"Кызымдын көзү жакшы көрбөй калды". Эмдөөдөн баш тарткан эненин өкүнүчү

Бишкектик Нурзат Касмамбетованын кызы кызамык менен ооругандан кийин көзү жакшы көрбөй калган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектик Нурзат Касмамбетованын кызы кызамык менен ооругандан кийин көзү жакшы көрбөй калган

Бишкек шаарынын тургуну Нурзат Касмамбетованын кызы эки жашар кезинде кызамык менен ооругандан кийин көзү жакшы көрбөй калган. Доктурлар буга эмдөөнү убагында албаганы себеп болгонун тастыкташкан. Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктан он бала чарчап калганы маалымдалган.

Учурда Касмамбетованын кызы төрт жашта. Ал такай көз айнек тагынып, беш ай сайын дарылануудан өтүп турат. Убагында эмдөөгө каршы болгон эне Би-Би-Сиге окуясын айтып берүүнү чечти.

"Кызым өлүп калабы деп корктум"

"Кызым ооруп калган күндү эстегим да келбейт. Абдан оор болгон. 22 күн ооруканада жатканбыз. Алгачкы беш күнүндө кызымдын дене табы көтөрүлүп, тамак, суу ичпей, бир гана доктурлардын тамчылатма дарысы менен жашаган. Ошол маалда кызым өзү бутуна тура алчу эмес. Ага чейин ойноп, чуркап эле жүргөн кызымды андай абалда көрүү мен үчүн абдан оор болгон. Бети-башы бозоруп, өңү жоголуп кеткенинен, кызым ушул бойдон өлүп калабы деп да коркуп жаттым", - деди Нурзат Касмамбетова.

Эненин айтымында, ооруканадан чыккандан кийин да наристе дароо мурдагы калыбына келе алган эмес. Жумушунан бир ай суранып, кызын үйдө бир ай өзү караган. Мурдагы ойноок, кыймылдуу кызы эми алы кетип, тез чарчай турган болуп калган. Арадан эки ай өтпөй кызы алысты жакшы көрбөй баштаганын байкаган.

Кызамык көрүүнүн начарлашына алып келет

Нурзат Касмамбетова убагында кызын эмдетпегенине өкүнөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурзат Касмамбетова убагында кызын эмдетпегенине өкүнөт

"Айыккандан кийин бала бакчага бердик. Кадимкидей эле барып жаткан. Бир күнү барсам, алыстан мени тааныган жок. Атын айтсам, анан кайрылып, чуркап келген. Кийин короодо балдар менен ойноп жүргөндө мен дүкөндөн келатканымды эки метр калганда гана көрүп жатты. Мындан улам, доктурларга кайрылууну чечтик", - дейт Нурзат Касмамбетова.

Доктурлардын текшерүүсү кыздын көрүүсү кызамыктын оор түрүн өткөргөндөн улам кескин төмөндөп кеткенин көрсөткөн. Учурда көз доктурлардын көрсөтмөсү менен эки же үч ай сайын көз айнегин алмаштырып, беш ай сайын дарылануудан өтүп жатышат.

"Убагында эмдөөдөн өткөргүлө, балдарыңардын ден соолугуна кам көргүлө"

"Биз эми дайым дарылануудан өтүп турушубуз керек. Себеби көздүн көрүү деңгээлин текшерип, ага жараша көз айнекти жаңылап турабыз. Доктурлар дарылануунун жардамы менен көрүүнүн төмөндөөсү токтошу керек деп айтышкан. Бирок токтой элек. Барган сайын төмөндөп эле баратат. Учурда баламдын көрүүсү -7,5, көз айнексиз жүрө албайт. Кызыбыз азыр күндү, жарыкты да карай албайт. Эртең менен ойгонгондо көзү көнгүчө терезелерди жаап, жарыкты күйгүзбөй турабыз. Көзүм ооруйт дейт. Биз бир жашка чейинки эмдөөлөрүн да албагандыктан кызамык эки эсе оор өттү окшойт. Мен эми башка ата-энелерге айтар элем, балдарыңарды убагында эмдөөдөн өткөргүлө, алардын ден соолугуна ымыркай кезинен кам көргүлө. Баш тарткандын [эмдөөдөн] кесепети жаман экен", - дейт эне.

