"Азов" полкунун офицери: Биз барда, Мариуполь - бул Украина

"Азов" полкунун командиринин орун басары Святослав Паламар Би-Би-Сиге “Азовсталь” заводунун территориясында – Мариуполдогу орус аскери басып ала элек акыркы жерде – жүздөгөн жай тургундар бар экенин айтты.

Ал Мариуполдун коргонуучулары багынбай турганын, бирок үчүнчү тараптар кепилдик берсе, шаардан өз куралы менен чыгып кетүүгө даяр экенин билдирди.

Кечээ түштөн кийин Россия Мариуполду көзөмөлгө алганын билдирген. Приезидент Путин коргоо министрине “Азовсталь” заводуна чабуулду токтотуу буйругун берди.

Орус аскери Мариуполду марттын башынан бери курчоого алып, андан бери шаарда салгылашуулар жүрүп жаткан. Украинанын маалыматы боюнча, шаардагы имараттардын көбү кыйраган. Шаардын бийлиги болсо чабуул учурунда 20 миң киши каза болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Святослав Паламар Би-Би-Сиге берген маегинде, акыркы күндөрү РФ армиясы менен украин күчтөрүнүн каршы туруусун мындайча сүрөттөйт: “Деңиз артиллериясынын аткылоосу алдында заводго түнкүсүн дагы чабуул коюп жатышты. Көктөн өтө оор бомбаларды ташталып, авиа соккулар дайым жүрүп жатты. Жапырт атуучу артиллерия системдери аткылайт. Найдуу артиллериядан аткылашат”.

“Танктардын жана сооттолгон техникалардын колдоосу менен аскер техникасы жырып өтүп жатты. Көп сандагы жөө аскер бизге чабуул кылып жатты”, - деп сөзүн улады ал. – Алардын эч бир аракети ордунан чыккан жок. Биз үч танкты, эки МТ-ЛБ, бир БТРди жана душмандын көп аскерин жок кылдык. Чабуулдар максатына жеткен жок”.

Паламар "Азовсталь" заводуна кайсы учурларда жаңы чабуулдар болгонун тактаган жок. Кечээ кечинде украинанын генштабы, Путиндин айтканына карабастан, Мариуполдо салгылашуулар токтобогонун билдирди. “Донецк жана Таврийск багыттарында душман Мариуполду толук көзөмөлгө алганга аракет кылды. Авиа соккуларды улантып, "Азовсталь" жана порттун райондорунда чабуул койду”, - деп айтылат украин күчтөрүнүн билдирүүсүндө.

Бомбалоо тууралуу Мариуполдун мэри Петр Андрющенко дагы өзүнүн телеграм-каналында жазды. “Так азыр "Азовсталь" территориясы бомбаланууда жана аткыланууда”, - деп жазган ал бейшембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да.

РФ коргоо министрлигинин күнүмдүк маалымдамасында Мариуполдогу абал комментарийленген жок.

"Азовсталь" заводунун территориясы дээрлик кыйрап бүттү

Святослав Паламар Би-Би-Сиге жапырт бомбалоонун натыйжасында заводдун өндүрүш зонасындагы имараттардын көбү талкаланганын айтат: "Азовсталь" заводунун территориясы дээрлик талкаланган. Алар чоң кыйратууга алып келген оор бамбаларды, бункер бузуучу бомбаларды колдонушат. Жарадарлар, өлгөндөр бар. Жай тургундар урандылар астында калышты”, - дейт ал.

Заводдун территориясында канча жай тургун бар экени тууралуу так маалымат жок. Мындан мурун Мариуполдун мэри Вадим Бойченко ал жакта 300дөн 1000ге чейин киши болушу мүмкүн экенин айткан.

Паламар Би-Би-Сиге, "Азовсталь" заводунун территориясын коргогон аскерлер дагы ал жакта канча киши бар экенин так билбейт, анткени “толук жок кылынган имараттар болгондуктан”, такай аткылоо алдында ал жакка жетүү мүмкүн эмес экенин билдирди.

"Азов" полкунун өкүлү, алар жер астындагы имараттарда жана алардын ар биринде 80-100 киши бар экенин айтат. “Ал жакта кичинекей балдар бар, үч айлык балдар бар, 14 жашарлар бар. Бункерлердин биринде 17 бала жана 80 жай тургун бар. Алар аялдар, улгайган кишилер. Кете албай калган эркек кишилер”, - дейт Поломар. – “Биздин эсебибиз боюнча, жүздөгөн жай тургандар бар. Биз алар үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз”.

"Азов" полкунун командиринин орун басарынын айтканына ылайык, алар жоокерлерден бөлөк жашайт, себеби украин армиясы алардын жашоосун тобокелге салгысы келбейт. Паламар орус бийликтеринин аларды тирүү калканч катары колдонушат деген билдирүүлөрү жалган дейт. Ал Мариуполдун коргоочулары шаардан жай тургундарды эвакуациялоо кылууну бир нече жолу сунушташканын, бирок мындай аракеттер ар жолу ийгиликсиз аяктаганын айтат.

Биз багынбайбыз

Паламар эл аралык ортомчулар курчалаган “Азовсталь” заводунан жай тургундарды эле эмес, шаардын коргоочуларын дагы чыгарганга жардам бере алмак деген пикирде. Ал алардын арасында 500дөн ашык жарадар бар экенин айтат.

Украин жоокерлеринин Орусиянын багынып берсе, өмүрүн сактап калуу сунушун кабыл алуу ниети жок. Паламар орус бийликтеринин Мауриполду алдык деген билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырат. “Мен кайрылууларымда ар дайым – биз мында турганда, Мариуполь – бул Украина. Мариуполь – ар дайым Украина, ким эмне дебесин”, дейт “Азов” полкунун командиринин орун басары. – “Күрөш уланууда. Биз Мариуполдун территориясындабыз”.

Канча украин жоокери азыр “Азовсталь” заводун коргор жатканы тууралуу так маалымат жок. Россиянын коргоо министрлиги колго түшкөн украин жоокерлеринин маалыматтарына шилтеме берүү менен “Азовсталь” заводунун территориясында 2,5 миң киши бар экенин жарыя кылган. Паламар Би-Би-Синин заводдун канча коргоочусу бар деген суроосуна: “Алардын чабуулдарынын баарын жок кылганга жетиштүү”, - деп жооп берди.

“Биз багынбай турганыбызды бир нече жолу билдиргенбиз”, - дейт “Азовдун” командирлеринин бири. - “Биз Мариуполдун территориясынан өз куралыбыз менен, өзүбүздүн табелдик ок атуучу куралыбыз менен гана коопсуз жерге чыгуу вариантын карайбыз”.

Паламар Мариуполдун коргоочулары “орус группировкасынын көбүн жок кылдык, Украинанын территориясына жырып кирүүгө аракет кылган РФ аскерлерин кармап калдык, алар андан ары кире алышмак деп эсептейт. “Албетте, азыр бизде башындагыдай жакшы согушканга, коргонгонго мүмкүнчүлүк жок”, - дейт ал. – “Ок дарынын ж.б. түгөнүшү бар. Ошондуктан биздин жоокерлерди дагы эвакуацияланышы үчүнүбүз”. (CS)