Кайра шайлоо: Сурабалдиева менен Муртазалиев жеңди

27-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайрадан шайлоо болуп өттү. Автоматташтырылган эсептөө системасынын жыйынтыгы менен Биринчи май округунан Элвира Сурабалдиева, Свердлов округунан Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыгышты.
120 шайлоо тилкесинен келип түшкөн баштапкы эсеп боюнча Элвира Сурабалдиева Биринчи май районунан 9209 добуш (47.89%), Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич Свердлов районунан 5797 добуш (19.53%) алышты. (MD)