Он бала кызамыктан чарчап калган

Кыргызстанда 2025-жылдын тогуз айынын ичинде кызамык илдетине чалдыккандардын жалпы саны тогуз миңден ашты. Алардын көбү бир жашка чейинки жана бир жаштан төрт жашка чейинки балдар. Ошондой эле тогуз жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр, чоңдор арасында да ооругандар бар. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Республикалык иммунопрофилактика борборунун адиси Айчүрөк Макилова билдирди.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун адиси Айчүрөк Макилова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Республикалык иммунопрофилактика борборунун адиси Айчүрөк Макилова

Анын айтымында, аталган ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр жана эмдөө курагына жете элек ымыркайлар болуп жатат.

"Тилекке каршы, жыл башынан бери кызамыкка кабылган он бала чарчап калды. Алардын баары эмдөөдөн өткөн эмес. Бул абдан кооптуу көрүнүш. Эмдөөдөн баш тарткандардын саны акыркы беш жылдан бери өсүп жатат. Алсак, 2020-2025-жылдар аралыгында алардын саны 20 миңден ашты. "Антиваксерлердин" (ред. Эмдөөдөн баш тарткандар) көбөйүүсү менен өлкөдө көптөн бери каттала элек көк жөтөл оорусу каттала баштады. Ошол эле кызамык токтобой келет, оор түрүнө чалдыгып, өлүм учурлары катталууда", - деди Макилова.

Доктурлар кызамыктын кесепети ден соолукка олуттуу таасир тийгизерин эскертип, коңгуроо кагып келишет. Бул оорунун оор түрү менен ооругандар пневмонияга чалдыгышы мүмкүн, көзүнүн көрүүсү начарлап, кулагы укпай калышы ыктымал, мээге да доо кетүү коркунучу дагы бар.

Бул боюнча түшүндүрүү иштери жетиштүүбү?

Жер-жерлерде үй-бүлөлүк ооруканалардын дарыгерлери ыктыярчылар менен биргеликте үймө-үй кыдырып, кызамыктын белгилери жана эмдөөнүн мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун кызматкери Салтанат Абдыжапарова өлкө боюнча 1000 ыктыярчы бул ишке көмөк көрсөткөнүн айтты.

Кызыл жарым ай коомунун кызматкери Салтанат Абдыжапарова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызыл жарым ай коомунун кызматкери Салтанат Абдыжапарова

"Кызыл ай коомунун кызматкерлери жана ыктыярчылары кызамык жана ага каршы эмдөө боюнча атайын окуудан өтүп, жер-жерлерге жөнөтүлдү. Алардын башкы максаты элге маалыматты так жана жалпак тилде жеткирүү менен элди бул ооруга каршы эмдөөгө үндөө болуп саналат. Бирок биз эч убак мажбурлабайбыз, болгону бизге министрликтин алдындагы борбордон окуп, алган маалыматты элге жайылтууну көздөйбүз", — деди Абдыжапарова.

Бишкектик педиатр Бактыгүл Кылычбекова эмдөөгө байланыштуу эл арасындагы түшүндүрүү иштери жетишсиз деп эсептейт.

Балдар дарыгери Бактыгүл Кылычбекова

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдар дарыгери Бактыгүл Кылычбекова

"Ооба, түшүндүрүү иштери болуп жатат. Бул бирок эффективдүүлүгү аз ыкма деп ойлойм. Себеби андай түшүндүрмөлөрдү көбүнчө ыктыярчылар жүргүзөт дагы, адамдар "макул" деп эле кутулуп кетишет. Негизги маселе доктурлардын өзүндө да болуп жатпайбы. Себеби ата-энелер эмдөөгө келгенде айрым медайымдар же доктурлар өзүлөрү "мен балдарыма эмдөө жасатпайм, вакцина зыян, билбейсиңби" деп айнытышат. Жөнөкөй адам болсо адиске көбүрөөк ишенет да. Кээде ата-энелер вакцинанын курамы жөнүндө суроо узатканда, айрым дарыгерлер жооп бере алышпайт. Көбү вакцина жөнүндө илимий маалыматтарды ийне-жибине чейин окуган эмес, ошондуктан так айта алышпайт. Анан бул бейтаптарда ого бетер күмөн жаратат. Ошондуктан вакцинациянын маанилүүлүгү тууралуу окууларды, түшүндүрүү иштерин биринчи медициналык кызматкерлер арасында жүргүзүш керек", - деди педиатр Кылычбекова.

