Эгемендик: Кыргызстан эмне таап, эмнени жоготту?

Абдыбек Казиев, Элмурат Аширалиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялап, эгемендүүлүккө аттанды. Андан бери арадан 30 жыл өттү. Бул аралыкта өлкө эмнеге жетишти да, эмнеден кол жууп калды?

Би-Би-Си бул суроонун айланасында ишкер жана Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов жана Абдывахаб Нурбаев менен маектешти.

Би-Би-Синин студиясында (солдон оңго) Алтынбек Сулайманов, Эмил Үмөталиев жана Абдывахаб Нурбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин студиясында (солдон оңго) Алтынбек Сулайманов, Эмил Үмөталиев жана Абдывахаб Нурбаев

Жетишкендиктер...

Эмил Үмөталиев: Биз кимден же эмнеден эгеменбиз? Эң оор таасири тийген - бул колониалдык режим. Тоталитардык деп таанылган Орус империясынан расмий түрдө эгемендик алдык. Демократия бүт дүйнө жүзүнө прогрессти алып келген эң татыктуусу, бардыгына жагымдуу шарттарды түзүп берген бул демократия жана базар экономикасы экен деп биз ошол тарапка багыт алганбыз.

Кайсы бир жылы биздин күчүбүз жетип, биз адамды өлтүрүүгө бөгөт койдук. Өлүм жазасына тартуудан баш тарттык. Бул эң чоң жетишкендик. Арабызда кээ бирөөлөр аны кайрадан кайтарыш керек дегенине карабастан, бирок адамзаттын эң жетишкен сабырдуулугу, гумандуулугу жана илимге негизделген жаңы даражадагы түшүнүгү. Биз ага ээ болдук. Бул биринчиси.

Экинчиси, 1991-жылдан баштап жер менен мүлккө ээ болгонго уруксат бере баштадык. Ошол нерсе адамдын эркиндигине негиз салган эң маанилүү нерселерден. Анткени, 1917-жылдан баштап миллиондогон адамдардын, кыргыз элинин дагы, ата-бабаларыбыздын кырылган себеби ошол. Аларды мүлкүнөн ажыратыш үчүн өлтүргөн. Рублдин ордуна кыргыз сомун киргизгенбиз. Ошол биздин эгемендикке болгон салымдарыбыздын эң күчтүү негизи болду.

Үчүнчүсү, кыймыл, сапар жана саякат эркиндиги. Адам көчүп конууга, башка жерде иш кылууга эркиндиги болмоюнча, ал эркин адам эмес. Кыргыз эли көп жылдар каттоо (прописка) аркылуу аябай чектелген болчу.

Абдывахаб Нурбаев: Эгемендик алгандан кийин Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп кирип, өзүбүздүн конституциябызды кабыл алдык. Дагы бир нерсе - Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен сөз эркиндигинин бар экени. Ушуну айтып кетким келет. Анткени, сөз эркиндиги аркылуу бизде жакшы жарандык коом пайда болду. Бийликти көзөмөлдөп турганга мүмкүнчүлүк болду. Ошол бийликтин туура эмес жерлерин элге жеткирүүдө бул дагы биздин жетишкендиктердин бири.

Салыштырмалуу постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен акыркы убактарда, тилекке каршы, бул жактан да артка кетип жатабыз. 30 жылда жеткен кээ бир жетишкендиктерибизди акыркы жылда аркага кетип, азыр фейк маалыматтарды текшерүү боюнча мыйзам кабыл алынып кетти, тилекке каршы, бир каршы турганга карабай. Мен ушул сөз эркиндигин кошуп кетет элем.

Алтынбек Сулайманов: Жер шарында бүгүнкү күндө, интернеттеги маалыматка кайрылсак, 2000ден ашык улут жашаган болсо, 200гө жакын өлкө бар. Ошол 200дүн бирөөсү - бизбиз. Эгемен деген сөз бул аябай маанилүү. Адамзат жаралгандан бүгүнкү күнгө чейин канча тарых жашаса, дайыма эркиндик, эгемендик үчүн, эркин кыймылдаш үчүн, эркин жашаш үчүн күрөшүп келет.

Өлкөбүз бар экен, өзүбүздүн кыргыз паспорту менен көп өлкөлөргө эркин кыймылдай алабыз. Эркин сүйлөй алабыз. Негизги жетишкендиктерибиз.

31-августта “Ала-Тоо” аянтында эгемендүүлүк күнү белгиленди

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 31-августта “Ала-Тоо” аянтында эгемендүүлүк күнү белгиленди

Өксүктөр…

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алтынбек Сулайманов: Алдыга карап жылып келе жаткан мезгилибизде, жоготуу десек кандай болот, көпчүлүк макул болбошу мүмкүн, биз Бажы биримдигине киргенибиз биздин колу-бутубузду байлап, соода-сатыкка, өзүбүздүн өлкөбүздөгү тарифтерибизди өзүбүз коюп, каалагандай эркин кыймылыбызды биз бутап салдык.

