохимиялык лабораториялар” болушу мүмкүн.

Өнөр жайдын башкы директорду Энвер Цкитишвили, муну болбогон сандырак кеп дейт. “Мариуполдогу бардык өнөр жайларыбыз Орусиянын Украинага чабуул салган биринчи аптасында эле консервацияланган. Металлургдар өндүрүштө колдонгон химиялык реактивдер 25-февралда эле жок кылынган, муну далилдей турган бардык документтер бар… Азовсталда эч кандай жашырын тоннелдер, биохимиялык лабораториялар жок”, — деди Цкитишвили.

Комбинаттын аймагында украин жоокерлери жана жүздөгөн жай тургундар жашынышкан: ал жакта советтик мезгилде эле салынган бомбадан жашынуу системасы бар.

Украин ИИМ башчысынын кеңешчиси Антон Геращенконун айтымында, мындай баш калкалар салмагы 1 тоннага чейин жеткен авиациялык бомбалардын соккуларын көтөрүүгө эсептелип салынган. Ал бирок орус армиясы заводго мындан алда канча кубаттуу снаряддарды түшурүүнү көздөп жатканын айтат. “Баш калкалар 500 килограмм, 1 тоннага чейинки бомбалардын соккуларына каршы туруштук бере алган. Бирок, орустардын өтө кубаттуу беш тонналык бомбалары темир-бетон тосмолорун жөн эле тешип өтөт, ал жакта жашынып жаткан балдар менен энелердин баары өлөт”, — дейт Геращенко.

Украин деңиз жөө аскерлер алар менен чогуу заводдун аймагында бомбалардан жай тургундар дагы жашынып жатканын ырасташты. Деңиз жөө аскерлеринин кол башчысы Сергей Волына 18-апрелде: "Биздин бункерлерде кыз-келиндер, балдар, анын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайлар да жашынып жатышат. Алардын көбү биздин жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, бир туугандары. Бул жакта жылуулук, суу, азык-түлүк жок. Жарадар болгон жоокерлерибиз күн сайын абдан кыйналып өлүп жатышат, анткени ооруну басаңдатуучу, жугушсуздандыруучу дары-дармектин баары эбак түгөнгөн", — деп билдирген.

Маруполдун коргоочулары дүйнөлүк лидерлерден, тактап айтканда Рим Чиркөөсүнүн башчысы Папа Францисктен аялдар менен балдардын эвакуациясы үчүн жардам берүүнү суранышкан. Мындан тышкары, украин жоокерлери Украинага оор курал-жарак берип, шаарды курчоодон бошотууга чакырып жатышат.

Сүйлөшүүлөргө чекит коюлдубу?

Украин бийлигинин өкулдөрү “Азовсталда” курчоодо калган аскерлердин өлүмү Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн туңгуюкка алып келерин билдиришти. “Мариуполь Бородянка сыяктуу ондогон шаарга барабар, биздин андагы жоокерлерибизди жок кылуу, бардык сүйлөшүүлөргө чекит коёт” деген президент Зеленский украин медиаларына курган видео-маегинде.

Ал порт-шаардагы кырдаалды мындайча сүрөттөгөн: “Ал жакта гуманитардык кризис, суу, азык-түлүк, дары-дармек жок. Эмнеси болсо да, биздин кыраандарыбыз душманга багынып бербей, коргонуп жатышат”. Анын айтымында, жардам берүүнүн ар кандай варианттары каралып жатат.

Мындай варианттарды бири - туткундарды алмашуу. Жогорку Раданын “Оппозициялык платформа - Өмүр үчүн” орусчул партиясынын депутаты, Владимир Путиндин кызына өкүл ата болуп коюлган Виктор Медведчук өзүн “Мариуполдун тургундарына жана коргоочуларына” алмашууга даяр экенин билдирген. Орус тарап мындай сунушка жооп берген жок.

Орусиянын коргоо министрлиги “Азовсталдагы” украин жоокерлеринин абалы “катастрофалык” деп билдирип, аларга аман калуу үчүн курал-жарагын жыйыштырып, багынып берүүнү сунуштаган.

Орусиянын Коргоону башкаруу боюнча улуттук борбордун башчысы Михаил Мизинцевдин: “Киевдеги бийликтен багынып берүү буйругу берилбей калышы мүмкүн экенин эске алып, кол башчыларды өз алдынча чечим чыгарып, курал-жаракты таштап, багынып берүүгө чакырабыз”, - деген сөзүн ТАСС цитата келтирген.

Украин бийлигинин маалыматы боюнча, Мариуполго чабуул салып жаткан орус аскерлеринин саны шаардын коргоочуларына караганда дээрлик он эсе көп.

18-апрелде Украин өкмөтүнүн вице-премьери Ирина Верещук, Орусиядан “Азовсталда” жашынып жаткан балдар, аялдар жана башка жай тургундар үчүн гуманитардык коридорлорду талап кылды: "Силердин мындай гуманитардык коридорлорду ачууга баш тартканыңыз келечекте согуш кылмыштары тийиштүү кишилерди үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга негиз болот".

Шейшемби күнү Верещук Орусия курчалган шаардан кишилерди алып чыгып кетүү үчүн коридор ачуудан баш тартканы жөнүндө билдирди. Мизинцев болсо, коридор берилгенин, бирок “19-апрелде Москва сааты боюнча саат 22:00го чейин эч ким бул коридордон өткөн жок” деп билдирди. (KGNE)