"Шарият эмдөөгө каршы эмес"

Иммунопрофилактикалык борбордун билдиришинче, учурда өлкөдө календардык планга ылайык, жалпы 13 жугуштуу ооруга каршы эмдөө жасалат. Колдонулуп жаткан вакциналар Республикалык иммунопрофилактика борборундагы атайын кампаларда, муздаткычта сакталып, өлкөдөгү бардык бейтапканаларга таркатылат. Дарыгерлер вакциналардын мөөнөтүн, флакондордун сыртындагы термоиндикаторлорун текшерип турушат. Өлкөгө сырттан алынып келген вакциналардын бардыгы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сертификациясынан өтүп келишет.

Вакциналар атайын муздаткычтарда сакталат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вакциналар атайын муздаткычтарда сакталат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айрым ата-энелер балдарын диний көз караштан улам эмдетпей келишет. 2019-жылы Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен тыгыз иш алып барып, муфтият бул боюнча атайын фатва иштеп чыккан.

"Ошол фатвага дагы өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Жакында резолюцияга кол коюлгандан кийин фатва элге жарыяланат", - деп билдирди иммунопрофилактикалык борбордун врач-эпидемиологу Айчүрөк Макилова.

Буга чейин муфтият шарият эмдөөгө каршы эмес деген билдирүүлөрдү таратып, жер-жерлерде дин ишмерлери кызамыкка каршы вакцина алууга үндөөнү күчөтөрүн айтып келишкен.

Балдар дарыгери Бактыгүл Кылычбекованын айтымында, элде критикалык ой жүгүртүүнүн жоктугунан дагы эмдөөгө каршылардын саны арбып барат. Анын айтуусунда, интернетте маалымат көп, аларды иргеп пайдаланганды баары билбейт.

"Бирөө "эмдөө аутизмди козгойт" деп койсо эле ага ишенип, балдарын эмдетпей койгондор көп. Өзүн билими жок доктур, нутрицолог деп атап алышып, соцтармактарда түрдүү маалымат жайылткандар арбыды. Бул аракеттер дагы "антиваксерлердин" санынын көбөйүшүн шарттайт".

"Коллективдик иммунитет бузулду"

Кылычбекова ооруну бир гана вакцина менен алдын алса болорун баса белгилеп, эмдөөдөн өткөн бала кызамыкка чалдыкса дагы, жеңил формада өткөрөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле ал жамааттык иммунитетке доо кетип жатканына кейиди.

"Калктын 97-98% жок дегенде эки муун катары менен эмдөөдөн өтсө, анда биз ошол ооруну жеңдик деп айта алабыз. Мисалы, суу чечекке каршы (оспа) адамзаты эки муун эмделгенден кийин, аны жеңгенбиз. Биз бул көрсөткүчкө жетпей жатабыз. 90-жылдарда элдин 97% вакцина алган болсо, азыркы бул көрсөткүч төмөндөп, коллективдик иммунитет бузулду. Ошондуктан азыр бир жашка чейинки балдарга кызамык көп жугуп жатат, коллективдик иммунитет начар. Ымыркайлар жугуштуу ооруларга көп чалдыгып, оор түрү менен ооруп жатышат. Тилекке каршы, өлүмгө жеткен учурлар бар",--деди балдар дарыгери.

Кызамык аба аркылуу жуккан эң коркунучтуу оорулардын бири. Ал кадимки сасык тумоо сымал башталат. Адамдын дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, кийин териде кызыл исиркек же ыйлаакчалар пайда болот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, кызамык бир жылда 100 миңдей адамдын өмүрүн алып кетет жана алардын басымдуу бөлүгү балдар.