Себеби, биз бир дубал кошунабыз, өнүгүп жаткан Кытай. Булар менен биздин ортомчулук соода-сатыкты, бизден кетип жаткан географиялык жакшы байланышыбызды башка өлкөлөр сезишти дагы, биздин ошол мүмкүнчүлүгүбүздү чектеп коюшту.

Мындай ортомчулук менен өнүккөн өлкөлөр толтура. Эч кандай ресурсу жок Дубай. Дубайда “ат оонаган жерде түк калат” дейт. Кирип чыккандардан көп пайда таап жатышат. Биздин да ошондой мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Биз транзиттик өлкө катары чектелип калдык.

Кыргызстанды биз кичинекей өлкө деп айтабыз. Жок, биз чакан өлкө эмеспиз. Биз аймагы боюнча 200 өлкөнүн ичинде 80-орундабыз. Ортодон жогору. Бул кичинекей эмес. А калкыбыз боюнча, 110-орундабыз. Эл ортосу. Биз кичинекей өлкөлөргө кошулбайбыз. Биздин ортодон жогору көрсөткүчүбүз бар.

Бизде негизгиси - суу. Аймагыбыздын 40% мөңгүлөр түзөт. Орто Азияга таасир бере турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ушул мүмкүнчүлүктөрүбүздү чектөөгө сырткы күчтөр аябай кызыкдар. Ушул нерселерди чече албай мурдагы туткундан бөлүнүп чыгып, кайрадан Бажы биримдигине кирип кеткенибиз мени аябай өкүндүрөт.

Абдывахаб Нурбаев: Эң чоң өксүктөрдүн бири - бизде чыныгы демократиянын баалуулуктарын түшүнгөн президенттин келбегени. Демократиялык процесстерди толук жүргүзө албадык, көз карандысыз институттарды толук тургуза албадык. Ачык жана эркин экономикалык саясатты жүргүзө албадык. Биз Советтер союзунан чыккандан киийн бул аймакта биринчилерден болуп Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенбиз. Ошону толук колдоно албадык. Бизге Евробиримдик 5-6 жыл мурун ВСП+ мүмкүнчүлүгүн берди, аны да колдоно албадык.

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов, Азамат Алтай, Ишенбай Абдразаков, Салижан Жигитовго окшогондой күчтүү адамдарыбыз аз болуп калды. Биз эгемендүүлүк алганда, алар демократтар деп чыгып, эгемендик алды да, ошол жерде токтоп калды.

Эмне үчүн прибалтика өсүп кетти? Мисалы, ИДП, илим тармагы боюнча, Эстония дүйнөдө эң алдыңкы мамлекеттердин катарында. Латвия, Литва, Грузия ашып кетти. Алар Советтер союзундагы жаман жактарын билип, зыян экенин сезип чыгара алышты. Биз дагы эле ошону сезбей жатабыз. Советтер союзу жакшы деген жетекчилик кызматта иштеген адамдарыбыз көп. Алардын мээсине ошол нерсе сиңип калган.

Эмил Үмөталиев: Жалпысынан айтсак, биз эгемендик алгандан бери мурдагы империяга караганда, СССРге караганда өксүгүбүз болгон жок. Бирок артка кеткен кадамдарыбыздын натыйжасында эмнени жоготтук, ошону белгилей кетейин. Биз 90-жылдары элге адилеттүүлүк, жаңы бакубаттык, элдин бизнеске аралашуусу аркылуу жана өздөрүнчө эгемендүү ишкерлик кылуу аркылуу деп чакан орто бизнести көбөйттүк.

Миң кыргызды казак жана өзбектер менен салыштырсак, бизде чакан ишкерлер салыштырмалуу көп болгон. Биздин ишкерлер аларга барып сатып, алар бизден сатып алып калышты. Тажик менен өзбектер бизге келип, жалданып иштеп калышты. Бул биздин экономикадагы жетишкендигибиздин эң жакшы көрсөткүчтөрүнөн болгон.

Бирок, тилекке каршы, 2005-жылдан кийин кысымга алынып, бүгүн ошол жеке ишкерлер жана чакан орто бизнестердин саны кескин түрдө азайып кетти. Андан тышкары, эң маанилүү нерсе - бул жарандык коом уюмдары. Биз элдин көйгөйүн түшүнгүбүз келсе, анда биз бириккен жана биригип түзгөн уюмдарга көбүрөөк маани берип, бийлик ошол менен көбүрөөк кызматташканга аракет кылат эле, эгерде демократияга умтулуусу болсо. Бирок бүгүнкү күндө ошол уюмдарды кайра жоюп салганга, алардын үнүн кабыл албагандыктан алар өздөрүнөн өздөрү жоюлуп баратат.